Бишкектеги массалык уулануу. Жабыркагандардын саны 253кө жетти

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүСуши. Архив
Суши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Уулангандар массалык түрдө ооруканага кайрылып жатканы тууралуу өткөн дем алышта белгилүү болгон. Ошондон бери жабыркагандардын саны улам өсүп жатат.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Тамактан ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны 253кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ооруканага Бишкектин гана эмес, Чүй облусунун тургундары дагы кайрылууда. Кечээ күнү уулангандардын саны 179 болчу.
Уулангандардын 60ы ооруканада дарыланууда:
  • Темир жол ооруканасында — 19;
  • № 3 шаардык клиникалык балдар ооруканасында — 18;
  • Улуттук госпиталда — 23.
Баарынын абалы канааттандырарлык. Калганы медициналык жардам алган соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн.
Эске салсак, 24-октябрда тамакка ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган. Санэпидкөзөмөл уулангандар Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин төрт филиалынан ролл жегенин кабарлаган. 25-октябрь күнү уулангандардын саны 85ке жеткен. Ал эми кечээ, 26-октябрда, жабыркагандардын саны 179га өскөн. Алардын 18и балдар.
Ош базары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Кыргызстанда кайсы объектилер капилет текшерилиши мүмкүн. Тизме
Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрдан тарта ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны боюнча маалыматтарды берип жатат. Бирок пресс-релизде жабыркагандар кайсы жерден жана кандайча ууланганы так көрсөтүлгөн эмес. Болгону "Бишкектеги массалык уулануу" деп жазылган.
Бул окуяга байланыштуу "Империя пиццы" кафесинин бардык филиалдары убактылуу жабылды. Муну менен катар Кыргызстанда тамак-аш саткан объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды.
Кафенин филиалдарынын администрациясына жалпы суммасы 30,5 миң сомдук беш протокол түзүлдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0