Кыргызстан FIFA уюмунун жаңыланган рейтингинде эки сапка көтөрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын улуттук курама командасы. Архив
Кыргызстандын улуттук курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Улуттук команда учурда жалпы Азия чөлкөмүндө 16-сапта турат, ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен тизмеде экинчи катарды ээлейт.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстандын улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) жаңыланган рейтингинде эки сапка жогорулап, 96-орунга жайгашты. Бул тууралуу өлкөнүн Футболдук союзу билдирди.
Сентябрдагы тизмеде Александр Крестининдин командасы рейтингде 98-орунда болчу. Улуттук курама команда мурдагы эле 1230 упайы менен турат. Кошумча упай алган эмес.
Рейтингди мурдагыдай эле Бельгия курама командасы баштап келет. Бразилия экинчи сапта. Ал эми Франция үчүнчү орунга көтөрүлдү.
Евро-2020 чемпионатынын финалисттери Италия жана Англия курама командалары алдыңкы бештикке кирди.
Эл аралык футбол федерациясынын калысы Нурдин Букуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Радио
Букуев: бешинчи ирет дүйнө чемпионатына катышсамбы деген кыялым бар
Азия боюнча Иран алдыда турат (дүйнөлүк рейтингде 22-орун). Андан кийин Япония (28), Австралия (34), Түштүк Корея (35) жана Катар (46) бар. Өткөн айдагы көрсөткүчтөн эч кандай өзгөрүү жок.
Ал эми Борбордук Азиядагы рейтингди Өзбекстан курама командасы жетектөөдө (дүйнөлүк рейтингде 84-орун). Андан кийинки сапта Кыргызстан (96), Тажикстан (114), Казакстан (125) жана Түркмөнстан (131) жайгашты.
Эскертүү: Казакстандын курама командасы Азия футбол конфедерациясынын (АФК) аймагына эмес, Европа футбол ассоциацияларынын союзуна (UEFA) кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0