06:20 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7942
  • EUR95.7496
  • RUB1.1510
Коом
Кыскача шилтеме алуу
194030

Октябрь — эмчек рагын алдын алуу жана ушул оору менен күрөшүү айы. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2020-жылы бул оорунун эки миллиондон ашык жаңы учуру катталган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Улуттук онкология жана гематология борборунун онкологу, маммолог, жогорку категориядагы дарыгер Ибрагим Алиев менен аталган дарт жана аны дарылоо жолдору тууралуу маектешкен.

— Рак оорусунун пайда болуу себептерине токтолуп кетсеңиз?

— Бул дарттын келип чыгуу себептери ар кандай. Кимден, качан рак аныкталарын так билүүчү аппарат же анализ жок. Бул оорунун он пайызын гана кандын анализи аркылуу аныктаса болот. Дүйнө жүзүндөгү статистика боюнча анын пайда болушуна биринчи генетикалык фактор, анан жаш курак таасир этет. 35 жаштан 55 жашка чейинки аялдардын арасында эмчек рагына чалдыккандар абдан көп. Ага дейре жана андан кийинки курактагыларда деле бул дарт кездешет. Бирок көбүнчө ушул курактагылар ооруйт. Аларга жок дегенде жылына бир жолу УЗИден же маммографиядан өтүп тургула деп кеңеш беребиз. Мындан тышкары, эмчек рагы ашыкча салмак менен жабыркаган, тамеки чеккен, спирт ичимдиктерин көп ичкен жана жаракат алган кишиде пайда болушу мүмкүн. Жол кырсыгына кабылганда же төшүн бир нерсеге катуу уруп алса сөзсүз маммологго көрүнүү керек. Канчалык эртерээк текшерилсе ошончо жакшы. Айрым аялдардын сүт бездери аябай катуу же эстроген гормондору жогору болот. Бул да ооруга өбөлгө түзөт. Ал эми генетикалык фактор таасир эткендер ооругандардын он пайызын гана түзөт. Энесинде, таенесинде же тукумунда дарт кездешкен кыздар маммологго текшерилип, атайын анализ тапшырып коюшу зарыл. Аны өмүрүндө бир эле жолу тапшырат. Бул анализ генде мутация бар же жогун гана көрсөтөт. Мындай мутациясы бар адамдардын рак менен ооруп калуу кепилдиги 80 пайыздан жогору.

Онколог Национального центра онкологии и гематологии, маммолог, врач высшей категории Ибрагим Алиев на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Ибрагим Алиев: 35 жаштан 55 жашка чейинки аялдардын арасында эмчек рагына чалдыккандар абдан көп

— Чет мамлекеттерде ракты алдын алууда сүт бездерин толук алып салууну сунушташарын билебиз. Бизде да мындай практика каралганбы?

— Европада Анжелина Жолиден кийин ушул ыкмага көп көңүл бура башташты көрүнөт. Анализ тапшырган соң генетикасында жогорудагыдай мутация табылып, ага тери алдындагы мастэктоматия ыкмасы жасалган. Мында териси калат да сүт бездеринин ордуна имплант коюп коёт. Бул башка адамга билинбейт, пластикалык операцияга эле окшош. Бизде мындай операциянын жоктугунун себеби экономикалык жагдайга байланыштуу болушу мүмкүн. Жогорудагыдай анализди тапшырган кыздар да өтө сейрек.

— Чет өлкөлөрдө да башка ооруларга салыштырмалуу ушул эмчек рагы өтө кеңири тараган экен. Бул эмнеден улам же аялуу орган болгондуктанбы?

— Буга жашоо образы да себеп болот. Анча өнүкпөгөн өлкөлөрдө аялдар эмчек рагы менен көп оорушпайт. Анткени алар көп төрөгөндүктөн эмчек өз функциясын так аткарат. Ошондой эле табигый тамак-аш менен азыктанат. Негизи бул орган сулуулук же башка нерсе үчүн эмес, так ушул бала эмизүү үчүн жаратылган да. Башкача айтканда, функциясы ошол. Акыркы 60-70 жылдын ичинде биздин жашообуз тез эле башка нукка өзгөрүп кетти. Батыштын жашоо образына баары бир аралашып жатабыз. Ал жакта айымдар турмушка кеч чыгат, аз төрөйт. Ошол себептен эмчек өз функциясын так, туура, убагында аткара албай бир аз кыйналып калат. Жалпак тил менен айтканда, ушундан улам да оорулар көбөйүп жатат. Салыштыра келгенде өнүккөн өлкөлөрдө эмчек рагы менен ооругандар көп. Бизде 100 миң аялдын жыйырмасы ооруса, аларда 100-120сы ооруйт. Бул абдан коркунучтуу көрсөткүч. Азыр биздин жашоо-турмуш да батышка жакындоодо. Демек, бизде да ооругандардын саны ушул көрсөткүчкө бара жатат деген божомол бар.

Онколог, маммолог, врач высшей категории Национального центра онкологии и гематологии Ибрагим Алиев
© Фото / из личного архива Ибрагима Алиева
Ибрагим Алиев: бизде 100 миң аялдын жыйырмасы ооруса, чет өлкөдө 100-120сы ооруйт. Бул абдан коркунучтуу көрсөткүч

— Негизи аялдар гана эмес эркектер да эмчек безинин рагына кабылып калышы мүмкүн экен. Адамдын жынысы жана жаш курагы ооруга чалдыгуу ыктымалдуулугуна кандай таасир этет?

— Албетте, жынысы сөзсүз роль ойнойт. Анткени бул дарт менен аялдар көп ооруйт. Менин иштегениме 20 жылдын жүзү болду, ушул аралыкта Кыргызстан боюнча эки жылда бир эркек ушул ооруга чалдыгып келет. Буларда деле жалган жана чын деген гинекомастия болот. Толук кишилерде жөн эле май чогула берип жалган гинекомастия (бездердин жана май ткандарынын гипертрофиясынан эмчектин чоңоюшу — ред.) болот. Ал эми кээ бирлердин бир жак төшү же эки жагы тең аялдардыкындай чоңоё берет. Көбүнчө бир жагы. Бул кишилер мурда жаракат алган же кандайдыр бир себептер менен организминде гормоналдык бузулуу болгон. Муну өздөрү да байкабай жүрө беришет.

Онколог Национального центра онкологии и гематологии, маммолог, врач высшей категории Ибрагим Алиев на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Ибрагим Алиев: эмчек — бул сыртта жайгашкан орган. Буга кымбат анализдин кереги жок. Рактын эң жаман жери — биринчи, экинчи, кээде үчүнчү стадиясында да оорутпайт. Ошондуктан адам кебелбей жүрө берет. Оорусун билгенде да айрымдар чөп менен дарылаган бүбү-бакшыларга барып акчасын коротуп, убактысын кетиришет

— Дарыгерлер баштапкы рактын белгилерин айыктыруу оңой, бирок байкоо кыйын дешет. Кандай белгилери болот?

— Биздин эл өзүнө көңүл бөлбөйт же оору тууралуу маалыматы аз. Улуттук онкология борборунун маммология бөлүмү 2010-жылдан баштап дартты эрте аныктоо боюнча акцияларды өткөрүп келебиз. Жер-жерлерге барып алгачкы белгилерин текшерип, ооруну кантип аныктоо керектигин окутуп гинеколог, маммологдорду даярдаганбыз. Аябай көп жумуш аткардык, бирок биз күткөндөй жыйынтык болгон жок. Эмчек — бул сыртта жайгашкан орган. Буга кымбат анализдин кереги жок. Бирок аялдар алгач оорунун белгилери бар экендигин укканда эле качышат же бизге ишенбейт. Биз көзөмөлдөөчү орган болбогондон кийин артынан куубайбыз. Бирок бир жылдан кийин күчөтүп алып, оорунун үчүнчү же төртүнчү стадиясында айла жок кайра келишет. Алардын көбү "мен оорубай жакшы эле жүрөм, кантип эле рак болуп калмак элем" дешет. Рактын эң жаман жери — биринчи, экинчи, кээде үчүнчү стадиясында да оорутпайт. Ошондуктан адам кебелбей жүрө берет. Оорусун билгенде да айрымдар чөп менен дарылаган бүбү-бакшыларга барып акчасын коротуп, убактысын кетиришет. Алар ракка эч кандай жардам бере албайт. Кийин аларды сотко да бере албайсыз. Ошол себептен дароо эле дарыгерлерге келүү керек.

Онколог, маммолог, врач высшей категории Национального центра онкологии и гематологии Ибрагим Алиев
© Фото / из личного архива Ибрагима Алиева
Ибрагим Алиев: аял киши бир жумада бир ваннага түшкөн маалда эле күзгүнүн алдына беш мүнөт убактысын бөлүп, эмчектерин карап көрсө болот. Анын формасынын өзгөргөнүн, үрпүнүн тартылганын, анан өңүн карашы керек

— Эмчек рагы жашарып кетти дешет. Бул ооруну кол менен кармалап билсе болобу?

— Жашарып кетти деген жөн эле сөз. Аял киши бир жумада бир ваннага түшкөн маалда эле күзгүнүн алдына беш мүнөт убактысын бөлүп, эмчектерин карап көрсө болот. Анын формасынын өзгөргөнүн, үрпүнүн тартылганын, анан өңүн карашы керек. Мындан тышкары, сүт бездерин акырын сылап көргөн соң колду көтөрүп колтукту да сылап байкоо абзел. Бул абдан эффективдүү ыкма.

Бир жылда бир жолу маммологго барып, УЗИге түшүп туруу зарыл. Ал эми маммографияга рактын бир белгиси байкалса гана жиберебиз.

Тема боюнча

Ээги көкүрөгүнө жетпей желке тырышат. Менингит дарты тууралуу маек
Подиатр Бообеков: дүйнөдө 20 секунд сайын диабетке кабылган бир кишинин буту кесилет
Уролог Хакимходжаев: импотенцияга чалдыккан эркектерге протез коюп жатабыз
Белгилер:
маммолог, Ибрагим Алиев, эмчек рагы, оору, аял, эркек, онколог

ЭҢ МААНИЛҮҮ