https://sputnik.kg/20210416/dssu-koronavirus-uu-korgoshun-tuuraluu-1052155226.html
ДССУ коронавирусту айыктырат делген уу коргошун боюнча үн катты
ДССУ коронавирусту айыктырат делген уу коргошун боюнча үн катты
Sputnik Кыргызстан
Эл аралык уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү клиникалык сыноодон өтпөгөн дарыны каттоо жана калкка кеңири колдонууга сунуштоо туура эмес экенин айтты. 16.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-16T14:37+0600
2021-04-16T14:37+0600
2021-12-15T22:52+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
уу
коргошун
коронавирус
билдирүү
ысык-көл тамыры
https://sputnik.kg/img/07e5/01/15/1051177630_0:128:3071:1855_1920x0_80_0_0_44fc684e471b58b1b34dab16e1f0d7ad.jpg
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдө коронавирусту айыктыруу үчүн Aconítum soongáricum (Ысык-Көл тамыры, уу коргошун) колдонулуп жатат деген маалымат боюнча үн катты.ДССУ клиникалык сыноодон өтпөгөн дарыны каттоо жана калкка кеңири колдонууга сунуштоого болбой турганын белгиледи.Эл аралык уюм мурдагыдай эле аралыкты сактап, маска тагынып, дезинфекциялык каражаттарды колдонуп, ден соолукка кам көрүүнү сунуштады.Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан.Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.Бүгүн саламаттык сактоо министри уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.
https://sputnik.kg/20210416/bermet-baryktabasova-uu-korgonush-zhonundo-1052153651.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/15/1051177630_284:0:3015:2048_1920x0_80_0_0_20d261f0ca21a57ec1877356fa272618.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, уу, коргошун, коронавирус, билдирүү, ысык-көл тамыры, уу коргошун чуусу, аконит
жаңылыктар, коом, кыргызстан, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, уу, коргошун, коронавирус, билдирүү, ысык-көл тамыры, уу коргошун чуусу, аконит
ДССУ коронавирусту айыктырат делген уу коргошун боюнча үн катты
14:37 16.04.2021 (Жаңыртылды: 22:52 15.12.2021) Эл аралык уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү клиникалык сыноодон өтпөгөн дарыны каттоо жана калкка кеңири колдонууга сунуштоо туура эмес экенин айтты.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдө коронавирусту айыктыруу үчүн Aconítum soongáricum (Ысык-Көл тамыры, уу коргошун) колдонулуп жатат деген маалымат боюнча үн катты.
"Дүйнө жүзүндө клиникалык изилдөөлөр дары-дармектерди өндүрүүнүн эң маанилүү баскычы болуп саналат. Анын негизинде каттоодон өтүп, медициналык жактан колдонууга берилет. Клиникалык сыноолордо препараттын натыйжасы жана коопсуздугу аныкталат. Ушул маалыматтардын негизинде саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы дары-дармектерди каттоодон өткөрүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат", — деп айтылат билдирүүдө.
ДССУ клиникалык сыноодон өтпөгөн дарыны каттоо жана калкка кеңири колдонууга сунуштоого болбой турганын белгиледи.
"Учурда ДССУнун уу коргошун коронавирустан айыктырат деген маалыматы жок. Анын фармакологиялык касиеттерин билүү үчүн эл аралык стандарттарга ылайык изилдөө жүргүзүү керек. Коронавируска чалдыккандар өз алдынча дарыланбастан, ооруканаларга кайрылышы зарыл", — деп айтылат маалыматта.
Эл аралык уюм мурдагыдай эле аралыкты сактап, маска тагынып, дезинфекциялык каражаттарды колдонуп, ден соолукка кам көрүүнү сунуштады.
Буга чейин президент
Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган
ыкма тапканын айткан.
Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
Бүгүн саламаттык сактоо министри уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин
далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.