9-сентябрь күнү Бишкектин айрым жерлеринде жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЭлектр энергия өчүргүчтөр. Архив
Электр энергия өчүргүчтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
Электр жарыгы шаардын борбордук бөлүгүнөн тышкары жаңы конуштарда дагы өчүрүлөт. Буга пландык оңдоолор себеп болууда.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкектин кээ бир аймактарында бейшемби күнү, 9-сентябрда, жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы кабарлады.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Ак-Босого (Саадаев, Түлөбердиев, Манас, Архитекторская, Чүй-17 жана Чүй-21 көчөлөрү), Ак-Өргө (Чамгарак, Жолон, Боз-Салкын көчөлөрү) жаңы конуштары, Аламүдүн-1 (№ 85, 86) кичи району. Ошондой эле жарык Көлбаев, Калинин, Панфилов, Орозбеков, Тельман, Баялинов, Курманжан датка, Айтматов, Жибек жолу көчөлөрү жана Донский тар көчөсү;
  • 9:00дөн 19:00гө чейин — Дэн Сяопин проспектиси, Фучик, Медеров, Тыныстанов, Үсөнбаев, Ибраимов, Күрөңкеев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Ахунбаев көчөсүнүн № 94 үйү;
  • 9:30дан 18:30га чейин — Кара-Жыгач жана Дордой жаңы конуштары.
Жаңылыктар түрмөгү
0