Мейвезер мушкер Конор менен беттешкенден кийин миллиард доллар табышы мүмкүн

© REUTERS / LUCY NICHOLSONБокстун беш салмак категориясы боюнча дүйнөнүн экс чемпиону америкалык Флойд Мейвезер UFC жылдызы Конор Макгрегор менен
Бокстун беш салмак категориясы боюнча дүйнөнүн экс чемпиону америкалык Флойд Мейвезер UFC жылдызы Конор Макгрегор менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай аналитикалык эсепти америкалык Forbes журналы жарыялады

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бокстун беш салмак категориясы боюнча дүйнөнүн экс чемпиону америкалык Флойд Мейвезер UFC жылдызы Конор Макгрегор менен боло турган беттешинен 1 миллиард доллардан ашуун киреше табышы мүмкүн.

Мындай аналитикалык эсепти америкалык Forbes журналы жарыялады.

Бразилиялык спортчу Аманда Нуньестин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Нуньес эмне себептен Шевченко менен беттешүүдөн баш тартканын айтып берди
Аталган журналдын рейтингинде буга чейин 1 миллиард доллардан ашуун киреше тапкан дүйнөдө эки спортчу болгон. Алар баскетболчу Майкл Джордан (1,5 миллиард доллар) жана гольфчу Тайгер Вудс (1,4 миллиард доллар).

2015-жылы өткөн Мэйвезер менен Мэнни Пакьяонун беттеши уюштуруучуларга 600 миллион доллар пайда алып келген. Анда Мэйвезер жеңип чыгып бокс тарыхында алгачкы ирет 240 миллион доллар алган.

Мындан сырткары Forbes журналы мушкер быйыл ар кандай сунуштардан баш тартып өзүнүн карьерасын жыйынтыктаганын жазган.

Жакында эле америкалык мушкер Нью-Йоркто өткөргөн маалымат жыйынында Макгрегорго бир долларлык купюраларды ыргыткан

Белгилей кетсек, Мейвезер кичүүсү менен Макгрегордун беттеши 26-августта Лас-Вегаста бокс эрежеси боюнча орто салмак категориясында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0