18:26 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8160
  • EUR77.4818
  • RUB1.0536
Кыргызстандык он спортчу Дүлөйлөрдүн 23-олимпиадалык оюндарына (Сурдлимпиялык оюндар ) катышат

Дүлөйлөрдүн олимпиадалык оюндарына Кыргызстандан 10 спортчу катышат

© Фото / пресс-служба ГАМФКиС
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
55 0 0

Бул мелдеште ийгилик жараткан спортчуларга мамлекет тарабынан сыйлыктар каралган.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызстандык он спортчу Дүлөйлөрдүн 23-олимпиадалык оюндарына (Сурдлимпиялык оюндар) катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Сурдлимпиялык оюндар — угуусу начар адамдардын спорттук мелдеши. Ал 1924-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл бул оюнга 109 мамлекеттен 4 миңден ашык спортчу барып, спорттун 21 түрү боюнча ат салышат.

Кыргызстандык спортчулар грек-рим күрөшү, эркин күрөш, дзюдо жана таэкван-до боюнча өлкө намысын коргойт.

Эгер спортчу биринчи орун алса өкмөт тарабынан 100 миң алат. Экинчи орун алгандарга 70 миң жана үчүнчү орунду камсыздагандарга 50 миң сомдон берилет.

Андан сырткары башкы жана жеке машыктыруучуларга, спортчуларга берилген акча каражатынын 25 пайызы сыйлык катары каралган.

Аталган оюндар 18-июлдан 30-июлга чейин Түркиянын Самсун шаарында өтөт.

Тема боюнча

Тыныбекова дүйнөнүн алдыңкы үч балбанынын катарында
Сүйүнчү! Дарья Маслова Азия чемпионатында дагы бир алтын утту
Белгилер:
олимпиада, Сурдлимпиядалык оюндар, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ