"Империя пиццы" кафесинен уулангандардын саны 179га жетти

© Sputnik / Андрей Станавов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы турган капельница. Архив
Ооруканадагы турган капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Тамакка ууланып кайрылгандардын ичинен 18и балдар экени айтылды. Алардын 12си учурда ооруканада.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкектеги кафеден ролл жеп ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны 179га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалымат бүгүн, 26-октябрь, саат 11:00гө карата алынган. Билдирмеге караганда, статистикага Чүй облусу да кошулган. Тамакка ууланып кайрылган 179 адамдын 18и балдар.
Ууланып ооруканада дарыланып жаткандар:
  • Темир жол ооруканасы — 13;
  • 3-шаардык клиникалык балдар ооруканасы — 12;
  • Улуттук госпиталь — 24;
  • Ысык-Атадагы жалпы дарыгердик практика борбору — 1.
Калганы медициналык жардам алган соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн.
Эске салсак, 24-октябрда "Империя пиццы" кафесинин тамагына ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0