Айылдан келген жаш жигит университетте окуп жүргөндө дене тарбия сабагынан курсташтары 70 кг салмактагы спорттук штанганы көтөрүүнү сунушташат. Боюу 1.48 сантиметр, салмагы 42 киллограмм болгон бала штанганы бир нече жолу көтөрөт. Сырттан көз салып турган оор атлетика боюнча машыктыруучу Семен Иткин "сенин келечегиң ушул" деп айткан.
— Жогоруда мен сиздин окуяңызды баяндадым. Айтсаңыз, убагында машыктыруучунун сөздөрүнө чындап ишендиңиз беле же курулай убада катары кабыл алдыңызбы?
— Ал кезде айылдан жаңы келип кандайдыр бир чоң максаттарга жете элек болчумун. Бир жарым жашымда атам каза болуп калып, жетим өстүм. Атам колхоздо фермер болуп иштеген. Илгери Казакстандагы кыргыздардын кыштоосунан оокат тартып келе жатканда машиненин тормозу кармабай ылдыйышка түшүп кетип, атамдын акыреги сынып, бейтапканага жетпей каза табат. Жаныбек деген байкем, мен, апам, курсактагы карындашым машиненин кабинасында болчубуз. Атам алдыңкы орунда болгондуктан ыргып кетиптир…
Мектепти бүткөндө окуу жайга кирейин деген деле оюм болгон эмес. Аталаш агам "айылда эмне жүрөсүң, шаарга барып эл катары оку" дегенде, бул жактан эле машине айдоочулукту аяктап энемдин жанында болушум керек деп жагдайды түшүндүрдүм. Кечинде агам менен апам жакшылап сүйлөшкөн экен, мени борборго жөнөтүп КУУнун тарых факультетине тапшыртышты.
Окуу жайда дене тарбияга катыша тургандар бир спорттук секцияга жазылышы керек экен. Мен 1,48 сантиметр боюм менен баскетболго жазылып алдым. Машыгуудан келе жатсам оор атлетикага барган үч группалашым "жүрү, күч сынашалы" деп 50 киллограмм штанганы көтөртүштү. Андан кийин ийиниме 70 киллограммды илгенде 4 жолу отуруп-туруптурмун. Өзүмдүн салмагым 42 эле киллограм болчу. Ошондо болочоктогу машыктыруучум мугалимдер бөлмөсүнөн карап турган экен. Эртеси жашаган жериме издеп барып, залдан чыгарбай тарбиялады. Ал кезде оор атлетика боюнча дүйнөнү багындырам деп ойлогон эмесмин.
— Оор атлетикага студент кезиңизде аралашып баштасаңыз, бул курак спорт үчүн кеч эмес бекен?
— Мен 17 жашымдан тарта машыга баштадым. Адамдын ден соолугунун мүмкүнчүлүгүнө караш керек. Айылдан спорт менен машыкпасак дагы кара жумушту тынбай жасачубуз. Ошонун баары күч эмей, анан эмне? Азыр шаардын жаш балдары элеттин балдарындай карылуу эмес. Бирок эми илгери биздин учурдагы айылдык балдар менен азыркыларды салыштыруу мүмкүн эмес. Дене тарбияны өнүктүрүү маселеси өлкө боюнча жолго коюлушу керек деп ойлойм.
— Кийин машыктыруучуңузга рахмат айттыңызбы?
— Азыр ал Израилдин Ашкелон шаарында жашайт. Бүгүнкү күнгө чейин телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Жети жыл мурун анын үйүнө барып учурашып келсем, ал менин 60 жылдыгымда конок болуп кеткен. Үй-бүлөлүк карым-катнаш түзүп алганбыз.
— Оор атлетика боюнча Дүйнөнүн 4-жолку чемпиону болууга жетиштиӊиз, олимпиаданын чемпиону болдуӊуз. Убагында Кыргызстандын атын далайга тааныттыңыз дегендей. Бирок, бул Совет мезгилинде болду. Азыркы шартта Кыргызстанды дүйнөлүк деӊгээлге чыгаруу мүмкүнбү, болсо кантип?
— Учурда спорт менен машыгып турасызбы?
— Өзүм оор атлетчи болгонум менен стадионду 10 ирет тегерене чуркачумун. Азыр күндө эртең менен саат беште чуркап, көнүгүүлөрдү жасап, бакчамда иштейм. Айтор жаным тынбайт. Жаштарга таң эрте сергек жашоо үчүн 30 мүнөт убактыңды жумша деп айткым келет. Ден соолук болбосо, кайдагы иш.
— Балдарыңыздын арасында жолуңузду жолдогондор болдубу?
2000-жылы кылым тогошуп жаткан мезгилинде 4-октябрь Сидней Олимпиадасынын жабылыш аземинде улуу балам кыздуу болду. Энекем, балдарым менен кеңешип, атын Олимпиада койдук. Алгач таң калышканда "эми мен мындай чоң оюнду ута албайм, бирок көзүм өткөнчө Олимпиада деп кыйкырып жүргөнгө укугум бар" дедим. Азыр неберем мектепти бүтүп, окууга тапшырып жатат. Олимпиадам "сизди жана сиз койгон атты булгабайм" деп көп айтат. Өзү окууга ынтызаар, спортко аралашкан деле жок.
— Каныбек агай, 2015-жылы бир партия менен депутаттыка аттанып жаттыңыз эле. Бирок азыр саясаттан алыс эле жүрөсүз?
— Негизи саясатка аралашайын деген оюм жок болчу. Партия өкүлдөрү Кеминден жетиштүү кол топтоп берсеңиз депутат кылабыз деп калышты. Бир-эки жолу кезигип, иштешип көргөндөн кийин көңүлүмө жаккан жок. Анан кечирип койгула деп аягына чейин ат салышкан жокмун.
— Азыр эмне тууралуу ойлоносуз?
— Акылым күчөп турганда тарбия-таалим, ден соолук, патриоттуулук боюнча окуу жайларды, айылдагы мектептерди кыдырып сабак өтүп турам. Калган өмүрдү жакшылыкка жумшагым келет. Биз го тарбияланып бүттүк, мындан жаштардын көкүрөгүн толтуруш керек…