Мээрим азербайжан кызы Манолованы утту. Эми коло байге үчүн таймашат

© REUTERS / LEAH MILLISКыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова азербажандык Элиз Манолова менен беттеш учурунда
Кыргызстандык балбан  Мээрим Жуманазарова азербажандык Элиз Манолова менен беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Мээрим чейрек финалда Блессинг Оборудудуга (Нигерия) жеңилген. Нигериялык кыз финалга чыгып, Жуманазарова коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло байгеси үчүн таймашат. Көңүл жубатуучу беттеште ал азербайжандык Элиз Манолованы 4:1 эсебинде утуп алды. Беттешти КТРК Спорт каналы түз алып берди.

Венгриялык балбан Тамаш Лёринц - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Акжол алтын үчүн ким менен күрөшөт? Венгриялык Тамаш Лёринцтин таржымалы
Кыргызстандын балбан кыз эми Олимпиада-2020 мелдешинин коло байгеси үчүн монголиялык Батцэцэг Соронзонболдын менен күрөшөт.

Коло байге үчүн таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө болот.

68 килограмм салмак даражасында күрөшкөн Мээрим чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган. Ал эми баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0