"Империя пиццы" кафесинин бардык филиалдары убактылуу жабылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Империя пиццы" кафеси. Архив
Империя пиццы кафеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Бүгүн эртең мененки маалымат боюнча, ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 85ке жетти. Бир киши стационарда дарыланууда.
БИШКЕК, 25 окт — Sputnik. "Империя пиццы" кафесинин бардык филиалдары эпидемиологиялык изилдөө үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев билдирди.
Анын айтымында, иликтөөгө кеминде бир жума убакыт керек.
"Биз алынган анализдин баарын лабораторияга жөнөттүк. Жыйынтыгы үч-төрт күндө чыгат деп күтүп жатабыз. Бардык кафелер анализ тапшырат. Уулануунун себебин жана ким күнөөлүү экенин аныктоо үчүн кеминде бир жума убакыт кетет", — деди Мурзашев.
Эске салсак, кечээ "Империя пиццы" кафесинин тамагына ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала болчу. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган.
Бүгүн эртең мененки маалымат боюнча, ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 85ке жетти. Бир киши стационарда дарыланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0