"Барса" Месси менен келишимди узартканын тастыктады

© AP Photo / Manu FernandezИзвестный футболист ФК Барселона Лионель Месси
Известный футболист ФК Барселона Лионель Месси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атактуу футболчу менен жаңы келишим 2021-жылга чейин түзүлгөн.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Испаниянын "Барселона" клубу расмий сайтына Лионель Месси менен болгон келишими узарганын жазып чыкты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Белгилей кетсек, учурдагы келишимдин мөөнөтү 2018-жылы бүтмөк.

"Тараптар келишимди 2021-жылдын 30-июнуна чейин узартуу боюнча сүйлөшүшкөн. Жакынкы күндөрү келишимге кол коюлат", — деп жазылат маалыматта.

Лионель Месси "Барсанын" курамында 583 жолу ойноп, 507 гол киргизген. Сегиз ирет Испания чемпиону аталып, төрт жолу Чемпиондор Лигасын утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0