Бишкектеги шайлоодо мыйзам бузгандарды кабарлагыла! Телефон номерлер

© Sputnik / Жоомарт УраимовВыборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Мэрия өзүнүн аймагындагы төрт районду жана Борбордук шайлоо комиссиясын кошкондо, баш-аягы 12 телефон номерди элге жарыялады.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештин 11-июлдагы шайлоосуна акимчиликтердин, жергиликтүү аймактык башкармалыктардын кызматкерлери, жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери киришкенин көргөндөр дароо кабарлагыла. Мындай кайрылууну Бишкек мэриясы таратты.
Муниципалитеттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, дооматтар саат 9:00дөн саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
Мыйзам бузууларды кабарлай турган телефондордун номерлери:
  • Ленин району: 0(312) 88-74-31, сүрөт жана видеого тартылган фактыларды (0702) 927288 WhatsApp номерине жөнөтсө болот;
  • Биринчи май району: 0(312) 62-12-23, 0(312) 32-50-92, WhatsApp — (0999) 312666;
  • Октябрь району: 0(312) 57-94-40; 57-63-80, WhatsApp — (0772) 408412;
  • Свердлов району: 0(312) 43-38-63, WhatsApp — (0706) 680544;
  • Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 1255, 660240 телефон номерлерине чалууга да болот.
Эске салсак, 11-июлда Кыргызстан боюнча Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттары шайланат. Жаздагы, 11-апрелдеги добуш берүү жапырт мыйзамсыз иштер менен коштолгондуктан анын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Мындан соң президент Садыр Жапаров кайра шайлоону дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0