00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
On air
08:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
2 мин
Будь в курсе
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргызстан көчмөн цивилизациясынын мураскору боло алабы?
09:02
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Документы, хроника и обвиняемые - историк о Нюрнбергском процессе и его уроках для современности
10:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 11:00
11:00
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баш оору: себептери, алдын алуу жана дарылоо жолдору кандай?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
"Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга шектелип кармалган төрт жаран 16-майга чейин №1 тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Буга чейин Ички иштер министрлиги "Кыргызнефтегаз" ишканасынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы А.Р., анын орун басары Н.Н. жана ага байланыштуу эки фирманын директорлору кармалганын билдирген. Инициалдарына караганда, алар Руслан Алтымышев, Назгүл Айдарова, Нургазы Нишанов жана Байгазы Матисаков экени айтылууда. Эске салсак, 16-мартта Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда ортомчу схемалар жана чийки затты шектүү эсептен чыгаруулардан улам ишкана болжол менен 4,18 миллиард сом зыян тартканы белгиленген. Ошондой эле бул схемаларга Ташиевдин туугандары, үй-бүлөсүнүн катышы бар экени айтылган.
Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева Кыргызстанда балдардын азыктарын жарнама кылууга тыюу салыш керек деген сунушту киргизди. Маалымат парламенттин сайтына жарыяланган. Ага эненин сүтүн алмаштыра турган азыктар, бөтөлкө, упчу жана тамактандыра турган башка продукциялар кирип калышы мүмкүн. Ашымбаева беш жашка чейинки бөбөктөрдүн тамактануусу бузулганы боюнча маселе курч турганын, бул нерсе кичинекейлердин ден соолугуна терс таасирин тийгизерин айткан. Парламентарий эң жакшысы жана чыгым аз кете турган жол — баланы эмизүү экенин белгилеп, бөбөктөрдүн тамагын жарнамалоо жогорудагы көйгөйгө алып келүүдө деген оюн билдирген. Былтыр май айында ал кездеги депутат Айсулуу Мамашова ушул сындуу мыйзам сунуштап, алты айга чейинки бөбөктөргө берилчү азыктарды рекламалоону чектөө зарылдыгын айткан эле.
Кыргызстанда жолдо жаңжалдашкан айдоочуларга айып пул салуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев демилгелеген мыйзам долбоору 19-мартта коомдук талкууга коюлду. Документке ылайык, Укук бузуулар кодексине толуктоо киргизилет. Анда жолдо мушташкан же агрессивдүү аракеттерди жасаган айдоочуларга 10 миң сом айып салуу каралууда. Эгер бир жыл ичинде кайра кайталанса, айдоочулук укугунан жарым жылга ажыратылат. Демилгечи бул мыйзам долбоору жол кыймылы коопсуздугун жогорулатуу жана айдоочулардын жүрүм-турум маданиятын жакшыртуу максатында иштелип чыкканын белгилеген.
Айыл чарба министрлиги жугуштуу оору жайылган өлкөлөрдөн мал жана мал чарба продукцияларын импорттоого убактылуу чектөө киргизилип жатканын кабарлады. Маалыматта ветеринардык-санитардык көзөмөл күчөтүлгөнү айтылат. Мындан улам жугуштуу ылаң катталган өлкөлөр же аймактардагы эпизоотиялык кырдаалга баа берилип, ал жактардан ташылчу мал жандыктарын жана алардан алынган продукцияларды өлкө аймагына алып кирүүгө тыюу салынат. Бул чаралар өлкөдө эпизоотиялык туруктуулукту сактоого, калктын саламаттыгын жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0