https://sputnik.kg/20210705/rossiyalyk-zhozh-kyrgyzstandyk-abiturientterge-byudzhettik-20-orun-boldu-1053115647.html
Элчилик: россиялык ЖОЖ кыргызстандык абитуриенттерге бюджеттик 20 орун бөлдү
Элчилик: россиялык ЖОЖ кыргызстандык абитуриенттерге бюджеттик 20 орун бөлдү
Sputnik Кыргызстан
I курстун студенттерине ай сайын стипендия төлөнүп берилери айтылган. Документтер 20-июлдан тарта кабыл алынып, окуу сентябрь айында башталат. 05.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-05T20:22+0600
2021-07-05T20:22+0600
2021-12-16T22:31+0600
жаңылыктар
коом
россия
дүйнөдө
жогорку окуу жайы
бюджет
окуу
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e5/07/05/1053116018_0:0:3078:1740_1920x0_80_0_0_d5d440fd634ed3d2743949904325dd4f.jpg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россиядагы жогорку окуу жайлардын бири кыргызстандыктар үчүн бюджеттик негизде билим алууну сунуштайт. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинен кабарлашты.2021-2022-окуу жылына карата кыргызстандык талапкерлер үчүн "Приморье мамлекеттик айыл чарба академиясына" топтоо түзүмүндө төмөнкү багыттар боюнча күндүзгү окууга 20 бюджеттик орун бөлүнгөн.Алар төмөнкү адистиктер боюнча:Кирүү тесттери ПМАЧАнын электрондук маалымат тутумун колдонуу менен аралыктан жүргүзүлөт. Документтер 2021-жылдын 20-июлуна чейин кабыл алынса, кирүү сынактары – 29-июлдан башталат. Окуу 2021-жылдын 1-сентябрында башталмакчы.Маалыматта бардык чет өлкөлүк студенттер жатакана менен камсыз болушары (койка - орун баасы айына 800 рублдан) жана I курстун студенттерине ай сайын стипендия төлөнүп берилери айтылган.
https://sputnik.kg/20210211/rossiyalyk-zhozhdorgo-tapshyruu-zhenildedi-1051421277.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/07/05/1053116018_0:0:3078:1934_1920x0_80_0_0_0467032a006282bc5c435f0467600fd2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, россия, дүйнөдө, жогорку окуу жайы, бюджет, окуу, кыргызстан
жаңылыктар, коом, россия, дүйнөдө, жогорку окуу жайы, бюджет, окуу, кыргызстан
Элчилик: россиялык ЖОЖ кыргызстандык абитуриенттерге бюджеттик 20 орун бөлдү
20:22 05.07.2021 (Жаңыртылды: 22:31 16.12.2021) I курстун студенттерине ай сайын стипендия төлөнүп берилери айтылган. Документтер 20-июлдан тарта кабыл алынып, окуу сентябрь айында башталат.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россиядагы жогорку окуу жайлардын бири кыргызстандыктар үчүн бюджеттик негизде билим алууну сунуштайт. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинен кабарлашты.
"Усурийск шаарындагы "Приморье мамлекеттик айыл чарба академиясы" (ПМАЧА) жогорку билим берүү Федералдык мамлекеттик бюджеттик билим берүү мекемесине КР жарандарын, анын ичинде РФ аймагында жашаган (эгер миграциялык картасында "Окуу" деп көрсөтүлсө) жарандарды окутуунун күндүзгү формасына чакырат", — деп айтылат элчилик тараткан маалыматта.
2021-2022-окуу жылына карата кыргызстандык талапкерлер үчүн "Приморье мамлекеттик айыл чарба академиясына" топтоо түзүмүндө төмөнкү багыттар боюнча күндүзгү окууга 20 бюджеттик орун бөлүнгөн.
Алар төмөнкү адистиктер боюнча:
- Агроинженерия;
- Агрономия;
- Агрохимия жана агроөсүмдүктөр;
- Ветеринардык-санитардык экспертиза;
- Зоотехния;
- Токой чарбасы;
- Өндүрүш технологиясы жана айыл чарба продукциясын иштетүү.
11 Бирдин айы 2021, 17:13
Кабыл алуу эрежелерине ылайык, чет өлкөлүк уюмда билим алгандыгы жөнүндө күбөлүк алган абитуриенттер Академияга кирүү экзамендеринин жыйынтыгы боюнча кире алышат. Документтер
Академиянын сайты аркылуу "Абитуриент" бөлүгүндө дистанциондук түрдө электрондук жол менен тапшырылат.
Кирүү тесттери ПМАЧАнын электрондук маалымат тутумун колдонуу менен аралыктан жүргүзүлөт. Документтер 2021-жылдын 20-июлуна чейин кабыл алынса, кирүү сынактары – 29-июлдан башталат. Окуу 2021-жылдын 1-сентябрында башталмакчы.
Маалыматта бардык чет өлкөлүк студенттер жатакана менен камсыз болушары (койка - орун баасы айына 800 рублдан) жана I курстун студенттерине ай сайын стипендия төлөнүп берилери айтылган.