БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Алимардан Абдыкааров OPEN FC лигасынын алгачкы Гран-при мелдешинде чемпион болду. Спортчу октагондо Кыргызстандын желегин желбиреткен видеосун аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Абдыкааров мелдештин финалында армениялык Айк Казарянды үчүнчү раундда нокаут кетирип утту. Кыргызстандык атлет чемпиондук курду тагынып, бир миллион рубль акчалай сыйлык алды.
Жеңиштин видеосун бир катар жергиликтүү спорттук пабликтер чыгарышты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Кадрдан көрүнүп тургандай, кыргызстандык мушкер атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк берген эмес. Аны жыга чаап жерге сулатып, дагы кошумча соккуларды жаадырган маалда калыс беттешти токтотууга аргасыз болгон.
Уюмдун эң жеңил салмак категориясында ат салышкан Абдыкааров буга чейин жарым финалда бразилиялык Матеус Сантосту нокаутка кетирип уткан.
Ал эми чейрек финалда азербайжандык тажрыйбалуу атлет Эльнар Ибрагимов менен октагонго чыгып, экинчи раундда сулата соккон.
OPEN FC лигасынын Гран-при мелдеши кечээ, 14-августта, Бишектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү.