Тыныбекова дүйнөнүн алдыңкы үч балбанынын катарында

© AFP / JACK GUEZОлимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг
Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
UWW жаңыланган рейтингинде алдыңкы үчтүктөгү спортчулардын курамы өзгөргөн жок

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн жаңыланган рейтингинде алдыңкы үчтүктөгү орунун сактап калды.

1980-жылы Москвада өткөн олимпиаданын алтын медалынын ээси, оор атлетчи Каныбек Осмоналиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Осмоналиев: небере кызымдын атын Олимпиада койгом
Июлдун рейтинги Перуда өткөн Панамерикалык оюндар, Литвадагы Түндүк Европанын чемпионаты менен Польшадагы эл аралык турнирдин жыйынтыктарынын негизинде чыгарылган.

Биринчи орунду мурдагыдай эле Олимпиаданын жеңүүчүсү япониялык Каори Ичо ээлеп турат. Экинчини тунистик спортчу Марве Амри ээлесе, үчүнчүнү орунду Польшадагы турнирде күмүш медаль тагынган Айсулуу Тыныбекова алды.

Ал эми буга чейин төртүнчү орунда турган Валерия Коблова-Жолобова бир тепкичке түшүп калган. Анын ордуна Европа чемпиону аталган норвегиялык Грей Буллен көтөрүлгөн.

Өткөн жумада Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open эл аралык турниринде экинчи болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0