Кыргызстан — Мьянма футболчуларынын беттеши дүйнө балдарына арналат

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболисты сборной Кыргызстана перед матчем. Архивное фото
Футболисты сборной Кыргызстана перед матчем. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар балдардын көйгөйүнө жана алардын өсүп-өнүүсүнө футбол аркылуу көз сала алышат

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Мьянма футболчуларынын мелдеши тынчтыкка жана балдарга арнала турганын Футбол федерациясы билдирди.

Азия чемпионаты — 2019 турниринин тандоо турунун таймашы 5-сентябрь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Футболист сборной Кыргызстана на час стал сотрудником одной из автозаправочных станций в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз футболчулары май куюучу жайга "кызматка орношту"
Оюндун башталышында эки команданын футболчулары балдарды ээрчитип чыгат. Демилге Футбол федерациясына, БУУнун Балдар фондусуна (ЮНИСЕФ) жана Улуу Британиянын элчилигине таандык.

Федерациянын президенти Семетей Султанов футбол командалык оюн экенин, мындан улам улуттук же социалдык ажырымды тааныбай турганын белгиледи.

2016-жылы БУУнун Балдар фондусу Футбол федерациясы менен бирге балдардын укугу тууралуу маалымат жайылтуу максатында өнөктөштүк демилге көтөрүп чыккан. Былтыр Кыргызстан командасынын Филиппин, Ливан, Түркмөнстан жана Макао футболчуларынын беттеши майып балдарга, ар бир баланын камкордукка алынышына, секелек кыздардын укугунун корголушуна арналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0