17:45 23 Чын Куран 2018
Түз эфир
Тогуз коргоол — кыргыз элинин улуттук интеллектуалдык оюну. Архив

Тарыхы 2400 жылдан ашат. Хандардын акылын калчаган тогуз коргоолдун эрежеси

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (26)
152 0 0

Тогуз коргоол — кыргыз элинин улуттук интеллектуалдык оюну. Тарыхчылардын айтымында, илгери болочок башкаруучулардын акылын ушул тогуз коргоол аркылуу текшерген. Оюндун 25 кылымга чукул тарыхы бар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Дене тарбия, жаштар иши жана спорт агенттиги менен биргеликте быйылкы көчмөндөр оюндарына киргизилген спорттун түрлөрүнүн эрежелерин даярдоону улантат. Бул ирет тогуз коргоол оюну менен тааныштырабыз.

Тогуз коргоолдо оюнчунун негизги максаты 81 же андан көп упай топтоо болуп эсептелет. Ар бир оюнчунун тактасында 9 уясы жана ал уясында тогуздан ташы болот. Тогуз деген сан көчмөн эл, ошондой эле кыргыздар үчүн да ыйык сан болгон.

Негизги жоболор

1. Калыстар тарабынан чучукулактын негизинде аныкталган чечим менен оюнчулар ак жагы жана кара жагы болуп, бөлүнүп отурат.

2. Оюн башталар алдында таймаш өтө турган жерде столдун үстүндө такта, саат, жазуу бланкы болушу керек.

3. Оюн башталар алдында оюнчулар тактадагы баштапкы абалдын туура экендигин текшерип, кол алышып оюнду баштоого мүмкүндүк алышат.

4. Оюн аяктагандан кийин протоколдорго кол коюшуп, утулган оюнчу кол сунуу менен оюн бүтөт.

5. Утулган тарап кол сунбаса калыс кол кармаштырып коюшу абзел.

1. Жүрүш

1.1 Өз тарабынан баштап сааттын жебесинин жүрүшүнө карама-каршы ар бир үйгө бирден коргоол салып, оозгу үйдөн өтүп кеткен учурда атаандаштын куйрук үйүнөн баштап андан ары кеткен аракетти — жүрүш деп атайбыз.

1.2 Үйдө бир коргоол болгон учурда ошол коргоол менен жүрүш жасаса болот, коргоол жаткан үй бош калат.

1.3 Акыркы коргоол атаандаштын тарабына келсе, ал жеткен үйдүн ичинде жуп сандагы коргоол болгон учурду жемиштүү жүрүш деп атайбыз, ошол үйдөгү болгон коргоолдордун баарын өзүнүн казанына салып алуу керек.

1.4 Акыркы коргоол атаандаш тарабына келип, так болгондо, туз эрежесинен башка учурунда, жана өз тарабына өтүп келсе коргоолдор алынбайт.

1.5 Оюнчу акыркы коргоолду салып, сааттын өз жагын баскандан кийин жүрүштүн аяктаганын билдирет.

1.6 Жүрүш бир кол менен жасалышы керек. Эгер 12ден көп коргоол жүргөндө бош колду жардамчы катары колдонууга болот. Жарым-жартылай коргоолдорду жардам катарында колдонгон колуна салып, калган коргоолдорду жүрүш жасаган колго салып жүрүш жасаса болот, коргоолдор түгөнгөндөн кийин экинчи колдогу коргоолдорду салып жүрүштүн аягына чыгуу абзел. Эгер жүрүш эки кол менен жасалса, атаандаштын көңүлүн кайсы үйдөн жүрүп кайсы үйгө барарына бурушу керек.

1.7 Оюнчу колундагы коргоолду кийинки үйгө салганда жүрүш жасалды деп эсептелет.

1.8 Атаандаш жүрүштү жасап бүтүп саатты баскандан кийин гана жүрүшкө жооп бериш керек.

2. Туз

2.1 Туз — бул атаандаш тараптан утуп алган үй. Акыркы коргоол атаандаш тарабына келип, эки коргоолдун үстүнө үчүнчү болуп түшкөндө оюнчу ал үч коргоолду алып, казанына салып, алган үйгө атайын белги коюп ошол үйдөн туз алдым деп жарыялайт.

2.2 Ооздон (9 үй) туз алганга болбойт.

2.3 Тузду алмаштырса болбойт.

2.4 Оюнда тузду бир гана жолу алса болот.

2.5 Оюн учурунда бир оюнчу туз алса, экинчи оюнчу атташ үйдөн, башкача айтканда, номери окшош үйдөн туз ала албайт.

2.6 Туздан баш тартууга болбойт.

2.7 Тузга түшкөн коргоолдордун баары туздун ээсиники болуп эсептелет.

2.8 Тузду атайын белги менен белгилеп коюш керек.

2.9 Протоколго жазганда туз белгисин "Х" тамгасы менен белгилейбиз.

3. Оюндун аягы

3.1 Бир оюнчу 82 коргоол жана андан көп утуп алса оюн аяктады деп эсептелет.

3.2 Оюнчу 82 же андан көп коргоол утуп алса, оюн токтотулат, атаандаштын казанындагы гана коргоолдору эсептелет. (Мисалы: партия 1–0/62/ деп жазылат, кошумча көрсөткүч 62 утулган тараптын топтогон коргоолдору)

3.3 Оюнчу утулдум деп айтканда оюн аяктады деп эсептелет. Утулдум деп айтканга протоколго 0 упай жазылат, кошумча көрсөткүч керек болгон учурда казанындагы гана коргоолдордун саны жазылат.

3.4 Бир оюнчу атсырап (жүрүшү жок) калган учурда оюн аяктады деп эсептелет. Бул учурда атсыраган оюнчунун казанындагы гана коргоолу эсептелинет. Эгер 81 коргоолдон кем болсо утулду (0 упай) деп эсептелет. Ал эми 81 коргоол болсо тең (0,5 упай) чыкты, 81 коргоолдон көп болсо утуп (1 упай) алды деп жазылат.

3.5 Эгер эки оюнчу 81 коргоолдон топтосо, оюн тең чыкты деп эсептелет да оюн аяктаган болот.

3.6 Эгер эки оюнчу тең чыкканга келишсе, оюн аяктады деп эсептелет.

3.7 Чылымовдун тең чыгуу абалы болгон учурда (73 жүрүштөн кийин коргоолдордун жайланышканы кайталанган учур) оюн тең чыкты деп эсептелет.

3.8 Эгер эки оюнчунун тең убактысы аяктаса жана казанда 81 коргоол же андан кем болсо, оюн тең чыкты деп эсептелет.

3.9 Убакыт чектеген саатка карап, бир оюнчуга партияга берилген убакыттын жарымына 30 секунд кошкондон кечигип калган оюнчуга утулуш жазылат, эгерде таймаштын өткөрүү тартибинде башка ирет каралбаса, оюн аяктады деп эсептелет.

3.10 Оюнчунун убактысы бүтүп калса "желеги кулап", анда 3.4 пунктуна ылайык партия аяктады деп эсептелет.

4. Оюнчулардын кетирген каталары

4.1 Оюн учурунда ката кетиргенин далилдебесе жана оюндун аягына чыгып протоколдорго кол коюлуп калса, оюн кайрадан ойнолбойт.

4.2 Коргоолдор чачылып кетсе, абал чачылган учурга чейин оңдолот да, оюн 1.7. пунктуна ылайык уланат.

4.3 Оюнчу байкабастан коргоолдорду чачып алса, ошол оюнчунун убактысы жүрүп жатканда абал оңдолот, андан кийин гана саатты басканга укугу бар.

5. Тогуз коргоол сааты

5.1 Эки циферблат менен, бир тарабында жүрүп, экинчи тарабында токтоп турган, бир–бири менен байланышкан саатты – тогуз коргоол сааты деп атайбыз. Оюнчунун убактысы бүткөнүн сааттын "желеги кулаганы" билдирет.

5.2 Калыс саатты койгондон кийин кара жагындагы оюнчу сааттан сол жак тарабына отурат.

5.3 Ак жагында ойногон адамдын сааты регламент менен белгиленген убакытта жүргүзүлөт, андан кийин ар бир оюнчу жүрүш жасап, өзүнүн саатынын жебесин токтотуп, атаандашыныкын жүргүзөт.

5.4 Сааттын көрсөткүчү талкууланбайт. Эгер саат бузук болсо, оюнчу калыска сааттын туура эмес көрсөткүчү тууралуу кайрылганда гана калыс саатты алмаштырышы керек.

5.5 Саат туура эмес иштеп жатканын оюнчу сааттын "желеги кулаганга" чейин калыска билдириши керек.

5.6 Жүрүш жасалып жатканда оюнчунун "желеги куласа" оюнчуга ошол жүрүштү аягына чыгууга мүмкүнчүлүк берилет.

5.7 Калыс бузулган саатты алмаштырып жатканда, ар бир оюнчунун сааттагы убактысын так белгилеп, оң саатка түшүрөт. Эгер сааттын бир гана тарабы бузук экени такталса, калыс сааттын ошол тарабын гана тууралайт, башка учурда эки тараптын тең сааттары оңдолуп, жалпы убакыт эки оюнчуга тең бөлүнүп берилет. Саат оңдоп жатканда оюнчуда 5 мүнөттөн аз убакыт калса, калыс оюнчунун убактысын 5 мүнөткө толуктап жана каршылашына дагы ошончо убакыт кошуп берет.

5.8 Тең чыгууга макулдашуу же утулушту билдирүү сааттын "желеги кулаганына" карабастан күчүндө болот.

5.9 Эгер эки тараптын желеги тең куласа оюнчулардын казанындагы коргоолдор эсептелет да 3.1, 3.5, 3.8 пункттарга кайрылабыз.

5.10 Оюнчуга саатты же сааттын баскычын кармап ойноого тыюу салынат.

5.11 Оюнчу "желек кулаганда" гана сааттарды токтото алат.

5.12 Оюнчуга өз алдынча саат көрсөткүчүн жылдырууга тыюу салынат, керек болсо калыстарды чакыруу зарыл.

5.13 "Желеги кулаганы" тууралуу ойноп жаткан оюнчу жана калыс гана билдире алат.

5.14 Оюнчунун өтүнүчү менен калыс саатты коюп бериши керек.

5.15 Эгерде оюн саатсыз башталса жана оюнчу же калыс ар түрлүү себептер менен саат коюуну туура көрсө, эки тарапка тең бирдей убакыт берилет, белгиленген убакыттан өткөн убакытты алып салып, калган убакыт эки оюнчуга тең бөлүнүп берилет. Оюнчуларга 12.8. пунктка ылайык 25 мүнөттөн кем эмес убакыт берилиши керек.

5.16 Оюнчу саатты жүрүш жасаган колу менен гана басыш керек.

6. Партияларды жазуу

6.1 Ар бир оюнчу эки тараптын тең жүрүшүн тогуз коргоолдун оюнду жазуу жана колдонулуучу белгилерине ылайык жазуу керек.

6.2 Партия жазууга берилген бланктар таймашты уюштуруучулардын менчиги болуп саналат.

6.3 Партия жазган бланктар калыстарга көрүнүп турушу керек.

6.4 Ар бир оюнду аягына чейин жазуу керек.

6.5 Эгерде оюндун аягына чейин оюнчунун 5 мүнөттөн аз убактысы калса оюнду жазууну токтотууга болот.

6.6 Оюндун жүрүштөрүн (өзүнүкүн жана башкалардын) көчүрүп алууга оюн бүткөндөн кийин гана уруксат берилет.

6.7 Бланкка ойнолуп бүткөн партиялардын жазылганын оюнчу, машыктыруучу же жааттын өкүлү көчүрүп алыш үчүн калыстардан сурап алса болот. Калыс 6.6. пунктун бузбай бланкты же анын көчүрмөсүн бериши керек. Көчүргөнгө алынган бланктарды жоготуп же бузуп алса, алган адам толук жооп берет, ошондой эле аны таймаштан чыгарып салганга чейин жазаланышы мүмкүн. Эң кызык оюндарды калыстар тобу атайын тактага, күйөрмандарга көрүнгөн жерге илип коюуну сунуштайт.

6.8 Оюнду такыр жазбаган жана толук жазбаган оюнчуларга калыстар тарабынын жазуу жүзүндө эскертүү берилет

7. Оюндун жыйынтыгын аныктоо

7.1 Оюнду жеңген оюнчу 1 упай алат, жеңилген оюнчу 0 упайга ээ болот.

7.2 Тең чыкканда эки оюнчуга 0,5 упайдан берилет.

7.3 Утулган оюнчунун топтогон коргоолдорунун санын (кошумча көрсөткүч) эгер таймаштын өткөрүү тартибинде караштырылган болсо айлампа ыраатында, жекеме–жеке беттешүүсүндө протоколго ал санды жыйынтыктын тушуна жазуу керек (0/76/)

8. Тең чыгуу

8.1 Тең чыгууну оюнчу жүрүш жасагандан кийин саатты басардын астында сунуш кылганга болот.

8.2 Тең чыгууну оюнчу 3 жолу гана сунуш кылууга укугу бар. Эгер үчтөн көп жолу сунуш кыла турган болсо, анда оюнчу утулганын аныктайт, да атаандашы калыска кайрылып өзүнө утуш жазып коюуну суранат.

8.3 Ар бир тең чыгуунун сунушун эки оюнчу "=" белгиси менен жазуу протоколуна белгилөө керек.

8.4 Оюнчу Чылымовдун тең чыккан позициясында калыстардан оюн тең чыкты деп талап кылса болот.

8.5 Теӊ чыгуу үчүн эки оюнчунун теӊ катышуусу менен калыс протоколду кабыл алууга укуктуу.

9. Таймашты өткөрүү ырааттары жана түрү

9.1 Таймаш жеке жана жаат түрүндө өтөт.

9.2 Таймаш жаат түрүндө олимпиада 2 жолу утулганга чейин жана жеке түрүндө швейцариялык ырааттары менен өтөт. Жеке түрүндөгү таймаш атайын компьютердик программа менен өткөрүлөт.

9.3 Ар бир оюнчуга ойлонууга 1 сааттан убакыт берилет, жалпы 2 саат.

9.4 Жааттар федерация тарабынан бекитилген түстөгү окшош атайын кийим менен гана таймаштарга катышууга укуктуу.

9.5 Жааттарды такталарга отургузуу оюндун башында жүргүзүлөт. Биринчи тактада отурган спортчулар чучукулак тартуу менен ким кайсы түстө ойной турганын аныкташат. Чучукулактан уткан оюнчу ак түс жагында, ал эми экинчи тактадагы оюнчу кара түс жагында отурат.

9.6 Такталарга отургузгандан кийин негизги оюнчуну кошумча-спортчуга алмаштырууга болбойт.

10. Жеңүүчүлөрдү аныктоо

10.1 Жеке таймаштарда швейцариялык ыраатта жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби:

— Упайдын саны
— Бухгольц коэффициенти
— Жеке оюнунун жыйынтыгы
— "Өсүү" коэффициенти
— Бергер коэффициенти

10.2 Жаат эсебинде Олимпиада ыраатында, эгер эки жаат тең чыкса бардык уттурган оюндарындагы топтогон коргоолдордун саны каралат, бирдей чыккан учурда биринчи тактанын жыйынтыгы каралат, алар тең чыкса экинчиден баштап төмөнкү такталар каралат. Бардык көрсөткүчтөр бирдей болсо кыскартылган мөөнөт менен кошумча оюн өткөрүлөт.

11. Калыс жана калыстар тобу

11.1 Башкы калысты, башкы катчыны жана калыстар тобун башкарууну алган уюм бекитет.

11.2 Бардык таймаштарга башкы калыс, башкы катчы, калыстар, катчылар бекитилет.

11.3 Таймаштын деңгээлине жараша бир тактадан алты тактага чейин бир калыс чектелет. Катчылардын саны тогуз адамдан көп эмес болуш керек.

11.4 Калыстар тобу үч адамдан кем болбошу зарыл.

11.5 Калыс таймаш учурунда тогуз коргоол кодексин жана таймаштын өткөрүү тартибин бекем сакташы керек.

11.6 Калыс адилеттүү болушу керек, таймаштын кызыкчылыгы үчүн кам көрүшү керек.

11.7 Калыс тартипти көзөмөлдөөгө, оюнчуларга ыңгайлуу шарт түзүүгө милдеттүү.

11.8 Калыс көзөмөл саатын карап турууга милдеттүү, сааты жок ойногон оюнчуларга 50 мүнөт калганда өтө чоюлуп баратканда ар бир оюнчуга 25 мүнөттөн кем эмес убакыт бериш керек (пункт 5.15.)

11.9 Эгер оюнчу саатты баспай калса, калыс ал фактыга көңүл бурбай койсо деле болот, бирок калыс өйдөдөгү фактыга чара көргөнгө укугу бар.

11.10 Оюн учурунда мурунку жазылган оюндардын бланктары менен диаграммаларды чийүү, компьютерди, ар кандай электрондук буюмдарды, уюлдук телефонду колдонууга жана иштетүүгө (уюлдук телефон өчүрүлгөн болушу керек) жана колдонууга тыюу салынат, калыстар тарабынан катуу көзөмөлдөнүү керек.

11.11 Төмөндөгү эрежелерди бузганга эскертүү берилет. Үч эскертүү алган оюнчунун бир упайы кемитилет, төрт эскертүү алган оюнчу таймаштан четтетилет.

Оюн учурунда башка оюнчулар, машыктыруучулар, жааттын өкүлү, күйөрмандар менен сүйлөшүүгө тыюу салынат, сүйлөшүү калыстын же атаандаш тарабынан өкүлдүн көзүнчө гана уруксат берилет.

Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

— Оюнканада ойноп жаткан адамдар менен калыстар гана болушу керек, калгандарга кирүүгө болбойт.

— Оюнду жазуу протоколун толук жазбай коюуга;

— Калыстарга сыйлабастыгын көрсөтүүгө;

— Таймаштын жүрүшүнө тоскоолдук кылууга.

11.12 Белгиленген регламентке ылайык калыстар ак тарабынын саатын жүргүзүп коюуга укуктуу.

11.13 Бир оюнчуга берилген убакыттын жарымы 30 секунданын ичинде оюнчу оюнга келбесе калыс ошол оюнчуга 0 (утулуш) жазат.

11.14 Оюнду адилетсиз тескеген калыстар иш алып баруудан четтетилет.

12. Таймаштын расмий эрежелерин талкуулоо.

Таймаштын расмий эрежелерин Тогуз коргоол федерациясынын атайын калыстар комиссиясы талкуулайт.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү бекитилип, анын жол-жобосу 104 өлкөгө жиберилди. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

Тема:
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (26)

Тема боюнча

Касымов: тогуз коргоол аркылуу эл башкарганды үйрөтүшкөн
Белгилер:
тогуз коргоол, эреже, мелдеш, Спорт, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ