00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Участие и роль ЕАБР в развитии Евразийского региона
08:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Айыл чарба тармагында бул жылы аткарылган ат көтөргүс иштер
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
От импорта к производству: как меняется мукомольная отрасль Кыргызстана
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Атайын билим берүү: система жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселелери
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Парламентте гендердик квотаны 50 пайызга жеткириш керекпи? Серепчи менен маек
13:05
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Олимпиадада кыргыз туусун көтөрүп чыкчу Тариэл Жаркымбаев тууралуу 6 факты

© пресс-служба ГАМФКиСЛыжник Тариэль Жаркымбаев
Лыжник Тариэль Жаркымбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-февралда Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында баштала турган кышкы олимпиадалык оюндарга кыргыз жигиттеринен алгач ирет лыжа спорт чебери Тариэл Жаркымбаев 5-февралда аттанып кетти.

Кыргыз спорт күйөрмандары үчүн табышмак болуп турган 22 жаштагы спортчу тууралуу кызыктуу фактыларды спорттук баяндамачы Кабыл Макешов айтып бермекчи.

1. Тариэл Жаркымбаев 1996-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Биатлон жана лыжа жарыштары боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону. 2017-жылы Алматы шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк студенттердин кышкы универсиада оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин көтөрүп чыккан. Бул ирет дагы Пхенчхан шаарындагы Олимпиаданын ачылыш салтанатында кыргыз туусун көтөрүп чыгуу шыбагасы Жаркымбаевге буюрду.

Церемония открытия XXII зимних Олимпийских игр - Sputnik Кыргызстан
Эгемен Кыргызстандын спортчулары кышкы Олимпиададан эмне менен кайткан. Тизме
2. Спорт менен 8 жылдан бери машыгат. Өспүрүм кезинде кол күрөш, бокс, таэквондо, футбол ийримдерине барып, спорт сүйүүчү катары машыккан. Лыжа спортуна кызыгуусун достору ойготкон. Лыжа тебүүнүн алгачкы сырларын биринчи машыктыруучусу Любовь Мавлянова үйрөткөн. Соңку эки жылдан бери лыжа менен чуркоо жана биатлон спорт түрлөрү менен кесипкөй адис Александр Левданскийде машыгып, кышкы спорт сырларын үйрөнүп жатат. Устаты Түштүк Кореяга да коштоп кетти.

3. Кумир туткан спортчулары. Кышкы олимпиада чемпиону жана дүйнөнүн сегиз жолку чемпиону, норвегиялык биатлончу Тарьей Бёго суктанат. "Ал экөөбүздүн атыбыз бир аз окшоп кетет, жакшы шарт түзүлсө ушул спортчудай болсом"деп тилек калат. Мындан тышкары, "дүйнөгө таанымал, Олимпиаданын жана дүйнөнүн көп жолку чемпиону, норвегиялык спортчу Уле-Эйнар Бьерндален сыяктуу 40-45 жашка чейин мелдештерге катышсам" дейт.

4. Студент спортчу. Учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана Спорт академиясында билим алууда. Келечекте Кыргызстанда анча жайыла бербеген кышкы спорт боюнча машыктыруучу болсом, жаштарга ушул спорттун сырларын үйрөтсөм деп жүрөт.

5. Кендирди кескен каражат. Көкөй кескен маселеси — заманбап лыжасы жана кундагы жеке өзүнө ылайык мылтыгынын жоктугу. Ата-энеси сатып берген лыжага жана жабдууларга каниет кылып келет. Спортчунун атайын кийимдеринен сырткары, эле эң арзан классикалык лыжанын наркы 1000-1500 АКШ долларына барабар. Кымбаты бир автоунаанын кунуна тете.

Балетмейстер и народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев - Sputnik Кыргызстан
Чолпон жылдыздай жанган Чолпонбек Базарбаев тууралуу 5 факты
6. Пхенчхан шаарында өтө турган кышкы олимпиадалык оюндарда 13-февралда лыжанын классикалык спринт-кросс кантри түрү боюнча жарыштарга катышат. Мелдештер Бишкек убактысы боюнча 15.00дө башталып, мыктылары иргелип отуруп, чейрек, жарым финалдан өтсө, финалдык таймаштар 18.30да болмокчу. Олимпиадалык оюндарга Алматы шаарында казакстандык спортчулар менен бирге даярдык көрдү.

Кабыл Макешов буга чейин кышы сонун кыргызда кышкы спорттун эмнеге өнүкпөй жатканына ой калчап, буга чейин кышкы Олимпиада оюндарына катышкан кыргызстандыктарды тизмектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0