00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жыргалбек Саматов: Казакстан командасы тай казанды алып салуу шартын койду

© Sputnik / Алия СамидинКыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов. Архив
Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Казакстандын көк бөрү командасынын башкы машыктыруучусу Канагат Сүйбаев уюштуруучулар ат бербей койгондуктан оюнга чыга албай калышканын айткан.

ЧОЛПОН-АТА, 4-сен. — Sputnik. Казакстандын көк бөрүчүлөрүнүн уюштуруучулар ат бербей койду деген жүйөөсү чындыкка дал келбейт. Бул туурасында Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин көк бөрү оюнунда Казакстандын командасы оюнга чыгуудан баш тартып, башкы машыктыруучу Каганат Сүйбаев кыргыз тарап берген аргымактар купулга толбой калгандыктан мелдешке чыкпаганын түшүндүргөн.

Саматовдун айтымында, Кыргызстан бардык командаларга бирдей шарт түзүп берген.

"Өзүңөр билгендей Кыргызстандан башка 10 команда ойноп жатат. Баарына жеткен ат Казакстанга жетпей калмак беле?.. Алар аты жок келе жатканын бизге 1-сентябрь күнү айтышты. Ат берүү жободо жазылгандыктан эч меселе жок келери менен бергенбиз. Мелдеш башталганда аргымактарды минип эле турушкан. Биринчи оюндар бүтүп, алардын кезеги келгенде чыкпайбыз дешти. Ат маселеси боюнча жеке өзүмө айтышкан жок. Мен аны социалдык тармактардан окуп жатам", — деди Саматов.

Ал Казакстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Ерлен Оспановдун башка өлкөнүн атынан кыргыз жарандары ойноп жатат деген пикирин да четке какты.

III Всемирных игр кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарынын үчүнчү күнү. Учурда эмне болуп жатат?
"Мен Ерлен Оспанов менен жолукканда "биз тай казаны жок, көкпардагыдай тегерек чийин менен ойнойбуз" деп шарт койду. Албетте буга макул болгон жокпуз, биз эл аралык эрежени буза албайбыз да. Мага мындан башка эч нерсе айткан эмес. Бүгүн да сүйлөштүк, казак улакчылары эртең оюнга чыга турган болушту. Кыргызстандын жарандары башка өлкөнүн атынан чыгып жатат дегени жалган. Мандаттык комиссияга келип паспортторун көрүшсүн. Бул айтылып жаткан шылтоолордун бири болсо керек. Кытай командасы ушунун айынан оюнга чыкпай калды го. Алар төрт эле киши келип, кыргызстандыктар кошулуп ойноп берсин дегенде макул болбой, мелдештен четтеттик", — деди ал.

Ошондой эле Саматов калыстар коллегиясы Казакстандын биринчи айлампадагы Красноярск менен болгон беттешүүсүнө эртең чыгуусуна уруксат бергенин айтты.

Көк бөрүнү ойноо тартиби жана кызыктуу фактылар менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0