00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
42 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
«Кыргызтелеком» улуттук телекоммуникация оператору статусуна ээ болду — эмне өзгөрөт?
13:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что изучает политология и почему без неё трудно понять политику - беседа с экспертом
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
6 мин
Ачык кеп
Жер көчкүдөн коргонуу: ӨКМ жана АӨБ кандай чараларды көрөт
15:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Экология и общество: какие проекты из КР получили гранты Росатома
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Туризмди өнүктүрүп, экологияны сактайбы? Кыргызстанда геопарктарды түзүү демилгеси
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Центр ШОС в Кыргызстане: зачем региону общая борьба с преступностью
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Щепкинде кыргызча билим алган актерлор. Кыргыз кино жана театры тууралуу маек
19:06
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Евразийский узел. Почему агрессия против Ирана вредит интересам России, Китая и ЦА?
20:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

QazVac вакцинасын жеткирип келген казак окумуштуусу препарат тууралуу айтып берди

© Фото / пресс-служба Минздрава и соцразвития КРКыргызстанга гуманитардык жардам катары QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы алып келинди
Кыргызстанга гуманитардык жардам катары QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы алып келинди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Өндүрүүчүлөрдүн айтымында, QazVac вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун стандарттарына туура келет жана аны менен бүгүнкү күнгө чейин 300 миңден ашык казакстандык эмделди.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстанга гуманитардык жардам катары QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

© Фото / пресс-служба Минздрава и соцразвития КР25 тысяч доз казахстанской вакцины "QazVac" против COVID-19, в виде гуманитарной помощи, доставили в Бишкек. 28 июля 2021 года
Кыргызстанга гуманитардык жардам катары QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы алып келинди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстанга гуманитардык жардам катары QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы алып келинди
© Фото / пресс-служба Минздрава и соцразвития КРВстреча посла РК Рапиля Жошыбаева с главой Минздравсоцразвития Алымкадыром Бейшеналиевым во время доставки казахстанской вакцины "QazVac" в Бишкек. 28 июля 2021 года
Препаратты тапшыруу иш-чарасына КРдин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, казак элчиси Рапиль Жошыбаев жана вакцинаны иштеп чыккан илимий борбордун өкүлдөрү катышты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Препаратты тапшыруу иш-чарасына КРдин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, казак элчиси Рапиль Жошыбаев жана вакцинаны иштеп чыккан илимий борбордун өкүлдөрү катышты.
1/2
Кыргызстанга гуманитардык жардам катары QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы алып келинди
2/2
Препаратты тапшыруу иш-чарасына КРдин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, казак элчиси Рапиль Жошыбаев жана вакцинаны иштеп чыккан илимий борбордун өкүлдөрү катышты.

Препаратты тапшыруу иш-чарасына КРдин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, казак элчиси Рапиль Жошыбаев жана вакцинаны иштеп чыккан илимий борбордун өкүлдөрү катышты.

"Вакцинаны казак өкмөтү президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен жеткирип отурат. Бул тууралуу буга чейин эки өлкөнүн лидерлеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр болгон", — деди казак элчиси.

Өз кезегинде министр Бейшеналиев Казакстанга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Казакстан былтыр жардам иретинде 400 даана өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруучу портативдик аппараттарды, 2 миллион даана медициналык бет кап берген. Ал эми бүгүн жеткирилген 25 миң доза вакцина менен 12,5 миң кишини эмдөөгө болот", — деди Бейшеналиев.

Казакстандын Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө институтунун директорунун орун басары, QazVac вакцинасын иштеп чыккан адистердин бири Ергали Абдураимов препарат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун стандарттарына туура келерин жана аны менен 300 миңден ашык казакстандык эмделгенин айтты.

Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жапаров: бир бейтапты дарылоого 1 миң доллар кетип жатат, сураныч, эмделгиле!
"18 жаштан жогорку бардык каалоочуларды эмдесе болот. Эки компоненттин ортосунда башка вакциналардай эле 21 күн өтүшү керек. Ушул күнгө чейин олуттуу кыйыр таасирлери байкала элек", — деди окумуштуу.

QazVac вакцинасы Казакстандын Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө институту тарабынан иштелип чыгып, жыл башынан бери коңшу өлкөдө кеңири пайдаланылууда. Ал коронавирустан 90 пайызга чейин коргой алары айтылат.

Эске салсак, ушул убакка чейин кыргызстандыктар Кытайдын Sinofarm, Россиянын "Спутник V" жана швед-британия окумуштуулары биргеликте иштеп чыккан AstraZeneca вакциналарын алып жаткан.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0