Айсулуу Тыныбекова баштаган балбан кыздар Азия чемпионатына даярданууда

© AFP / JACK GUEZОлимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг
Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуу-машыгуу жыйындары 4-февралда Чолпон-Ата шаарында башталган, эми 27-февралда аягына чыгат.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча курама командасы окуу-машыгуу жыйынынан өтүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Кыргызстандык мушкер Өмүрбек Малабеков - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Малабеков Россиядагы бокс боюнча эл аралык турнирде ат салышат
Окуу-машыгуу жыйындары 4-февралда Чолпон-Ата шаарында башталган, эми 27-февралда аягына чыгат.

Маалыматка ылайык, балбандар 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өтө турган Азия чемпионатына карата даярдык көрүүдө. Буга агенттиктин алдындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 605 миң сом каралган.

Окуу-машыгуу өтүп жаткан балбандардын тизмеси:

Айсулуу Тыныбекова — 62 килограмм

Айпери Медет кызы — 76 килограмм

Мээрим Жуманазарова — 68 килограмм

Нурзат Нуртаева — 68 килограмм

Нураида Анаркулова — 59 килограмм

Артыкалы кызы Айбийке — 59 килограмм

Назира Марсбек кызы — 57 килограмм

Айжан Сабырбек кызы — 53 килограмм

Мадина Надирова — 53 килограмм

Кожомкул кызы Айсалкын — 50 килограмм

Саяна Байызова — 50 килограмм

Калмира Билимбек кызы — 44 килограмм

Мирлан кызы Назик — 44 килограмм

Каныкей Анварбекова — 44 килограмм

Башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков

Машыктыруучу — Розалия Тилегенова

Андрей Батырбеков — массажист

Бактыгүл Алишева — дарыгер.

Ал арада Кыргызстандык спортчу Тариэл Жаркымбаев кышкы Олимпиада өтчү Түштүк Кореяга жөнөп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0