Керосин жер алдындагы түтүк менен келчү. "Манас" аэропорту кантип курулган

© Фото / пресс-служба агентства гражданской авиации КР"Манас" аэропорту. 1978 жыл
Манас аэропорту. 1978 жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Мындан туура 47 жыл мурун Фрунзе шаарынын четинде "Манас" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесинин курулушу аяктап, аба майдан алгачкы учактарды кабыл ала баштаган.
Курулушка кезинде жүздөгөн техника, жумушчулар тартылып, миллиондогон рубль акча жумшалган. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн негизги авиациялык жайы кандай кыйынчылыктар менен курулуп, ири долбоор кантип ишке ашканына кызыгып көрдү.

Фрунзе шаарына жаңы аэропорт керек!

Кыргыз ССРинин борборуна жаңы аэропорт куруу демилгеси 1969-жылы көтөрүлүп, жергиликтүү бийлик Москвага каржылык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Анткени Фрунзе шаарынын Тынчтык (азыркы Чыңгыз Айтматов) проспектисине жакын жайгашкан аба майдандын жүргүнчүлөрү көбөйүп, коопсуздук маселеси дагы тынчсыздануу жараткан. Аталган аэропорт аркылуу каттаган адамдардын саны бир жылда 550 миңге чукулдап калган эле. Ошондой эле учуп-конуу тилкесинин айланасына турак жайлар жакын болгондуктан учкучтар көбүнчө ал үйлөрдүн үстүнөн 40-50 метр бийиктикте эле өтүшчү. Андан сырткары, ал жерде Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскердик тик учактары, аэродрому да болуп бир катар кооптуу тобокелчиликтерди пайда кылган.
Бирок СССРдин Жарандык авиация министрлиги, Мамлекеттик пландык комитети кыргыз бийлигине төмөндөгүдөй жооп берген:
"Алдын ала эсептөөлөр боюнча жаңы аэропортту салууга 46-50 миллион рубль жумшалат. Аталган курулушту шаардын четине чыгаруу 80-жылдарга гана пландалган".
Ага карабай кыргыз бийлигинин башында турган Турдакун Усубалиев өжөрлөнүп СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев, Алексей Косыгинге чейин барып, аларды макул кылат. Жыйынтыгында СССРдин Министрлер кеңешинин төрагасы Фрунзедеги жаңы аэропорттун курулушун 1972-жылы баштоо боюнча токтом кабыл алган.

Долбоорлоо, алгачкы даярдыктар

Ошентип жаңы аэропорттук комплексти толугу менен долбоорлоо милдети СССРдин Жарандык авиация министрлигинин алдындагы Бүткүл союздук "Аэропроект" илимий-изилдөө институтуна жүктөлүп, адистер Москвадан бери келген. Ири курулушту каржылоонун негизги бөлүгүн борбордук бийлик бөлгөн. 800 гектар жер бөлүнүп, 600дөй жумушчуларга ылайыкталган чакан кыштак, 1000 тонна цемент бата турган кампа даярдалып, кум-шагыл даярдоочу орнотмо, ээн талаага жол салынып коммуникация тартылган.

Жүздөгөн куруучу, техника...

Курулуш 1973-жылы башталган. Ошол учурду Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев мындайча жазган:
"Башында киришкенде иштөө шарттары аябай оор болчу. Куруучулар кагыраган жерди бир метрден четинен багындырган. Жайкысын күндүн ысыгы 40 градуска чейин жогорулаганда көпчүлүк жумуштар кеч киргенде жасалчу", — деп жазган мамлекеттик ишмер.
Бишкек баатырдын эстелиги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Бишкек баатыр деген ким? Эстелиги ачылган тарыхый инсан тууралуу 8 факты
Күн сайын жумушка 150-200дөй жүк ташуучу унаа чыгып, алар жалпы 2,8 миллион куб метр топурак-ташты ташып, түздөп, жалпы 3400 тонна арматураны пайдаланып 240 миң куб метрден ашык темир бетон жумшалган. Жыйынтыгында узуну 4200 метр, туурасы 60 метр жана калыңдыгы 40 сантиметр болгон учуп-конуу тилкесин, учактар ары-бери жүрчү жана токтоочу жайды адистер 5,5 айда аяктаган.
Ошондой эле жаңы аэропорт менен Фрунзе шаарын байланыштырган 30 чакырым узундуктагы автомагистраль салынып, ал жактагы автовокзал колдонууга берилип, жолду бойлой көчөт тигилген. Аба майдан 1974-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдык мааракесине карата ачылып, жаңы аэропортко биринчилерден болуп СССР Министрлер Кеңешинин төрагасы Алексей Косыгин конгон.

Жер алдынан аккан авиациялык керосин

Андан соң аэровокзал жана кошумча объектилердин курулушу башталып, беш чакырымдан ашык суу түтүктөрү, 40 чакырымдай электр чубалгылары тартылып, жүздөгөн куруучу комплекстин ичи-тышын жасаган. Эң кызыгы, темир жолдон аэропортко чейин 30 чакырым узундуктагы авиакеросин түтүгү жер алды менен алып келинген. Ал аркылуу авиациялык жайдагы учактар өз убагында күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздалып турган. Эгер андай түтүктөр жаткырылбаганда күн сайын ондогон унаа борбордон аэропортту көздөй каттамак. Тилекке каршы, кийин ал объектилер каралбай, ушу тапта иштетилбей жер алдында чирип жатат.

Каржылоо, калып калган иштер

80-жылдардын соңуна чейин "Манас" аэропортунун курулушуна жалпы 80 миллион рублдей акча кеткен. Анын төрттөн бир бөлүгүн кыргыз бийлиги чыгарса, калганы бүткүл союздук казынадан келген. Аба майдан заманбап техника менен жабдылып, авиациялык жай түрдүү типтеги учактарды кыйынчылыксыз кабыл алып калган.
СССРдин эмгек сиңирген учкучу Ишембай Абдраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
25 жыл ажолорду ташыган. КР авиациясынын "атасы" Ишембай Абдраимов жөнүндө 7 факты
Бирок ишке ашпай калган пландар дагы болгон. Мисалы, республиканын эң негизги аба майданынын жанына 200 адамга ылайыкталган мейманкана салынмак. Ал имараттар Кыргызстан көз карандысыз болгондон кийин дагы курулган эмес.
Ата мекендик авиациянын ардагер учкучу Кубанычбек Козубековдун союз тарагандан кийин Кыргызстанда авиация тармагы кантип кыйраганын айтып берди.
"Союз маалында борборлоштурулган башкаруу болчу, учактын тетиктери, техниканы оңдоо, күйүүчү-майлоочу материалдар, автоунаалар өз убагында келчү. Ал кездеги авиация менен азыркыны салыштырууга болбой калды. Мисалы, Кыргызстан жаңы эгемендүүлүк алганда "Манас" аэропортунда ТУ-154 учагынан 13, ТУ-134төн төртөө жана Ми-8 деген тик учактан ондон ашыгы бар эле. 90-жылдары алар оңдолбой, каралбай токтоп тура берип, ата мекендик авиация кыйрады. Мамлекет башындагылар аэропорттун карамагындагы объектилерди ич ара бөлүшүп алышты да, салык төлөбөй иштеп миллиондорду таап жүрүшкөн", — деди Козубеков.

Азыркы "Манас" аэропорту

Учурда республиканын негизги аэропорту жыл сайын миллиондогон жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп, КМШ, Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө 30дай түрдүү каттам аткарып, 20га чукул эл аралык авиакомпания менен кызматташып келет.
Материал көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев, ардагер учкучтардын эскерүүлөрүнүн жана ачык булактагы маалыматтардын негизинде жасалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0