00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Народ видит то, чего не видит закон - юрист о смысле суда присяжных и почему его нет в КР
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы талап: эми жетекчилердин ишине эл баа берет
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кеткен жокпуз, ат бербей коюшту. Казак көк бөрүчүлөрү чуунун чоо-жайын айтты

© Фото / предоставлено Канагатом СуйбаевымСборная Казахстана по кок бору
Сборная Казахстана по кок бору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы машыктыруучу Казакстандын командасы чыныгы таймашты Көчмөндөр оюндарында эмес, Өзбекстандагы Азия чемпионатында көрсөтө турганы билдирди.

ЧОЛПОН-АТА, 3-сен. — Sputnik. Казакстандын көк бөрүчүлөрү кечээ оюнга чыкпай койгонуна уюштуруучулардын аларга ат бербей койгону себеп болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына курама команданын башкы машыктыруучусу Канагат Сүйбаев билдирди. 

© Sputnik / Эламан КарымшаковКурама команданын башкы машыктыруучусу Канагат Сүйбаев
Тренер сборной Казахстана по кок бору Канагат Суйбаев - Sputnik Кыргызстан
Курама команданын башкы машыктыруучусу Канагат Сүйбаев

Белгилей кетсек, Казакстандын курама командасы кечээ, 2-сентябрда, Красноярск крайынан (Россия) келген оюнчулар менен беттешмек. Бирок белгисиз себептер менен оюн талаасына чыккан эмес

Бүгүн да коңшу өлкөнүн көк бөрүчүлөрүн ипподромдон кезиктире албадык, мындан улам жайгашкан мейманканасына барып жолугуп чуунун чоо-жайын билдик. Башкы машыктыруучу Канагат Сүйбаев казак командасы өзүнүн аттарын алып келбегенин моюндады.

"Уюштуруучулар менен мурда сүйлөшкөндө жакшы аттарды берүүнү убадалаган. Бирок келгенибизде ат бербей коюшту. Бизге ылайыктуусун таппай калыштыбы билбейм, эки күндөн бери ат мине элекпиз. Азыркыга чейин бере турган аттарын көрсөтө элек. Бүгүн Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын жетекчиси "маселе чечилди, ат беребиз" деп жатат, аны түштөн кийин барып көрөбүз. Биз да финалда ойногубуз келет, алсыз аттар менен биринчи айлампада эле жеңилип калмакпыз", — деди Сүйбаев.

Ошондой эле ал оюнга чыкпай коюшуна дагы бир себеп биринчи атаандашы Красноярск командасынын бир оюнчусу Кыргызстандын жараны экен деп шек санап нааразычылык билдиришкенин айтат. Бирок ал улакчыны калыстар коллегиясы текшерип, оюнчунун РФ жараны экенин аныкталды дейт.

Көк бөрү - Sputnik Кыргызстан
Кылымдын кыйырынан келген көк бөрү
"Биздин курама команданын аттары Казакстандын чемпионатына жана ноябрь айында Өзбекстанда өтө турган Азия чемпионатына даярданууда. Ошодон улам өзүбүздүн аттарды алып келе албадык. Бизди артка кайтып кетиптир деген маалымат туура эмес. Башында жогору жактан ушундай сөздөр айтылган, бирок эч жакка кетпей ушул жерде эле калдык. Эртең Красноярск командасы менен беттешке чыгабыз. Кыргызстандын улакчылары менен жолуктум, чогуу чай ичип, эт жеп отурдук. Алар да "ойнойлу, чыгыңыздар" деп жатышат. Бул жерде эл ар кандай сөздөрү айтып интрига кылып жиберди", — деди ал.

Сүйбаев казак улакчылары Көчмөндөр оюндарына жаздан бери даярданганын айтып берди. Бирок команда чыныгы таймашты Өзбекстандагы Азия чемпионатында көрсөтө турганы белгилейт.

"Казакстандын көк бөрү командасы чоңдор, жаштар жана өспүрүмдөр болуп үчкө бөлүнөт. Бул жакка жаштар командасын алып келдик. Алар күчкө толуп, жетилип калган балдар. Ар бир спортчу өз жеринде жеңсем дейт. Биз "достук утсун, жеңиш болбосо да оюн көрсөтөлү" деп келдик. Боордош элбиз, дос-душманга күлкү болбош үчүн мыкты оюн көрсөтүп көк бөрүнүн деңгээлин көтөрүшүбүз керек. Башкы масатыбыз ушул. Кыргызстанга утуш тилейбиз. Биздин негизги даярдыктар Өзбекстандагы Азия чемпионатына багытталган. Ошол нейтралдуу зонада, башка өлкөнүн жаранын калыс кылып чыныгы беттешти өткөрөбүз", — деди Сүйбаев.

Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча 11 команда күч сынашууда. Кечээги оюндарда өзбекстандык оюнчулар Башкыртстанды 20:1, Кыргызстандын улуттук курама командасы монголдорду 29:5 эсебинде жеңип алды.

Көк бөрүнү ойноо тартиби менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0