https://sputnik.kg/20210613/alimardan-abdykaarov-open-fc-gran-pri-meldesh-final-video-1052847879.html
Баш көтөртпөй... Абдыкааров OPEN FC Гран-при мелдешинин финалына чыккан видео
Баш көтөртпөй... Абдыкааров OPEN FC Гран-при мелдешинин финалына чыккан видео
Sputnik Кыргызстан
Беттеш кечээ, 12-июнда, Россиянын Жигулевск шаарында өткөн OPEN FC 5 мелдешинин алкагында болду. Кыргыз мушкеринин кубаттуу соккуларынан кийин калыс беттешти... 13.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-13T12:11+0600
2021-06-13T12:11+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
спорт
мма
open fc
гран-при
жеңиш
нокаут
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/07/1050348456_0:200:3072:1928_1920x0_80_0_0_34a14c3917cee5e0bc67a828dc25336e.jpg
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Алимардан Абдыкааров OPEN FC уюмунун Гран-при мелдешинин финалына чыкты. Маалыматты менеджери Марат Бекмуратов өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды. Эми Гран-принин финалы Кыргызстанда өтүп калышы мүмкүн.Уюмдун эң жеңил салмак категориясында ат салышкан Абдыкааров финалда бразилиялык Матеус Сантосту нокаутка кетирип утту. Беттеш кечээ, 12-июнда, Россиянын Жигулевск шаарында өткөн OPEN FC 5 мелдешинин алкагында болду. Кыргыз мушкеринин кубаттуу соккуларынан кийин калыс беттешти токтотту.Бир катар жергиликтүү спорттук пабликтер беттештин кыскача видеосун жарыялашты. Абдыкааров чейрек финалда азербайжандык тажрыйбалуу атлет Эльнар Ибрагимов менен октагонго чыгып, экинчи раундда сулата соккон. Атаандашы жерге кулаганда учурдан пайдаланып сокку жаадырган. Калыстын кийлигишүүсү менен беттеш токтотулуп, техникалык нокаут деп катталган болчу.
https://sputnik.kg/20210611/kyrgyz-floydu-samat-abdyrakhmanov-ataandashy-kozmo-koz-karashuu-video-1052830554.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/07/1050348456_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_5096973d702a43fb661be2e8d9a7f206.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, мма, open fc, гран-при, жеңиш, нокаут
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, мма, open fc, гран-при, жеңиш, нокаут
Баш көтөртпөй... Абдыкааров OPEN FC Гран-при мелдешинин финалына чыккан видео
12:11 13.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Беттеш кечээ, 12-июнда, Россиянын Жигулевск шаарында өткөн OPEN FC 5 мелдешинин алкагында болду. Кыргыз мушкеринин кубаттуу соккуларынан кийин калыс беттешти токтотту.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Алимардан Абдыкааров OPEN FC уюмунун Гран-при мелдешинин финалына чыкты. Маалыматты менеджери Марат Бекмуратов өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Эми Гран-принин финалы Кыргызстанда өтүп калышы мүмкүн.
Уюмдун эң жеңил салмак категориясында ат салышкан Абдыкааров финалда бразилиялык Матеус Сантосту нокаутка кетирип утту. Беттеш кечээ, 12-июнда, Россиянын Жигулевск шаарында өткөн OPEN FC 5 мелдешинин алкагында болду. Кыргыз мушкеринин кубаттуу соккуларынан кийин калыс беттешти токтотту.
Бир катар жергиликтүү спорттук пабликтер беттештин кыскача видеосун жарыялашты.
Буга чейин аталган уюмдун президенти Александр Гурьянов эгерде Алимардан Абдыкааров мелдештин финалына чыкса, финалдык таймашты Кыргызстанда өткөрүүгө даяр экенин билдиргенин аталган уюм өзүнүн
Instagram баракчасына жазган.Абдыкааров чейрек финалда азербайжандык тажрыйбалуу атлет Эльнар Ибрагимов менен октагонго чыгып, экинчи раундда сулата соккон. Атаандашы жерге кулаганда учурдан пайдаланып сокку жаадырган. Калыстын кийлигишүүсү менен беттеш токтотулуп,
техникалык нокаут деп катталган болчу.