Дарья Маслова Кытайдагы универсиадада алтын утту

© AP Photo / Chiang Ying-yingВсемирная летная Универсиаде в Китайском Тайбэе
Всемирная летная Универсиаде в Китайском Тайбэе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 10 чакырым аралыкка чуркоодо атаандаштарын артта калтырып, Кыргызстандын капчыгына алгачкы алтын медалды алып келди

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жеңил атлетчи Дарья Маслова Кытайда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк универсиадада 10 чакырым аралыкка чуркоодо биринчи келди. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында маалымдалды.

Соревнования по кок-бору в честь праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Астана: кыргыз көкбөрүчүлөрү Түркия командасынын чаңын сапырды
Маслова 10 чакырым аралыкты 33 мүнөт 19,27 секундда чуркап өткөн. Экинчи орунду индиялык Жадхав Санживани Бабуп камсыз кылса, үчүнчү орунду япониялык Ай Хосода алды.

Дарья Маслова жеңил атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, жана Ислам тилектештиги оюндарында коло байге алган.

19-августтан тарта Кытайдын Тайбэй шаарында студенттердин спорттук мелдеши өтүүдө жана ал 30-августка чейин созулат. Катышуучулар спорттун 21 түрү боюнча күч сынашат.

Мелдешке Кыргызстандын атынан дзюдо, жеңил атлетика жана таэквандо боюнча сегиз спортчу катышат. Аларды аталган мелдешке жиберүү үчүн агенттик бир миллион 222 миң сом бөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0