Ирандын пахлавани күрөшү Көчмөндөр оюндарына киргизилди. Жол-жобосу

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЧемпионат и первенство России по борьбе куреш
Чемпионат и первенство России по борьбе куреш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пахлавани (кошти) — байыркы Персия менен азыркы Ирандын улуттук күрөшүнүн аталышы. Бул күрөштүн тарыхы терең, перстердин аскер искусствосунун салттык комплексинин бири десе да болот. Учурда пахлавани Иранда өзгөчө кадыр-баркка эгедер спорттун түрү болуп саналат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте спортчулар күч сынашчу мелдеш түрлөрүнүн эрежелерин даярдоодо. Бул ирет пахлавани менен тааныштырабыз.

Жалпы жобосу

Балбандар чыкчу килемдин көлөмү 12х12 метр, анын ичинде даана күрөш өткөргөн аянтчанын диаметри 9 метрди түзөт.

Таяк тартыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кел, тартышалы! Көчмөндөр оюндарында өтчү таяк тартыштын эрежеси
Балбандардын формасынын (кызыл же көк) арткы бетинде өлкөсүнүн аббревиатурасы жазылат, этеги тизеден ылдый болгон шым кийишет. Пахлаванинин шымы мелдеш учурунда айрылып кетпеш үчүн катуу кездемеден тигилет. Бел куру ак, көк же кызыл түстөгү кездемеден болуп, балбандын белине катуу байланышы керек. Ал эми бут кийими такасы жок, таманы жумшак атайын күрөшкө чыгууга ылайыкталган болушу шарт.

Балбандарды таразага түшүрүү мелдештен бир күн мурун өткөрүлөт. Салмагын тарткандан кийин чучу кулак кармап, атаандаштары аныкталат. Килемге чыкканда эки ирет үч мүнөттөн күрөшөт. Эгерде балбан 30 секунддук аралык менен 3 жолу чакырганда чыкпаса, дисквалификацияланып, атаандашына жеңиш ыйгарылат.

Эскертүүлөр

Эгерде балбандын шымы айрылып калса, анда ага аны алмаштыруу үчүн 2 мүнөт берилет.

Мындан кийин балбан кармашка чакырылгандан кийин килемдеги калыс анын формасын (трико, бут кийим, шым, кур ж.б.) текшериши керек. Талаптарга жооп бербесе, калыбына келтирүү үчүн 1 мүнөт берилет. Анда да аткара албаса мелдештен чыгарылат.

Кармаш качан аяктайт

— негизги убакыттын бүтүшү;

— далысын жерге тийизүү;

— 10 упайдан болгон артыкчылык;

— дисквалификация;

— 3 эскертүү.

Тең болуп калган учурда жасалган ыкманын сапаттуулугуна, эскертүүлөрдүн санынын аздыгына жана акыркы жасалган ыкмага карап жеңүүчү аныкталат.

Ыкма жасоого берилген упайлар

Кол күрөш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жигиттердин билегин сынаган армрестлинг мелдешинин эрежеси
Пахлавани күрөшүндө эркин жана грек-рим күрөшүндөгү бардык техникалык ыкмалар колдонула берет, ошондой эле курдан жана шымдын тизесинен кармоого уруксат берилген.

Атаандашын килемден түртүп чыгарса, ага 2 упай берилет. Эгер чабуул жасап баратып өзү далысы менен жерге жыгылып калса анда атаандашына 1 упай ыйгарылат. Килемде чуркап жана кармашуудан качса ага эскертүү берилип, каршылашы автоматтык түрдө 1 упай алат.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү кирип, 79 өлкөнүн 2300 спортчусу күч сынашмай болду. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0