Бишкекте ММА боюнча биринчи жолу калаа биринчилиги өтөт

Жазылуу
Мелдешти шаардык мэрия менен өлкөнүн ММА федерациясы уюштурат

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкекте ММА боюнча калаа биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Кыргызстандык мушкер Тилек Машрапов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Тилек Машрапов чемпиондук кур үчүн Америкада күчүн сынайт
Маалыматка ылайык, чемпионат 23-24-март күндөрү калаадагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Анда 16-17 жаштагы өспүрүмдөр тогуз, юниорлор жети жана чоңдор сегиз салмак категориясы боюнча күч сынашат.

Биринчи жолу өтүп жаткан мелдешти шаардык мэрия менен өлкөнүн ММА федерациясы уюштурат.

Жаңылыктар түрмөгү
0