15:56 25 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2907)
64 0 0

Ленин районунун жетекчиси Мурат Осмонов ачылышы мүмкүн болгон № 95 мектептеги (Жогорку Жал № 45) күндүзгү стационарды көрүп келди.

БИШКЕК, 22-июн. – Sputnik. Бишкектин район жетекчилери күндүзгү стационарларды ишке киргизүү үчүн көрүлүп жаткан даярдыктарды текшерип жатышат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну башталганы айтылып жатат. Илдет жуктургандардын саны күн санап өсүүдө. Өткөн суткада 931 адамдан COVID-19 табылып, бул жылдын антирекорду коюлду

Мэриядан билдиришкендей, бүгүн, 22-июнда, борбор калаанын Ленин районунун жетекчиси Мурат Осмонов ачылышы мүмкүн болгон № 95 мектептеги (Жогорку Жал № 45) күндүзгү стационарды көрүп келди.

"Учурда аталган стационарда 10 кислороддук концентратор жана 10 даана пульсоксиметр бар. Мындан сырткары, аптека түйүнүн ачуу үчүн фармацевтикалык компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта кабелдерди орнотуп, электр кубатын киргизүү иштери аяктайт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле район жетекчиси "Жал ынтымагы" коомдук бирикмесинин төрагасы менен жолуккан. Тараптар эпидемиологиялык абал начарлап, стационар ишке кире турган болсо кызматташууну макулдашышты.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2907)

Тема боюнча

Өспүрүмдөр COVID-19га каршы эмделиши керек. Себебин адис түшүндүрдү
Белгилер:
Бишкек, коронавирус, стационар

ЭҢ МААНИЛҮҮ