Таиланддагы чемпион Жаныбек Бейшебек уулу: жараат айыга электе эле беттешке чыгабыз

© Фото / Сыргак АйталиевТайбоксер из Кыргызстана Жаныбек Бейшебек уулу
Тайбоксер из Кыргызстана Жаныбек Бейшебек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир жеңишим Кыргызстандыкы, ал эми таанылуу меники. Таиланддагы кыргыз чемпиону

Кыргызстандык Жаныбек Бейшебек уулу өлкө желегин Таиландда бир нече жылдан бери желбиретип келет. 24 жаштагы спортчу ал жакта жүрүп, быйыл дүйнө чемпиондугуна жетти. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Мирбек Сакенов мекендешибиз менен кыскача маек курду.

— Таиландга качан, эмне болуп барып калдыңыз эле?

— Биринчи жолу 2014-жылы келип, дүйнөлүк чемпионатка катышып кеткем. Кийинки жылы кайра да сапар тартайын деп, каржы маселесинен улам токтоп калгам. Буйрук экен, эки жылдан соң, 2016-жылы келип катыштым. Ошондо Бангкоктогу спорттук клуб менен келишим түзүп, Таиландда калып калгам.

— Өзүңүз аркалап жүргөн жолдо кандай жетишкендиктер бар?

— Профессионалдар арасында 2013-жылы Евразиянын чемпиону болгом. 2013-2016-жылдары дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунга татыгам. Анан быйыл 67 килограмм салмактагы спортчулар арасында дүйнө чемпиону болдум. Ошондой эле MX Muay Xtreme аталышындагы эл аралык турниринде чемпион наамын алдым.

— Муай-тайдын мекенинде машыгуу оор жана атаандаштык күчтүү болсо керек. Кандай айырмачылыктарды байкай алдыңыз?

Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
ТОП-11. ММА мушкерлери Кыргызстанды дүйнөгө таанытабы?
— Бул жерде спорт такыр башка деңгээлде. Кыргызстандагыдай кичине машыгып эле мелдештерге чыгып кете албайсың. Эгер спорт менен алектенбей, өзүңдүн формаңды сактабасаң утулуп каласың. "Жөн эле жеңип коем" деп ойлогонуң менен, тажрыйба жүзүндө таптакыр башкача жыйынтык болуп калышы мүмкүн. Таиландда спортчулар жанын сабап машыгат, анан атаандаштары да оңой менен алдырбагандар. Анан атайын тартип тамактанууга абдан катуу көңүл бурушат. Бир спортчуну беш машыктыруучу даярдайт.

— Атаандаштык күчтүү болсо күн тыным албай тер төгүүгө туура келет турбайбы?

— Ооба. Алың калбай, баскың келбей калса дагы машыгасың. Анткени спортчулардын беттештерин көрүп, шалпайып алып машыгуу залына жөнөйсүң. 

© Фото / Айбике ИсаеваБыйыл Жаныбек Бейшебек уулу 67 килограмм салмактагылар арасында дүйнө чемпиону болгон
Тайбоксер из Кыргызстана Жаныбек Бейшебек уулу - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Жаныбек Бейшебек уулу 67 килограмм салмактагылар арасында дүйнө чемпиону болгон

— Спорттун сиз алектенген бул түрү бут, кол жана чыканак менен аткарылган катуу соккулары менен айырмаланат эмеспи. Анан оор жаракат алган учурлар болобу?

Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Валентина Шевченко тууралуу 10 факты
— Албетте. Беттеште жаракатсыз болбойт. Өзүң тепсең, чапсаң, жада калса тоссоң дагы травма аласың. Анткени жергиликтүүлөр буту менен пальманы тээп сындырып жүргөн спортчулар. Мен да негизинен бутумдан көп жаракат алам. Себеби рингге чыкканда көбүнчө бут менен иштегенге аракет кылам жана ага көнүп калгам. Мунун айынан сөөккө жарака кетип, манжалар сынып же чыгып кетет. Кээде айына эки жолу турнирге катышканда айыкканга жетишпей калат. Ошентип бир жыл же бир жарым жылда араң айыгат.

— Бул спорттун түрү таиланддыктар үчүн эмне? Же кыргыздар тойлордо улак уюштургандайбы?

— Муай-тайды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик казынадан бир топ акча бөлүнөт. Качан турнир өткөрбөсүн жогорку деңгээлде уюштурулуп, күн сайын, жума сайын түрдүү мелдештер болуп турат. Жергиликтүү эл дагы тойго чогулгансып жыргап келип, беттештерди көрүп, кайра кубанып спортчулар менен сүрөткө түшүп тарап кетишет. Турнирден кийин ызы-чуу болгонун ушуна чейин бир да жолу дагы уга элекмин.

— Бөтөн жерде жүргөндө кыйынчылыктар болбой койбойт эмеспи?..

— Чынын айтсам, азыркыга чейин жакшы дагы, жаман дагы сөз уга элекмин. Сегиз жылдан бери спорт менен алектенип келем. Ошондон бери бир жолу да жардам ала элекмин, берсе деле албайт элем. Эң негизгиси — көңүл. Кытай, Италия, Францияга беттештерге чакырылдым. Кыргызстандын жараны болгондуктан виза ала албай, орто жолдо калган учурлар болду. Кайрылдым, бирок өлкөмдөн колдоо болгон эмес. А мен спортчу катары келечекте өнүгүшүм керек да.

— Түшүнүктүү. Алдыда кандай мелдештерге катышууну пландап жатасыз?

— Буюрса, 29-сентябрда эл аралык мелдеш өтүп, ага Европадан үч, Таиланддан төрт мыкты спортчу катышат. Мен Кыргызстандын атынан чыгам. Бул башка деңгээлдеги беттеш. Анда сегиз спортчу бир мезгилде эле алмак-салмак рингге чыгып, үч беттеш өткөрүшү керек. Аябай оор кармашуу өтөрүн болжоп турам.

—Соңку суроо болсун. Багындырган жеңиштерди кимге арнайсыз?

— Ар бир жеңишим Кыргызстандыкы, ал эми атак-даңк меники. Менимче, намыс бир гана адамдыкы эмес, жалпыныкы. Ошондуктан күйөрмандар мага куттуктоо жазганда, аларга жеңиш мага эле тиешелүү эмес, ал Кыргызстан элине таандык деп айтам. Буюрса жеңип калсам, жеңишиңер кут болсун!

Жаңылыктар түрмөгү
0