Кыргыздар бели ооруса эле карыдым дейт. Спорт дарыгеринин кызыктуу маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековDzenSoulLook коомдук фондунун эксперти Жаңылмырза Бакиридин кызы
DzenSoulLook коомдук фондунун эксперти Жаңылмырза Бакиридин кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Акыркы кезде Кыргызстанда спортко көңүл буруп, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоону адатка айландырган адамдардын саны өскөнү байкалат. Бирок биздеги спорттук медицинанын чабалдыгы, реабилитациялоочу дарыгердин жетишсиздиги маселе жаратат.
DzenSoulLook коомдук фондунун эксперти Жаңылмырза Бакиридин кызы Sputnik Кыргызстан агенттигине спорттук медицина, жарааттан кийин калыбына келүү процесси туурасында маек берген.
— Спорт медицинасынын күнгөй-тескейи тууралуу айтып берсеңиз. Кыргызстандагы абал кандай?
— Кыргызстанда негизи эле спорт сүйүүчүлөрү арбып, профессионалдык спортчулардан тышкары башка эле кесиптин ээси болгон адамдар спортко көбүрөөк маани берип жатат. Мындан 9-10 жыл мурун бирин-серин адамдын чуркап машыкканын анда-санда гана көрсөк, азыр көп. Учурда спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында клубдар пайда болуп, машыктыруучулары да өсүп барат. Ошондой эле алардын катышуусунда ар кандай иш-чаралар, мелдештер да өтүп турат. Бирок бул маселенин бир тарабы эле. Экинчи тарабы, ошол адамдардын саламаттыгында спорт менен байланышкан көйгөйлүү маселе жарала турган болсо, туура жардам берген адистер аз. Совет мезгилинде дене тарбия жана дарылоо комплекси боюнча дарыгерлер бар болчу, бирок Союз тараган соң алар да иштебей калган. Бул кесипке мурункудай даярдабай калдык. Ортопед, травматологдор бул спецификаны көп түшүнө бербейт. Мисалы, мен чуркап, спорт менен машыгып жүрүп бир жеримди оорутуп алып жөнөкөй дарыгерге барсам, "Чуркаба, сага болбойт экен. Ушул дарыны бир жума сүйкө, бул дарыны беш күн ич. Болду, андан кийин басылат" деп айтат. Биздин тил менен түшүндүргөндө бул негативдик максат коюуга кирет. Анткени машыгып жүрүп бир жерин кокустатып же ооруп калса анын себебин, кетирген техникалык катасын текшерип көрүү абзел. Биздин милдет — бейтаптын машыгуу программасындагы маселелерди чечип, анын андан ары машыгуусуна туура жол көрсөтүп берүү. Спорттук машыгууда ушундай этаптык максаттар коюлат.
© Фото / из личного архива Жанылмырза Бакиридин кызыЖаңылмырза Бакиридин кызы: мындан 9-10 жыл мурун бирин-серин адамдын чуркап машыкканын анда-санда гана көрсөк, азыр көп. Учурда спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында клубдар пайда болуп, машыктыруучулары да өсүп барат
 Эксперт общественного фонда DzenSoulLook, доктор Жанылмырза Бакиридин кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жаңылмырза Бакиридин кызы: мындан 9-10 жыл мурун бирин-серин адамдын чуркап машыкканын анда-санда гана көрсөк, азыр көп. Учурда спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында клубдар пайда болуп, машыктыруучулары да өсүп барат
— Бул багытта механотерапия, физиотерапия өңдүү тармактар бар. Биздеги дене бойду реабилитациялоо маселесин ошол эле Казакстан, Өзбекстанга салыштырып көрсөк кандай болот?
— Элдин арасында спортко болгон каалоо, түшүнүк кеңейип келе жатканын айттык. Мурда бутун же бир жерин оорутуп алса "эптеп айыкса болду, экинчи машыкпайм же чуркабайм" дегендерди көрүп, кандай жол менен бул тармакты өнүктүрсөк, спорт медицинасын өлкөдө кантип чыңдасак болот деп ойлонгонбуз. Эки-үч жылдын ичинде ушул багытта иштеген клиникалар, атайын бөлүмдөр ачылгандыгын көрүп жатабыз. Казакстан менен Өзбекстанда бул багытта кандай иштер аткарылып жаткандыгын айта албайм. Ал эми Россияда мурунку дене тарбия дарылоо комплексинин эски мектеби бар. Ошондой эле бул багытта иш алып барган жаңы көз караштагы адистердин тобу да катарга кошулуп жатат.
Кыргызстандагы балдар кардиологу, медицина илимдеринин кандидаты Данияр Аматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
16 жумалык түйүлдүктүн жүрөгүн текшерүүгө болот. Кардиолог Аматовдун маеги
Совет мезгилинде баары мамлекеттин эсебинен бекер болгондуктан бейтапты дарылоо үчүн бир айга чейин жаткырып коюшчу. Азыр дарылоо курстарынын баасы да каралат. Жаңы муундагылар Европанын, Американын өнүккөн, аныкталган ыкмаларын алып иштеп жатышат. Мен дагы бул багытта мастер-класстарга барып, окуп-үйрөнүп жатам. Мурда кайрылган бейтапты жаткырып, көбүнчө укалоо менен дарыласа, азыр көбүрөөк мотивация берип, ар кандай тапшырмалар менен көнүгүүлөрдү аткартабыз. Көнүгүүлөрдү аткарбаса анда жылыш болбойт, биз берген көрсөтмөлөрдү бейтап аткарышы зарыл. Башкача айтканда, бейтаптын шагын сындырбай, анын алдыга койгон максатына жетүүсү үчүн ден соолугундагы мүчүлүштүктөрдү жоюп, жарааттын кесепети менен күрөшөбүз.
— Дүйнөлүк медицина өнүгүп жатканы менен биздин медицина бейтаптарга дарыланууда бардык керектүү шарттарды түзүп бере албай келет. Ошентсе да сиздерге негизинен кандай көйгөйлөр менен кайрылышат? Дарылоо процесси, ыкмалар тууралуу айтсаңыз?
— Дарылоо поцесстери ар бөлөк. Мисалы, муунунан операция болгон адам менен спорттук машыгууда булчуңун жабыркатып алгандарга колдонулуучу ыкма ар башка. Булчуңун оорутуп алгандар басып жүргөнү менен оор көтөрүп же кандайдыр бир ишти аткара албай калат. Аны атайын программанын негизинде оорунун себебине, койгон максатына жараша чоң залда оордук көтөрүп машыкканга тете көнүгүүлөрдү жасатуу ыкмалары менен дарылайбыз. Айрымдар бизге булчуңун чыңдоо үчүн келет, кээ бирлери тарамышынын жакшы өсүшүнө же мотордук көзөмөлдү үйрөнүүгө (булчуңду башкарууну үйрөтүү — ред.) аракет кылат. Спортчуларга жана спорт сүйүүчүлөрүнө ушунун баарын үйрөтүп, машыктырып дарылайбыз.
Татаал операцияны баштан өткөргөндөр же кайсы бир сөөгү сынып, калыбына келип жаткандар болсо, анда башка этап менен дарыланат. Алгач оорусу өтүшүп кетпесин деп жеңил кыймылдан башташыбыз мүмкүн. Кээде баспай калгандар болот, аларга балдак менен басканды үйрөтөбүз. Сынган бутка оордук келтирбөө үчүн кыймылдаганды кайрадан үйрөнөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңылмырза Бакиридин кызы: совет мезгилинде дене тарбия жана дарылоо комплекси боюнча дарыгерлер бар болчу, бирок Союз тараган соң алар да иштебей калган. Бул кесипке мурункудай даярдабай калдык. Ортопед, травматологдор бул спецификаны көп түшүнө бербейт
Врач ЛФК Жанылмырза Бакиридин кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жаңылмырза Бакиридин кызы: совет мезгилинде дене тарбия жана дарылоо комплекси боюнча дарыгерлер бар болчу, бирок Союз тараган соң алар да иштебей калган. Бул кесипке мурункудай даярдабай калдык. Ортопед, травматологдор бул спецификаны көп түшүнө бербейт
— Дене-бойду реабилитациялоо адистигин аркалагандардын саны жана деңгээли кандай?
— Акыркы үч-төрт жылдан бери Кыргызстанда спорттук медицина кафедрасы ачылып, ординаторлорду кайрадан окутуп чыгара баштады. Жыл сайын үч-төрт адис аталган кафедраны бүтүп чыгат. Алар ар түрдүү тармактарда иштейт. Кээ бирлери ошол кафедрада эле мугалим же чоңураак фитнес-клубда фитнес жана спорттук дарыгер деген адистик менен эмгектенишүүдө. Айрымдары ар кандай спорттук секциядагы адамдар менен жекече иштешет. Башка мамлекеттерде дене тарбия институттары ушул жаатта реабилитолог, инструктор, машыктыруучу адистигин окутуп чыгарат. Мисалы врач атайын программа иштеп чыгып, бейтаптын дартын аныктайт. Инструктор болсо анын күнүмдүк машыгуусун көзөмөлдөп турат.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун педиатры Жаңылай Абдималик кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Тери сыйрылып түшөт. Баланын аллергиясын алдын алуу жөнүндө пайдалуу маек
Бизге кайрылгандардын көбү 30-40 жашында белинин ооруганын сезе баштагандар. Айрымдары бели ооруса да дарыгерге кайрылууну ойлонбой жүрө берет. Кыргыздар 50-60 жашында бели ооруса "Белим ооруп, түзөлө албай жатам. Карылык экен" деп карылыкка эрте эле моюн сунуп калышат. Алар деле кайрылып, кандайдыр бир көнүгүүлөрдү үйрөнүп, көбүрөөк кыймыл-аракет жасаса сонун болмок.
— Тубаса ооруларга кандай жардам көрсөтө аласыздар?
— Балдарды майыптыкка алып келе турган, кыймыл-аракеттин начарлоосун шарттаган балдардын церебралдык паралич оорусу бар. Негизинен чоң адамдар менен жаш балдардын ден соолугун калыбына келтирүү жаатында биздин адистер эки багытта окутулат. Мисалы мен чоң кишилер менен иштейм. Жаш балдарды караган адистер өзүнчө. Балдар тез өсөт, алардын жаш курагына жараша өтө кылдат иш алып баруу керек. Анткени алардын ар биринин курагына жараша жөндөмү, өсүүсү бар. Бизге бир ирет кызы сколиоз менен жабыркаган келин кайрылган. Балдардын эки ийини бири-бирине дал келбей калса эле сколиоз экен дей беребиз. Бирок чындап келгенде сколиоз бул кооптуу оору. Омуртка, төш сөөгү кысылып, сөөктөр деформация болуп организмге өтө терс көрүнүштөрдү алып келет. Андай балдарга атайын заводдон чыккан сөөктү оңдоочу катуу пластиктен жасалган корсеттер кийгизилет. Буларга арналган атайын гимнастикалык концепциялар бар. Бизде ушундай корсет коюучу жайлар да, концепциялар менен машыктыруучу адистер да жок экен.
© Фото / Жанылмырза Бакиридин кызыЖаңылмырза Бакиридин кызы: бирок акыркы үч-төрт жылдан бери Кыргызстанда спорттук медицина кафедрасы ачылып, ординаторлорду кайрадан окутуп чыгара баштады. Жыл сайын үч-төрт адис аталган кафедраны бүтүп чыгат
 Эксперт общественного фонда DzenSoulLook, доктор Жанылмырза Бакиридин кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жаңылмырза Бакиридин кызы: бирок акыркы үч-төрт жылдан бери Кыргызстанда спорттук медицина кафедрасы ачылып, ординаторлорду кайрадан окутуп чыгара баштады. Жыл сайын үч-төрт адис аталган кафедраны бүтүп чыгат
— Спорттук реабилитация, медицина жаатында аксап келебиз. Спорттук ийгиликтердин болбой жатышынын да бир себеби ушул деп айтышат. Сиздин пикириңиз кандай? Бул багытта кандай көйгөйлөр бар?
— Профессионалдык спортто өтүүчү чоң машыгууларда спортчу оор жаракат албаган учурда да көбүнчө булчуң, муундарын кокустатып алышат. Ошондуктан алардын организми машыгуудан чарчап-чаалыгат. Бир жагынан машыгуунун убактысын туура бөлүштүрүү, спортчунун организмин байкоо —  машыктыруучунун жумушу. Бир эле спорттун түрүнөн машыктырган тренерден тышкары спортчуларды карап турган жалпы машыктыруучу да болушу керек. Алар алсызыраак болуп турган дене бөлүктөрүн чыңдап, организмдин күчтүү, алдуу болуусуна аракет кылат. Спорттук врач баарын көзөмөлдөп, кандай жардам керектигин карап, жардам керек болсо дарылоого аракет жасалат. Витамин берип калыбына келтирүү да абзел. Биздеги эң чоң маселелердин бири — спорттук камсыздандыруунун жетишсиздиги. Спорттук командалар менен иштеген дарыгерлердин айтымында, бул багытта каражат жетпейт. Спортчуларга арзан ыкмаларды колдонушат же спорттук мамлекеттик диспансерде эптеп ден соолук чыңдоого аракет кылышат. Спортчулар ушундай толук кандуу реабилитациядан өтө албай жатса, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтө албай калышы да мүмкүн. Бирок алар шартка карабай аракеттенип жатышат.
— Эпидемиологиялык кырдаал кайрадан курчуп турган маалда коронавирустан кийинки калыбына келүү туурасында сурабасак да болбойт. Адис катары эмнелерге токтолот элеңиз?
— Спорт менен алектенип жүргөн адамдарга коронавирус менен ооруп айыккан соң машыгуусун жарымына чейин азайтып, улам жогорулатып отуруп мурдагы калыбына келтирүүнү сунуштайм.
© Sputnik / Асылбек БактыбековЖаңылмырза Бакиридин кызы: татаал операцияны баштан өткөргөндөр же кайсы бир сөөгү сынып, калыбына келип жаткандар болсо, анда башка этап менен дарыланат. Алгач оорусу өтүшүп кетпесин деп жеңил кыймылдан башташыбыз мүмкүн. Кээде баспай калгандар болот, аларга балдак менен басканды үйрөтөбүз
 Эксперт общественного фонда DzenSoulLook, доктор Жанылмырза Бакиридин кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жаңылмырза Бакиридин кызы: татаал операцияны баштан өткөргөндөр же кайсы бир сөөгү сынып, калыбына келип жаткандар болсо, анда башка этап менен дарыланат. Алгач оорусу өтүшүп кетпесин деп жеңил кыймылдан башташыбыз мүмкүн. Кээде баспай калгандар болот, аларга балдак менен басканды үйрөтөбүз
— Ал эми эч кандай спорттук машыгууларсыз эле жашаган адамдарчы?
— Вирус менен ооруп айыккан адамдарга кечки сейилдөө пайдалуу. Коронавирустан айыккан соң муну жасап же жасабаш керек деген так көрсөтмө азырынча жок. Бирок дүйнө медиктери бир нерсени түшүнүп калдык. Бул вирустан айыгып келе жаткан кезде бейтапка кыймыл өтө маанилүү экен. Кыймыл десе эле кара терге түшүп спорттук көнүгүүлөрдү жасоо эмес, ар ким ошол учурдагы абалына жараша кыймылда болушу кажет. Эңкейип бир гүлгө суу куйса да ошол кыймыл. Оору катуу болгон учурда жаткың эле келет, бирок ошондо да жок дегенде бут, колдун манжаларын кыймылдатып туруу керек. Ал эми адам өзүн бир аз жакшы сезип калганда кечкисин сыртка чыгып сейилдесин. Сейилдөөдө жай баспай, машыгуу режиминдегидей бир аз батыраак кадам таштап, кайра жайлап эс алып, андан соң басыгын ылдамдатып отурса дем алуу органдарынын калыбына келишине, кан айланууга оң таасирин тийгизет.
— Аздан кыймылдоо керек дедиңиз. Мисалы, күнүнө канча убакыт?
— Баарын ченеми менен жана системалуу жасаган туура. Жумасына машыгууга жана дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоого 300 мүнөт, башкача айтканда, күнүнө 40 мүнөттөн көбүрөөк убакыт бөлүүгө болот. Ошону менен бул убакытты бир күндө үч-төрткө бөлүп колдонууга да мүмкүн. Башкача айтканда, эртең менен, түштө, кечинде анча оор эмес көнүгүүлөрдү жасап тургула. Бул машыгууларга организм көнгөн соң аны көбөйтүүгө болот. Мындан да маанилүүсү — жеп жаткан тамакка көңүл буруп, жер-жемиш менен мөмөлөрдү көбүрөөк колдонгон оң. Организмге оор келген азык-түлүктөрдү жегенге болбойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0