FIFA рейтинги: Кыргызстан алдыга жылды, Германия сап башында

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч между сборными Кыргызстана и Казахстана по футболу на стадионе имени Долона Омурзакова
Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Казахстана по футболу на стадионе имени Долона Омурзакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
FIFA рейтинги: Кыргызстан алдыга жылды, Германия сап башында

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы эми беш тепкичке көтөрүлүп, 127-орунду ээледи.

Июлдагы рейтинг бейшемби күнү жарыяланды.

Футбол. Кубок конфедераций-2017. Церемония награждения - Sputnik Кыргызстан
Германия бир гол менен Россияда өткөн Конфедерация кубогун утуп кетти
Курама команда июнь айында 132-орунду ээлеген. Өткөн айда кыргызстандык футболчулар Индиянын командасы менен беттешип, аларга жеңилип калган.

Рейтингде Россияда өткөн Конфедерация кубогундагы жеңишинен кийин Германия Бразилия менен Аргентинаны артта калтырып, азыр биринчи орунга чыкты.

Айдын эң начар командасы деп намибиялык спортчулар аталып, 156-орунда калды. Жакшы көрсөткүч жараткан деп Андорра шаарынын командасын аныкташты. Алар 57 позицияга көтөрүлүп, 129-орунду камсыздашкан.

Борбор Азиянын командаларынын ичинен сап башында Өзбекстан (65-орун), андан кийин Казакстан (106-орун), анын артында Кыргызстан (127-орун), Түркмөнстан (137-орун) жана 149-сапта Тажикстан келе жатат.

Рейтингдин кезектеги жаңылануусу 10-августта болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0