Көк бөрү
Көк бөрү — ат үстүндөгү эрендердин эр оюну. Ар бир команда каршылаш команданын тай казанына көбүрөөк улак салууга аракет жасайт. Улакты эң көп таштаган команда жеңишке жетет. Оюн учурунда аттар да, атты минген улакчылар да чыйралып, эр жүрөктүүлүккө, эпчилдикке, шамдагайлык менен топту жарып кирүүгө тарбияланат.
Көк бөрүнүн тарыхы
Көчмөндөр коомунда эркектер элин багуу үчүн ууга чыгып, мал-жандыкты аксакал, аялдар жана жаш балдар карап калган. Ошол учурда малга карышкыр тийип, элди түйшүккө салат. Аңчылыктан келген жигиттер буга катуу ачууланып күлүк аттары менен бөрүлөрдүн үйүрүнө бастырып барып, карышкырларды жерден эңип, бири-бирине ыргытып, тартышып ойношкон.
Эреженин киргизилиши
1996-жылы кинорежиссер Болот Шамшиев тай казанды ойлоп таап көк бөрүнүн жалпы эрежесин иштеп чыккан. Ал эми 2001-жылы Бишкекте Эл аралык көк бөрү федерациясы негизделген. Анын курамына Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери кирип "Көк бөрү" деген аталыш эл аралык термин катары кабыл алынган.
Аламан улак
Көк бөрүгө эреже киргизилгенге чейин аламан улак өтүп турган. Учурда кышкысын айылдарда ойнолуп келет. Анда теке, торпок жана мамалак тартылат. Мелдештин бирдиктүү эрежеси жок. Ортодогу улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге таштаган оюнчуга байге берилет. Айрым учурда улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат.