Токио-2020 Олимпиадасы софтбол мелдеши менен башталды

© REUTERS / Jorge SilvaОлимпийские игры 2020 года в Токио. Софтбол. Австралия - Япония
Олимпийские игры 2020 года в Токио. Софтбол. Австралия - Япония - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Бүгүн Япониянын кыз-келиндер курама командасы софтболдон Австралияны 8:1 эсебинде утуп алды. Беттеш Фукусимо шаарында өттү. Ал эми Олимпиаданын расмий ачылышы 23-июлда өтөт.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Токио Олимпиадасындагы мелдештер бүгүн, 21-июлда, софтбол оюну менен ачылды. Бул тууралуу olympics.com/tokyo-2020 расмий сайты жазды. 

Подготовка к Олимпийским играм 2018 в Пхенчхане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Олимпиада оюндарынын урааны өзгөрдү
Бүгүн Япониянын кыз-келиндер курама командасы аталган спорттон Австралияны 8:1 эсебинде утуп алды. Беттеш Фукусимо шаарында өттү.

Азыркы тапта Италия менен АКШ кыз-келиндер командасы софтбол боюнча таймашып жатышат. Маалыматка ылайык, бүгүн кыздар арасында футбол мелдеши старт алат. Олимпиаданын расмий ачылышы 23-июлда өтөт.

Кыргызстандан Токио-2020 Олимпиадасына жети спорттун түрүнөн 16 атлет катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0