Турнирде жалпысынан 18 беттеш каралган. Анын үчөөндө чемпиондук кур ойнотулат.
WEF уюмунун чемпиондук наамы үчүн эң жеңил салмактагы кыргызстандык мушкерлер Мырзамидин Пазылов менен Ариет Бекишов кармашса, оор салмактагылар арасында кыргыз спортчусу Тилек Жээнбеков менен украиналык Юрий Проценко беттешет.
Дагы бир кыргыз мушкери Нурбек уулу Эрлан чемпиондук курун коргойт. Атаандашы — россиялык Акбар Гаджиэкперов.
Турнирде Орто Азиянын, Россия, Украина жана Кыргызстандын спортчулары күч сынашат.