Мэрия: жол кирени өз алдынча көтөргөн айдоочуларды көрсөңөр кабарлагыла

© Sputnik / Жоомарт УраимовРабота общественного транспорта в Бишкеке
Работа общественного транспорта в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Мэриянын социалдык тармактардагы баракчасына шаардыктар кайрылып, №130 маршрутканын айрым айдоочулары жол кирени өз алдынча жогорулатып алганын айтып даттанган.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы жол кирени өз алдынча кымбаттатып алган маршруттук таксилердин айдоочуларын жазага тартарын билдирип, андай фактылар болсо кайрыла турган телефон номерди жарыялады. Бул тууралуу шаардык бийликтин маалымат кызматы билдирди.
Мэриянын социалдык тармактардагы баракчасына шаардыктар кайрылып, №130 маршрутканын айрым айдоочулары жол кирени өз алдынча жогорулатып алганын айтышып, аны көзөмөлгө алууну өтүнүшкөн.
"Бул тезинен көзөмөлгө алынып, мэриянын транспорт башкармалыгы аталган линияга ээлик кылган "Трансгрупп Коммуникейшн" ЖЧКсына эскертүү берген. Өз кезегинде ишкана жетекчилиги маселени жеке көзөмөлгө алып, дагы кайталанса айдоочулар жазаланарын, ал турсун алар менен келишим токтотуларын эскертти", — деп айтылат маалыматта.
В Москве продлили запрет на ночную работу баров и ресторанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Бишкекте бир катар кафе, ресторандарга айып пул салынды. Тизме
Аны менен катар эле мэрия маршруткалардын жана башка коомдук транспорттун айдоочуларын санитардык эрежелерди сактоого чакырды.
COVID-19 вирусунун жайылуусун алдын алуу боюнча кабыл алынган санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө үчүн рейд коомдук транспорттордун акыркы аялдама пунктуларында жана шаардагы токтоочу аянттарда жүргүзүлүүдө. 8-июлда жүргөн иш-чаранын жыйынтыгында санитардык эрежелерди сактабаган бир катар айдоочуларга административдик протоколдор түзүлдү.
Мэрия шаар тургундарына кайрылып, жогорудагыдай окуяга күбө болсоңор сүрөт жана видеого тартып, 0554 182-185 WhatsApp номери аркылуу жиберишин өтүндү.
Жаңылыктар түрмөгү
0