Жок дегенде үйүңүздүн жанындагы даракка суу куюңуз. Бишкек мэриясы элге кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын имараты. Архив
Бишкек мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Шаардагы бак-дарактарды сугарууга төрт акимчилик жана жалпы муниципалдык кызмат чыгары айтылды. Мэрия шаар тургундарын да кол кабыш кылууга чакырып, эртең менен 9:00гө чейин же кечки 19:00дөн кийин сугаруу керектигин эскертти.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардыктарды бирден бак-дарак сугарууга чакырат. Бул тууралуу шаар бийлигинин маалымат кызматы билдирди.
Мэрия жакынкы күндөрү баш калаада күн кескин ысый турганын эскертти.
"Борбор Азия чөлкөмүндө, анын ичинде Кыргызстанда сугат суу таңкыс болот. Урматтуу шаардыктар, сиздер да четте калбай бирден даракка, жашыл бакка, жок дегенде үйүңүзгө жакын жердеги өсүмдүккө суу куюңуздар. Шаардагы төрт акимчилик, мэриянын бардык кызматтары шаардагы бадал, дарактарды сугарууга киришет", — деп айтылат билдирүүдө.
Мэрия Мамлекеттик суу ресурстары агенттиги менен шаарга берилүүчү сугат суунун көлөмүн көбөйтүүнү макулдашкан. Келерки аптадан тарта жеткиликтүү көлөмдө суу келе баштайт.
Мэрия дарактарды эртең менен 9:00гө чейин же кечки 19:00дөн кийин сугаруу керектигин эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0