00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
К 10-летию ЕАЭС. О достижениях в сфере поддержки бизнеса стран союза
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
"Түндүк" системасынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты — канча жаңы кызмат кирди?
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Тема дня
Развитие трансплантации, строительство больниц и изменение законов: итоги года в здравоохранении КР
10:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын камсыздандыруу системасы КМШда үлгү болуучу деңгээлге жетти. Жарандар эмнени так билиши керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Рекордное потребление электроэнергии: причины и меры Минэнерго
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Китепкананын учурдагы ролу канчалык? Улуттук китепкана заман талабына жараша өзгөрүүгө муктаж
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Русский язык как инструмент межкультурного диалога в странах ЕАЭС
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Жусуп Баласагындын кыргызга таандыгын далилдеген окумуштуу Качкынбай Артыкбаев
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Какие геополитические изменения произошли в 2024 году
18:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
2025-жылдан тарта Премьер-лигадагы командалардын саны өсөт, клубдар өспүрүм кыздар командаларын түзүүгө милдеттендирилет
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Олимпиада-2018: кыргызстандык спортчулардын качан кайтары белгилүү болду

© Фото / Тилек ТайчыковКыргызстандык спортчулар Түштүк Кореяда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарындагы мелдешин жыйынтыктады
Кыргызстандык спортчулар Түштүк Кореяда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарындагы мелдешин жыйынтыктады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийинки кышкы оюндар 2022-жылы Кытайдын Пекин шаарында өтмөкчү

ПХЁНЧХАН, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Түштүк Кореяда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарындагы мелдешин жыйынтыктады. Бул тууралуу спортчу баяндамачы Кабыл Макешов жеринен билдирди.

© Фото / Кабыл МакешовКыргызстандык спортчулар Түштүк Кореяда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарындагы мелдешин жыйынтыктады
Кыргызстандык спортчулар Түштүк Кореяда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарындагы мелдешин жыйынтыктады - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргызстандык спортчулар Түштүк Кореяда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарындагы мелдешин жыйынтыктады
© Фото / Тилек ТайчыковЭскерте кетсек, 9-февралда башталган оюндарга Кыргызстандан Тариэл Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев барган
Эскерте кетсек, 9-февралда башталган оюндарга Кыргызстандан Тариэл Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев барган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Эскерте кетсек, 9-февралда башталган оюндарга Кыргызстандан Тариэл Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев барган
© Sputnik / Кабыл МакешовПхенчхан Олимпиадасы 25-февралда аяктайт.
Пхенчхан Олимпиадасы 25-февралда аяктайт. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Пхенчхан Олимпиадасы 25-февралда аяктайт.
1/3
Кыргызстандык спортчулар Түштүк Кореяда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарындагы мелдешин жыйынтыктады
2/3
Эскерте кетсек, 9-февралда башталган оюндарга Кыргызстандан Тариэл Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев барган
3/3
Пхенчхан Олимпиадасы 25-февралда аяктайт.

Кыргызстандык паралимпиадачы Жыргалбек Оросбаев пауэрлифтинг боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы Дүйнө кубогунда күмүш тагынды - Sputnik Кыргызстан
Паралимпиадачы Жыргалбек Оросбаев Дүйнө кубогунда күмүш тагынды
Эскерте кетсек, 9-февралда башталган оюндарга Кыргызстандан Тариэл Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев барган. Жаркымбаев 13-февраль күнү таймашка чыгып, лыжа тебүү боюнча спринтердик жарышта 80 спортчунун ичинен 78-болуп келди. Ал эми Тимофеев алгач 18-февралда күч сынашып, 109 лыжачынын ичинен 63-орунду ээледи. 22-февралда өткөн таймашта 68 атаандашын артка калтырып, 40 мыкты спортчунун катарынан орун алды.

Макешовдун айтымында, кыргызстандык спортчулар 26-февраль күнү мекенине кайтат. Бүгүнкү жарышка аларды колдоп Кореянын Кенсанбук-до провинциясынын жетекчилери жана ал жакта жашаган кыргызстандыктар келип, Жаркымбаев менен Тимофеевге жана машыктыруучу Игорь Борисовго белектерин тапшырган.

"Провинциянын спорт департаментинин жетекчи орун басары Пак Ею жана 15ке чукул кыргыз келип, жарышка чыккан спортчуну колдоп жатышты", — деди ал.

Пхенчхан Олимпиадасы 25-февралда аяктайт. Ал эми кийинки кышкы оюндар 2022-жылы Кытайдын Пекин шаарында өтмөкчү.

Баса, быйылкы Олимпиаданын ачылышында спортчулар кийип чыккан кыргыздын калпагы көпчүлүктү тамшанткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0