БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бокс боюнча дүйнө чемпиону Флойд Мейвезер россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун рингде күч сынашууга чакырган сунушун кабыл алды.
Нурмагомедов эки күн мурда Мейвезерге видео кайрылуу жасап, ал экөө тең жеңилбес спортчу экендигин белгилеген.
Америкалык боксчу ага Instagram баракчасы аркылуу жооп берген.
"CBS, Showtime жана MGM Grand чек даярагыла! Леонардо Эллербинин (Mayweather Promotions башчысы) баракчасын карагылачы. Хабиб Нурмагомедов мени беттешке чакырыптыр. Келгиле, дагы бир ирет Лас-Вегасты даңазалайлы!" — деп жазган ал.
Эскерте кетсек, былтыр августта Лас-Вегаста өткөн бокс боюнча мелдеште Мейвезер ирландиялык Конор Макгрегорду техникалык нокаут менен утуп алган болчу.
Нурмагомедов болсо 6-октябрда UFC 229 турниририн алкагында Макгрегорду утуп, наамын коргоп калган.