Көк бөрү: президенттин кубогу үчүн ат салышчу командалар аныкталды

Жазылуу
Мелдештин байге фондусу — бир миллион сом

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Көк бөрү боюнча президенттик кубоктун финалдык оюндарына төрт команда суурулуп чыкты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Илмиянов: көк бөрүчүлөргө ат минбегендер, улак көрбөгөндөр сын тагууда - Sputnik Кыргызстан
Илмиянов: көк бөрүчүлөргө ат минбегендер, улак көрбөгөндөр сын тагууда
Жарым финалдык беттештер 29-августта жыйынтыктыкталды. Ага ылайык, баш байге үчүн "Мурас" менен "Достук" командалары күч сынашмай болду. Андан сырткары, үчүнчү жана төртүнчү орунга "Арашан" жана "Биримдик" командалары ат салышып, оюндар 31-август күнү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт.

Мелдештин байге фондусу бир миллион сом болуп, ага өлкө аймактарынан 11 команда катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0