Савайга барган Ташиев: жер алмашуу боюнча протоколду бузбаш керек

© Фото / Зульфия ТургуноваУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
Ташиев менен жолуккан жергиликтүүлөр протоколду өзгөртүп, Кемпир-Абаддын жанындагы жерди бербеш керек деген оюнан кайтышкан жок.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу түзүлгөн макулдашуу эң пайдалуу келишим болду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргенин аймактык кабарчы жеринен маалымдады.
Эске салсак, Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-апрелде, Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын Ынтымак айылынын эли менен жолугушту. Савай айыл өкмөтүнүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине макул болбой бир нече күндөн бери нааразычылык акциясын өткөрүшүүдө.
Эл менен жолуккан Ташиев ал жетектеген делегация Өзбекстанга барып, Кыргызстан үчүн эң ыңгайлуу, эң пайдалуу келишим түзүлгөнүн белгиледи.
"Бул протоколду бузбай аягына чейин чыгарышыбыз керек. Бул элге эң ыңгайлуу документ", — деди Ташиев.
Сууну Өзбекстан башкарып калбайбы? Өкмөттүн жооптуу өкүлү менен видео маек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Сууну Өзбекстан башкарып калбайбы? Өкмөттүн жооптуу өкүлү менен видео маек
Бирок жергиликтүүлөр протоколду өзгөртүп, Кемпир-Абаддын жанындагы жерди бербеш керек деген оюнан кайтышкан жок. Бирок Ташиев андай кылуу мүмкүн эместигин, протокол Өзбекстан менен чектешкен башка аймактардагы талаш жерлердин маселесин чечүүгө да багытталганын билдирди.
"Биз суунун түбүндөгү 4 миң 400 гектар жерди берип, ордуна 5 миң 100 гектар жер алдык. Муну бүгүн чечпесек, эртеңки муунга көйгөй болуп калат. Плотинанын башында 50 гектар жер бар экен, ошону сурашты. Ал жерден 50 гектар жер бердик. Алар дагы бизге 50 гектар жер берди", — деди УКМК башчысы.
Ташиев Өзбекстан менен түзүлүп жаткан келишим боюнча дагы айтып берген.
"Жээкте жашаган элге сууну пайдаланууга толук түрдө укук бар. Мал сугарып, балык кармап, насос менен суу чыгарса болот. Ал жерге эч кандай чек коюлбайт. Суунун деңгээли көтөрүлбөшү үчүн плотинаны чогуу башкарыш керек. Биздин айылдардын каналдарына суу берилиши үчүн эл аралык келишим түзөбүз", — деди Ташиев.
УКМК башчысы нааразылык акциясын уюштургандардын арасында чагымчылык кылууну көздөгөндөр бар экенин айтты. Бирок чогулгандар анын бул сөзүнө нааразы болушту.
Учурда элге өкмөттүн Оштогу өкүлү Жарасул Абдураимов да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0