Жашоодо адашпаш үчүн гид болчу адам керек. Шевченконун мотивация берген маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко
Кыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жазылуу
Кыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине көл жээгинде эксклюзивдүү интервью берди. Аны менен шеф-редактор Эркин Алымбеков маектешкен.
Өлкөнүн сыймыктуу кызы мекенине 21-ноябрда келди. Валентина Бишкекте маалымат жыйын куруп, күйөрмандары менен жолугушуп, президент Садыр Жапаров менен кезиккен.
Чемпион кыз Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылындагы пансионаттардын биринде эс алып жүргөн маалда интервью алдык. Валентина элинин колдоосу кандай дем-күч берерин, Голливуд жылдызы Холли Беррини Ысык-Көлгө чакыруу ою бар экенин, спорттогу жана кино жаатындагы кадамдары, ошондой эле адамды шыктандырчу ойлору менен бөлүштү.
— Маектешүүгө макул болгонуңузга ыраазычылык билдиребиз. Бул сиз жеткен ийгиликтердин арты эмес экенине, багындыра турчу бийиктиктер дагы бар экенине ишенебиз.
— Албетте, багынта турчу бийиктиктер дайым бар.
— Сиз Кыргызстанга чанда келесиз. Мында үч-төрт жума жүрөм деп жатасыз?
— Бир нече жума жүрөйүн деп жатам. 2019-жылы бир жумага эле келгенбиз. Бир нерсе көрүүгө жетишкен жокмун. Албетте, азыр убакыт көп кезде жөн гана сейилдеп, атмосфераны сезип, аба жутуп... Мен ушул нерселерден энергия топтойм. Бул жыл да аяктап барат, 2022-жылга жаңы дем менен кирүүгө шык берүүдө.
— Бул жер гана эмес, адамдар да күч-кубат берсе керек?
— Бардык нерсе энергия берет. Жер, адамдар... анткени элимден, ар бир жолуккан адамдан сезген жылуулукту сөз менен сүрөттөп берүү мүмкүн эмес. Жагымдуу жолугушуулар, айтылган жакшы сөздөр чоң мотивация берет. Беттештерге чыгып ийгилик жаратып, желегибизди бийик көтөргүң келет. Мындай нерселердин мааниси чоң.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко: элимден, ар бир жолуккан адамдан сезген жылуулукту сөз менен сүрөттөп берүү мүмкүн эмес. Жагымдуу жолугушуулар, айтылган жакшы сөздөр чоң мотивация берет
Интервью чемпионки UFC Валентины Шевченко на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко: элимден, ар бир жолуккан адамдан сезген жылуулукту сөз менен сүрөттөп берүү мүмкүн эмес. Жагымдуу жолугушуулар, айтылган жакшы сөздөр чоң мотивация берет
— Маалымат жыйында добуш бере алам деп айттыңыз, бул шайлоо алдында эле. Бирок азыр мен саясат тууралуу сурабайм. Кааласаңыз бул суроого жооп бербей деле койсоңуз болот. Сиз дагы деле Кыргызстандын жаранысызбы, паспортуңуз барбы?
— Мен Кыргызстандын жаранымын.
— Жакшы, муну калтырып койсом болот го?
— Ооба.
— Кандай пландарыңыз бар бул жакта? Балким мурда жолуга албай же бүтүрө албай жүргөн иштериңиз бардыр.
— Жасай турчу чоң иштер деле жок. Азыр үйдө болгум келип жатат, үй-бүлөм менен убакыт өткөрүп, көптөн бери көрүшө элек апам менен отуруп дегендей. Машыгып, апамдын окуучулары менен да машыгууларды өткөрүп, тажрыйбам, техникам менен бөлүшүп, спортчуларыбыз ийгиликке жетиши үчүн билгендеримди айтып-үйрөтсөмбү дейм. Ысык-Көлгө келүүнү абдан эңсеген болчумун. Бир азга келип, бирөө менен жолугуп кетип эмес, албетте, анткени мындай сапарлар көп эсте калбайт. Эс алууну тынч өткөрүп, шашпай сейилдеп, абаны кере жутуп, көлдүн шарпылдаган толкундарын уксам дейм. Бүгүн аба ырайы сонун болуп турат, күн ачык. Жылдын акыркы айындай эмес, болбосо декабрь айы. Жомоктогудай эле жүрөм.
— Холли Берри менен тартылган кино тууралуу сүйлөшсөк. Тасманы көрүп чыктым, жогорку деңгээлде тартылган, сизди көрүп кубандым. Баса, сиз экрандагыга караганда жашоодо алда канча жакшынакай экенсиз, бул аураңыз менен байланыштуубу, билбейм. Оскар сыйлыгынын ээси, Голливуд жылдызы чакырганда кандай сезимде болдуңуз?
— Бизге чакыруу келгенден кийин ал мени менен өзү байланышты. Биз ал убакта Австралияда болчубуз, саякаттап жүргөнүбүзгө бир ай болгон. Машыктыруучум Павел Федотов менен бир нече шаарды кыдырганбыз. Холли мага чалып, кандай тасма экенин, эмнени көрсөткүсү келерин айтты. Мен макулдугумду бериш керекпи же жокпу деп ойлонгон да жокмун.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко: мен Кыргызстандын жаранымын
Интервью чемпионки UFC Валентины Шевченко на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко: мен Кыргызстандын жаранымын
— Сизге түз эле телефон аркылуу байланыштыбы?
— Менеджер аркылуу тапкан. Андан кийин дайым байланышта болуп турдук. Жүз көрүшүп сүйлөшүп, тасманы талкууладык. Тартуу иши оңой эмес, беттешкен учурду бир жумада эле тартып койгон жокпуз, ага даярдык керек болду. Нью-Йорктун Манхеттенинде эки ай ичинде таңкы жетиден баштап түшкү бирге чейин машыгып жаттык. Ал көрөрмандарга октагондогу чыныгы кармашты, техниканы сездиргиси келди. Холли уруш өнөрүнөн алыс адам эмес, бул беттешке үч жыл даярданган. Бокс, тайбокс, грэпплинг менен машыккан. Ролду ийнине жеткире ойноо үчүн даярдануу керектигин түшүнгөн. Биринчиден, кармаштын техникасын өздөштүргөн экен, экинчиден, дене түзүлүшүн мушкерлердикиндей кылган.
— Тасманын башында Холли Берри кийинип жатканда баласы телефонго тартат эмеспи. Анын денеси мушкердикин элестеткен жок, толугураактай көрүндү. Бул монтаж эмеспи? Же ага чейин жана андан кийин кылып тартышканбы?
— Тасма тартууну экөөбүздүн беттешүүбүздөн баштаганбыз. Жогоруда айтып кеткендей, эки ай даярдандык. Анан ошол нерсенин кызуусу тарап кете электе кармашууну тартып салалы дедик. Беттешкен учурду тартуу иштери аяктагандан кийин кайра толуп кетсе керек. Ошондуктан эки башка көрүнүп калган окшойт.
Группалашынын кеңеши, белектер. Шевченконун күйөрмандары менен жолуккан видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Группалашынын кеңеши, белектер. Шевченконун күйөрмандары менен жолуккан видеосу
— Холли Берри дүйнөдөгү беделдүү UFC уюмунда каршылаштарына эч эле мүмкүнчүлүк бербеген атактуу мушкерди тасмага тартылууга чакырып таң калдыра алдыбы?
— Таң калган деле жокмун. Албетте, абдан жагымдуу болду. Холли менен сүйлөшүү... ал жан дүйнөсү кенен адам, баарлашкан жагат, абдан ак көңүл, бардык нерсени көрүп, байкап турат. Анын жанынан адам өзүн ыңгайсыз сезбейт. Экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнүп, достошо алдык. Мени курбум деп айтканына сүйүнөм. Дос десе эле күндө жазышып, көрүшүү эмес, кээ бирде жөн гана досуң бар экенине сүйүнөсүң. Бизди жумуш, достук гана эмес, ММА, уруш өнөрү байланыштырат.
— Кыргызстан тууралуу айтып бердиңизби? Каяктан экениңизди дегендей?
— Ал баарын билет. Менден кызыгып сураган.
— Ысык-Көлгө чакырайын деген ойлоруңуз барбы?
— Эмнеге болбосун. Кыргызстандын табияты кайталангыс, көлүбүз керемет эмеспи. Өзү да жаратылышка жакын, өлкөбүздү абдан жактырса керек.
— Киного кайтсак, бул жаатта карьераңызды улантасызбы? Машыктыруучуңуз Павел 90-жылдары спортчулар тууралуу "Айлуу жол" аттуу тасма тарткан эле, бул тармактан алыс эмессиздер дегеним.
— Мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөм. Кесибим кинорежиссёр. Албетте, мурун мындай пландар болгон, азыр эле ойлоно калган жокпуз. Бирок беттештерге чыгып жүргөн кесипкөй мушкерде приоритет болушу зарыл. Азыр менин спорттук карьерам биринчи орунда турат. Биз жасаган нерсе кыйын, беттештерге даярдануу оор, андагы эмоцияны кармап жүрүү татаал. Бул көп энергияны талап кылат, сен кылып аткан ишиңе өзүңдү арнашың керек. Бирок турнирлердин аралыгында тыныгуулар бар, ошол убакта тартылып турса болот.
— Балким, бул суроо ашыкчадыр... Спорттук карьераңыздан кийин эмне менен алектенүүнү ойлоп жатасыз? Же болбосо UFC уюмунда дагы кандай бийиктиктерди багындыруу оюңуз бар? Биз сиздин салмагыңызда татыктуу атаандаш көрбөй жатабыз, балким, башка салмакка өтүп, жаңы чемпиондук курга жетүү планыңыз бардыр?
UFC мушкери Рафаэль Физиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Эмоцияга алдырды. Валентина Шевченко Рафаэль Физиев тууралуу оюн айтты
— Көбү ушуга кызыгат. Эгер бирөө чемпион болуп, ийгиликке жетсе баары "качан карьераңызды аяктайын деп жатасыз, андан кийин эмне менен алектенүүнү ойлоп жатасыз" дешет. Адамдар алыскы нерсени ойлошот. Мен али өзүм билбеген, өтө алыскы нерселерге карап иш кылбайм. Анткени сен өзүңө чек коюп алсаң, чектеле бересиң. Ушунча жашта спорттон кетем, наамымды ушунча жолу коргойм десең, сен анда өзүң карьераңды жыйынтыктоого бараткан болосуң. Мен антпей дагы эмне кыла аларымды, акыл-эсим, күчүм дагы кандай нерселерди жасай аларын билгим келет. Азыр эң башкысы — жакшы формада болуп, ден соолукка кам көрүп, кылып жаткан ишиңди сүйүп, ар бир учурдан ырахат алуу керек. Эгерде сен ишиңди сүйүп, ысык-суугуна чыдасаң эч нерсе тоскоол боло албайт. Мага ушул нерсе маанилүү. Карьерамды качан аяктаарымды, андан кийин эмне менен алектенүүнү ойлоно да элекмин. Жадагалса мындай суроолорду кабыл да албайм.
— Азыр философиялык ойду айттыңыз. Бүгүнкү күн менен жашоо керек, эртең эмне болорун билбейбиз деген маанини бердиңиз окшойт.
— Бүгүнкү күн менен жашап, эртеңкини ойлобош керек дегенден алысмын. Сен ар бир учурду баалашың керек, туурабы? Жөн гана күндөрдү өткөрө бербей өсүп-өнүгүп, дайыма бир нерселерди үйрөнүшүң керек. Балким көптөн бери кызыгып, бирок убакыт таппай жүргөн нерселер бардыр. Маселен, тил үйрөнгүң келет же учак айдагың келет. Сен аны жасай аласың, ок атканды үйрөнө аласың, ат мине аласың, кайыкта сүзө аласың... Чындыгында өздөштүрө турчу көп нерсе бар. Маселен, менин эжем учкуч, ал учакты башкарат, биринчи лейтенант наамы бар. Азыр экзамен тапшырып жатат. Бул нерселерди көптө үйрөнөсүң. Өзүңдү өнүктүрүү бир күндө эле бүтүп калбайт, күн сайын кылып жаткан нерсеңди жакшыртууну ойлойсуң. Мындайча айтканда, бүгүнкү күндөн ырахат алуу керек жана эртеңки күн бар экенин унутпоо зарыл.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко: Холли менен сүйлөшүү... ал жан дүйнөсү кенен адам, баарлашкан жагат, абдан ак көңүл, бардык нерсени көрүп, байкап турат. Анын жанынан адам өзүн ыңгайсыз сезбейт. Экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнүп, достошо алдык
Интервью чемпионки UFC Валентины Шевченко на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко: Холли менен сүйлөшүү... ал жан дүйнөсү кенен адам, баарлашкан жагат, абдан ак көңүл, бардык нерсени көрүп, байкап турат. Анын жанынан адам өзүн ыңгайсыз сезбейт. Экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнүп, достошо алдык
— Көбү келечек тууралуу ойлонуп, тынчсызданат, болуп өткөн нерселерге өкүнөт, анан азыркы учурду унутуп коюшат. Сизде андай эмес экен да?
— Ошондой окшойт.
— Жаркырап турасыз. Кыргызстанда сизди "сары кыз" дешет.
— Кечээ дагы бир ат беришти. Мени "алтын кыз" дешти.
— Алтындын маанисин билесиз да?
— Ооба, билем.
— Сиздин чачыңыз сары болгону үчүн эле жаркырап турбайсыз, бул нерсе жан дүйнөңүздөн чыгып тургандай. Бактылуусузбу деген суроону бергим келди?
— Ооба, эмнеге болбосун. Менимче, бакыт бул адамдын башындагы нерсе деп ойлойм. Ал айланадан же бир нерселерден көз каранды эмес. Бактылуулук биздин жашообузга болгон маанайыбыздан, анан башыбыздагы нерселерден көз каранды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров UFC чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жапаров Шевченконун энесине шырдак, машыктыруучусуна жаа берген. Сүрөт
— Адамдын үйү, унаасы жок болсо дагы бактылуу боло алабы?
— Үй, унаа, акча сыяктуу нерселер жашоону жеңилдетет. Кээде үч саат суукта автобус күтүп тургандан көрө, унааң менен 15 мүнөттө барчу жериңе жетесиң. Мындайда кымбат унаабы, арзанбы айырмасы жок, башкысы ал нерсе сиздин жашооңузду жеңилдетип жатат. Эгерде жолго аз убакыт коротсоңуз башка иштерди бүткөрүүгө убакыт табасыз дегеним. Булар жөн гана жашоонун сапатын жакшырта турчу нерселер.
— Туура. Беттештер тууралуу сурасам, атаандаштар менен көз караштар таймашы болуп жатканда жеңериңизди сезип койгон учурлар болобу? Маселен, сумочулар биринчи көз карашы менен таймашып, андан кийин беттешет эмеспи.
— UFC уюмундагы мушкерлердин деңгээли такыр башка. Балким, көз караштар таймашы жаңы чыгып жаткан спортчуларга таасир этеттир. Жогорку деңгээлдеги мушкер менен кез келип жаткандан кийин тиктешүү деле жеңүүгө жардам бербейт. Бул көрүүчүлөр үчүн кызык. Бирок көз карашың менен эл аралык аренадагы спортчуну ута албайсың, анткени экөөң тең жеңем деп турасың. Азыр биз такыр башка деңгээлдеги спортчулар тууралуу айтып жатабыз.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко: менин жеңишим бул биздин жалпы ийгилик, мен үчүн элибиздин колдоосу маанилүү
Интервью чемпионки UFC Валентины Шевченко на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко: менин жеңишим бул биздин жалпы ийгилик, мен үчүн элибиздин колдоосу маанилүү
— Өзүңдү жеңишке кантип даярдашың керек? Балким, психологдун жардамы зарылдыр? Психолог менен отурган мушкерди элестетип кеттим азыр...
— Билбейм, ар бир адам кайсы учурда жакшы беттешерин өзү билиши керек го. Ар кимдики ар кандай да. Кийинүүчү бөлмөдөн кармаш алдында машыгып жатып түрдүү спортчуларды көрөсүң. Айрымдар алаксуу үчүн сүйлөшүп, күлүп, тамашалашат. Кээ бирлери, тескерисинче, сүйлөшпөй, ой топтоп отурушат. Бул адамдын өзүнө байланыштуу нерсе, жеңүүгө умтулуу үчүн кармана турган так бир нерсе жок. Тажрыйбанын арты менен келет. Турнирлерге канчалык көп чыккан сайын, ошончолук өзүңдү түшүнүп, билип баштайсың.
— Биздин байкашыбызча октагонго чыкканда сүйлөшкөндү көп жактыра бербейсиз?
— Азыр спортчулар беттештен ырахат алуу керек деген нерсени карманып калышпадыбы. Күлүп, жылмайып дегендей. Мен үчүн беттеш деген беттеш. Бул олуттуу жана жоопкерчиликтүү маал. Жылмайып жатып сен кайсы бир учурларды байкабай калышың мүмкүн. Өтө сезимтал болушуң керек, көз кырынан кетирбей байкоо үчүн оюм бир жерде болгону туура. Ооба, бирөө менен сүйлөшкөн жакпайт, мен күлбөйм. Азыр бир учур эсиме түштү, тайбокс боюнча дүйнө чемпионатында бир күн беттешип, эртеси эс алып, анан кайра беттешкен күндөр болду. 10 күнгө созулган. Финалдык беттеште жеңишке жеткенден кийин эмоциям чыгып, күлө баштадым. Ошондо курбуларым "Валентина, сен дагы күлгөндү билет экенсиң, ээ?" дешкен.
Валентина Шевченко, жаңырган кара жорго жана көлдөгү машыгуу. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Валентина Шевченко, жаңырган "кара жорго" жана көлдөгү машыгуу. Видео
— Сиздин нокдаунга же нокаутка учураганыңызды көргөн эмеспиз. Машыгууларда же спаррингдерде болду беле?
— Залда машыгууда коргоочу жабдыктарды колдоносуң, бирок машыгуу деле оңой эмес, кээде кулап калган учурлар болот.
— Ийгиликке жетишиңиз боюнча сурасам. Бийиктиктерди багындырдыңыз, он беш жыл мурун маектериңизди окуп, карьераңызга көз салып баштадым. Андан кийин тайбокс боюнча ийгиликтерди багындыруу үчүн Таиландга кеттиңиз. Сиздин жолуңуз бардыгына үлгү экени сезилеби? 
— Келечекте дүйнөлүк аренадан көп спортчуну көрөбүз деп ишенем. Азыр мушкерлер эл аралык уюмдарда күч сынашууда. Бардыгын жасаса болот, башкысы максат коюп, ошого жете билүү керек. Мен, Антонина, Павел басып өткөн жол оор болду. Азыр технологиянын заманында социалдык тармактар сени мушкер же бир чөйрөнүн өкүлү катары таанытканга жардам берет. Матчмейкерлер соцтармактан сенин потенциалыңды көрсө байланышат. Ошондуктан азыр заман жакшы. Адам өзүн интернет аркылуу көрсөтүп, каалаган промоушенине кире алат. Биз басып өткөн жолго караганда азыр оңоюраак десем болот. Мүмкүнчүлүктөр бар кезде алдыга умтулуп, максаттарга токтобой умтулуу керек.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко: Кыргызстанда төрөлүп, тарбияландым. Ар бир саякатта эл-жерди, каада-салтты, маданиятты көрүп, жакшы нерселерин өзүмө алганга аракет жасайм
Интервью чемпионки UFC Валентины Шевченко на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко: Кыргызстанда төрөлүп, тарбияландым. Ар бир саякатта эл-жерди, каада-салтты, маданиятты көрүп, жакшы нерселерин өзүмө алганга аракет жасайм
— Сиз кыргызстандыктар да чоң ийгиликтерге жетишине кандайдыр бир көмөк көрсөтө аласызбы? Мисалы, академия ачып дегендей.
— Ооба, түшүнөм. Азыр Тайбокс федерациясы бар, президенти апам Елена Шевченко. Окуучулары көп, Азия чемпионатынын байге ээлери. Аралаш мушташ боюнча WEF — Кулатуу федерациясы бар, башкы машыктыруучусу Эмил Токтогонов, анын да окуучулары арбын. Мындайча айтканда, мунун баары бар, иштеп жатат. Мушкерлер күн сайын өсүп, максаттарына жетүүдө. Эгер жеке зал тууралуу айта турган болсок, бул нерсенин баары көңүлдү, энергияны талап кылат. Мен бир нерсени жакшы ойлонуп, өзүмдү кошо арнап, майын чыгарып жасайм. Азыр спорттук карьерам биринчи орунда. Спорттук залды ат берүү үчүн эле ачып коюп, өзүм барып турбасам болбой калат го. Убагы келгенде тажрыйбам менен бөлүшөрмүн. 
— Валя, айтсаңыз, сиз өзүңүздө жакпаган нерсе барбы, кемчиликтер балким?
— Билбейм... ар бирибизде эле оңдой турчу нерселер болсо керек. Өзүмө бардык нерсем жагат, келбетим өзүмө жарашыктуу эле деп ойлойм. Айрым кыздар идеалдуу болууга аракет кыла берерин билем, сулуулуктун аркасынан кубалашат. Албетте, өзгөрүлүш да керек, бирок өтө басым жасоонун зарылдыгы жок го. 
— Бул туура, бактылуу адам өзү тууралуу ушундай пикирде болушу керек. Ушул тууралуу окурмандарга да кенен ой бөлүшө кетпейсизби, балким, кеңеш уккусу келгендер бардыр.
— Өзүң менен иштөө боюнча кошумчалай кетейин анда. Ооба, киши өзүнө жакпаган учурлар болот, бирок бул адам иштеп калыпка сала ала турган нерсе да. Ал дене тарбияга же интеллектиге байланыштуу болушу мүмкүн. Маселен, бирөөгө билиминин жетишсиздиги жакпайт, демек, ал китеп окушу керек. Анын айынан бир нерсени түшүнбөй же ыңгайсыз учурга туш болуп, тажрыйбасы жетпей калышы ыктымал. Же болбосо адам өмүр бою унаа айдайт, Таиландга келсе ал жактагылар мотомайк айдашат. Билбейм деп отурбай үйрөнүп алса болот да. Көлгө барып кайык менен сүзгөндү билбей калса, аны да өздөштүрсө болот. Кыздар менен балдарда келбети жакпаса спорт залга барышы керек. Өзгөчө кыздар боёнуп эле тим болбостон, машыгып, дене-боюна кам көргөнү жакшы. Өзүбүз негизи жакшынакай төрөлөбүз, анан өзүбүздү өнүктүрүү үчүн изденип, билим алып турууну унутпашыбыз керек.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко: мага бала кезден берилген принциптер бар. Мисалы, жакшы адам болуу, сөзүңө туруу, жоопкерчиликтүү болуу деген сапаттарды, албетте, мен бул жактан — Кыргызстандан алгам
Интервью чемпионки UFC Валентины Шевченко на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко: мага бала кезден берилген принциптер бар. Мисалы, жакшы адам болуу, сөзүңө туруу, жоопкерчиликтүү болуу деген сапаттарды, албетте, мен бул жактан — Кыргызстандан алгам
— Анан өзүңдү жоготпош керек?
— Өзүңдү жоготпоо... менимче, бул эң кыйын. Багыттар, жолдор көп, биринин артынан баратып экинчисине кетип калышың мүмкүн. Ошондуктан сага гид болчу адам керек. Андай адамың бар болсо жакшы. Жаштар улуулардын кеңешин укканы туура, анткени аларда тажрыйба бар. Алар өз жолун басып өтүп, эмнелерден ката кетерин билишет. Азыр жаңы агым пайда болду, өзгөчө чет мамлекетте ата-энелер балдарына бир нерсени мажбурлап үйрөтпөйм, кыйнап кылдырбайм дешет. Мен муну туура эмес деп ойлойм. Ата-эне баланын билим-тарбиясына кичинекей кезинен көңүл бурушу керек. Ошондо бала чоңойгондо өзүнүн жолун оңой табат. Балдарды спорттук секцияларга, музыкалык ийримдерге алып барып өнүктүрсө дейм. Анан бала 13-14 жашында ким болорун билип калат.
— Билимиңди жогорулатуу менен ишенимдүү жана бекем боло алат экенсиң да?
— Сөзсүз. Салыштыруу катары айтсак, ММА мушкери универсалдуу адам. Боксташат, колу менен да, буту менен да жакшы беттешет. Чыканак, тизе менен иштей алат, тайбоксчу сыяктуу клинчке кирет, партерде күрөшөт, мындай мушкер беттеште өзүн дайым ишенимдүү алып жүрөт. Анткени ММА мушкери ар тараптуу спортчу. Ошол эле сыяктуу жөнөкөй адам канчалык көп билсе, ошончолук көп нерсе алат жана өзүн ишенимдүү сезет. Апам эжем экөөбүз уруш өнөрү менен алектенип баштаганда назик болушубуз үчүн бийге берген. Мен ошон үчүн беттешип да, бийлеп да келгем. Бий боюнча машыктыруучум Юрий Дмитриевич деген киши болчу, андан цыган бийи менен лезгинканы өздөштүрдүм. Кыргызстанда бир дагы той, майрам бийсиз, лезгинкасыз өтпөйт эмеспи. Ошондуктан элдин ичинде болгону үчүн үйрөндүм.
Премьера фильма Удары в США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Шевченко менен Холли Берринин "мушташы". Кинонун бет ачарынын видеосу
— Кыргызстандыктарга, балким, кайрыла кетерсиз, айта турчу нерселериңиз бардыр.
— Мен ар бир беттешимдин аягында кыргызстандыктарга кайрылам. Жеңишимден кийин бул биздин жалпы ийгилик экенин айтам, мен үчүн элибиздин колдоосу маанилүү. Мекениме келгенде чындап сүйүнүшөт. Себеби менин ийгилигим — алардын ийгилиги, жеңиш жалпыбыздыкы.
— Сиздин социалдык тармак аркылуу колдооңуз, Кыргызстандын желеги менен жүктөгөн сүрөтүңүз жалпыбызга колдоо берип келет. Баракчаңызды өзүңүз жүргүзөсүзбү?
— Мен өзүм отурам. Башында баракчамды жүргүзүп жүргөн адамдар болгон, андан кийин өзүм эле караганым жакшы экенин түшүндүм. Анткени баракчамда өзүмдү ачык көрсөткүм келет. Мен ал жакка өзүмө жакын эмес сүрөттөрдү, постторду жүктөбөйм. Комментарийлерди окуганга аракет кылам. Кээде машыгууларга байланыштуу жетишпей калам, саякатка дагы көп чыгабыз, жаңы нерселерди үйрөнгөнгө аракет кылам.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

— Кыргызстанда өсүп-чоңойгонуңуз жана бул жактан көргөн каада-салттар азыркы жашооңузга таасирин тийгизеби?
— Мага бала кезден берилген принциптер бар. Мисалы, жакшы адам болуу, сөзүңө туруу, жоопкерчиликтүү болуу деген сапаттарды, албетте, мен бул жактан — Кыргызстандан алгам. Ушул жакта төрөлүп, тарбияландым. Ар бир саякатта эл-жерди, каада-салтты, маданиятты көрүп, жакшы нерселерин өзүмө алганга аракет жасайм. Ооба. алар адамды өзгөртөт, ал дагы керек, адам бир орунда туруп калбашы керек. Мен өзүмдө жаңы нерсени көрбөй калсам, анда өсүү токтоду деп түшүнүү керек. Адам дем алып, жашоосу өтүп жаткандан кийин өсүүгө умтулушу керек. 
— Валя, маек бергениңизге чоң рахмат, маектешүү абдан кызыктуу болду. Биз үчүн бул сыймык.
— Рахмат!
Жаңылыктар түрмөгү
0