https://sputnik.kg/20260323/1100373962.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
КМШ алкагында 2026-жыл "Саламаттык сактоо жылы" деп жарыяланды. Ушуга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Мир" телеканалына берген... 23.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-23T08:59+0600
2026-03-23T08:59+0600
2026-03-23T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/17/1100373796_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_43c8e6b9a04cab6415f4c6a1bfd2fb82.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
КМШ алкагында 2026-жыл "Саламаттык сактоо жылы" деп жарыяланды. Ушуга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Мир" телеканалына берген маегинде өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин жетишсиздигин чечүү жана аларды колдоо чараларына токтолду. Касымалиевдин айтымында, буга чейин мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп, кадр маселеси бир топ чечилсе, эми кезек дарыгерлерге келди. "21-апрелден тарта социалдык чөйрө кызматкерлеринин, анын ичинде дарыгерлердин айлыгы орточо 100 пайызга жогорулайт. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жаш, стажы жок адистердин айлыгы 1,6-1,7 эсеге чейин өсөт. Бул үчүн бюджетте каражаттар толугу менен каралган", - деди ал. Ошондой эле минкаб башчысы белгилегендей, райондук өнүктүрүү фонддоруна аймактагы жаштарды медициналык окуу жайларда окутуп, чыгымдарын толук моюнга алуу тапшырмасы берилди. Окууну бүткөн адистер кайра өз районуна келип иштөөсү шарт. "Мындан тышкары, мурдагы "Жаш дарыгердин депозити" программасындагы "жаш" деген чектөө алып салынды. Эми бул программа "Дарыгердин депозити" деп аталып, бардык тийиштүү адистерге колдоо көрсөтүлөт", - деди ал. Минкаб төрагасы белгилегендей, бул чаралар алыскы райондордогу дарыгерлердин жетишсиздигин жоюуга жана медицина тармагынын деңгээлин көтөрүүгө багытталган.
Мамлекеттик органдарды өздөрүнө тиешелүү болгон аянтынын бош жерлерин ижарага берүүгө шыктандырган эреже сунушталды. Мамлекеттик мүлк агенттиги, мыйзам боюнча, мамлекеттик ишканалар жерди ижарага берсе ижара акысынын 70 пайызын өзүнө калтырса болорун эске салды. Анда бул каражат имаратты оңдоп-түзөөгө жумшалары айтылган, ал эми калган 30 пайызы бюджетке жөнөтүлөт. Анткен менен бул жерде бир маселе бар: адегенде ижарадан түшкөн акчанын баарын бюджетке жөнөтүү керек, андан кийин гана 70 пайызын кайтарып алса болот. Бирок практика жүзүндө бул нерсе ишке ашпай, каражаттын 100 пайызы мамлекеттик бюджетте калып кетүүдө. Мындан улам агенттик эрежени өзгөртүүнү сунуштап жатат. Мекеме ижаранын каражатын маморганга толугу менен калтырууну көздөөдө. Бул чечимден бюджет зыян тартпайт, анткени имараттарды жана анын айланасын оңдоп-түзөөгө, кароого кеткен чыгымдар азаят.
Кыргызстандын маданияты менен искусствосуна 50 жылдан ашык кызмат өтөп, эмгеги сиңген театр жана кино актеру Абдыкалык Акматовго Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы тапшырылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Күн мурун сыйлыкты президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев тапшырып, өлкө башчысынын жарлыгын окуп берди.
АКШ менен Израилдин агрессиясынан улам дүйнөдөгү авиакомпаниялар билеттердин баасын көтөрүшү мүмкүн экенин Financial Times басылмасына таянып, РИА Новости жазды. Басылманын эсебинде, 20 ири авиакомпания 53 миллиард долларлык чыгымга учурады. Авиакомпаниялардын жетекчилери мунайдын баасынын кымбатташы бир топ кесепеттерге алып келерин айтышкан. Алар Перс булуңундагы аба майдандардын ишинин үзгүлтүккө учурашына даттанып, учак байл
КМШ алкагында 2026-жыл "Саламаттык сактоо жылы" деп жарыяланды. Ушуга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Мир" телеканалына берген маегинде өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин жетишсиздигин чечүү жана аларды колдоо чараларына токтолду. Касымалиевдин айтымында, буга чейин мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп, кадр маселеси бир топ чечилсе, эми кезек дарыгерлерге келди. "21-апрелден тарта социалдык чөйрө кызматкерлеринин, анын ичинде дарыгерлердин айлыгы орточо 100 пайызга жогорулайт. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жаш, стажы жок адистердин айлыгы 1,6-1,7 эсеге чейин өсөт. Бул үчүн бюджетте каражаттар толугу менен каралган", - деди ал. Ошондой эле минкаб башчысы белгилегендей, райондук өнүктүрүү фонддоруна аймактагы жаштарды медициналык окуу жайларда окутуп, чыгымдарын толук моюнга алуу тапшырмасы берилди. Окууну бүткөн адистер кайра өз районуна келип иштөөсү шарт. "Мындан тышкары, мурдагы "Жаш дарыгердин депозити" программасындагы "жаш" деген чектөө алып салынды. Эми бул программа "Дарыгердин депозити" деп аталып, бардык тийиштүү адистерге колдоо көрсөтүлөт", - деди ал. Минкаб төрагасы белгилегендей, бул чаралар алыскы райондордогу дарыгерлердин жетишсиздигин жоюуга жана медицина тармагынын деңгээлин көтөрүүгө багытталган.Мамлекеттик органдарды өздөрүнө тиешелүү болгон аянтынын бош жерлерин ижарага берүүгө шыктандырган эреже сунушталды. Мамлекеттик мүлк агенттиги, мыйзам боюнча, мамлекеттик ишканалар жерди ижарага берсе ижара акысынын 70 пайызын өзүнө калтырса болорун эске салды. Анда бул каражат имаратты оңдоп-түзөөгө жумшалары айтылган, ал эми калган 30 пайызы бюджетке жөнөтүлөт. Анткен менен бул жерде бир маселе бар: адегенде ижарадан түшкөн акчанын баарын бюджетке жөнөтүү керек, андан кийин гана 70 пайызын кайтарып алса болот. Бирок практика жүзүндө бул нерсе ишке ашпай, каражаттын 100 пайызы мамлекеттик бюджетте калып кетүүдө. Мындан улам агенттик эрежени өзгөртүүнү сунуштап жатат. Мекеме ижаранын каражатын маморганга толугу менен калтырууну көздөөдө. Бул чечимден бюджет зыян тартпайт, анткени имараттарды жана анын айланасын оңдоп-түзөөгө, кароого кеткен чыгымдар азаят.Кыргызстандын маданияты менен искусствосуна 50 жылдан ашык кызмат өтөп, эмгеги сиңген театр жана кино актеру Абдыкалык Акматовго Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы тапшырылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Күн мурун сыйлыкты президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев тапшырып, өлкө башчысынын жарлыгын окуп берди.АКШ менен Израилдин агрессиясынан улам дүйнөдөгү авиакомпаниялар билеттердин баасын көтөрүшү мүмкүн экенин Financial Times басылмасына таянып, РИА Новости жазды. Басылманын эсебинде, 20 ири авиакомпания 53 миллиард долларлык чыгымга учурады. Авиакомпаниялардын жетекчилери мунайдын баасынын кымбатташы бир топ кесепеттерге алып келерин айтышкан. Алар Перс булуңундагы аба майдандардын ишинин үзгүлтүккө учурашына даттанып, учак байл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/17/1100373796_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e446071e9480de7957fa27c67c1fb6c9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио