БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Мьянма футболчуларынын мелдеши тынчтыкка жана балдарга арнала турганын Футбол федерациясы билдирди.
Азия чемпионаты — 2019 турниринин тандоо турунун таймашы 5-сентябрь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Федерациянын президенти Семетей Султанов футбол командалык оюн экенин, мындан улам улуттук же социалдык ажырымды тааныбай турганын белгиледи.
2016-жылы БУУнун Балдар фондусу Футбол федерациясы менен бирге балдардын укугу тууралуу маалымат жайылтуу максатында өнөктөштүк демилге көтөрүп чыккан. Былтыр Кыргызстан командасынын Филиппин, Ливан, Түркмөнстан жана Макао футболчуларынын беттеши майып балдарга, ар бир баланын камкордукка алынышына, секелек кыздардын укугунун корголушуна арналган.