Бишкекте мектептер кайрадан онлайн окууга өтүп, бала бакчалар жабылат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАралык сабагына даярданып жаткан химия мугалими. Архив
Аралык сабагына даярданып жаткан химия мугалими. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Мэрия соңку бир жумада Бишкекте COVID-19 жана пневмония менен ооругандардын саны өсүп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы бала бакчалар кайрадан жабылып, мектептер аралыктан окууга өтөт. Бул тууралуу Бишкектин эпидемиологиялык комиссиясынын жыйынында чечим кабыл алынганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Балдардын, ата-энелердин жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн 12-апрелден тарта мектептер онлайн окууга өтөрү белгиленет. Ал эми шайлоо участкалары жайгашкан 14 бала бакча 8-апрелден тарта жабылат. Мындай чечим коронавирус боюнча кырдаал турукташканга чейин күчүндө болот.
"Урматтуу шаардыктар, ата-энелер жана балдар, эпидемиологиялык абал чыңалууда, соңку бир жумада Бишкекте COVID-19 жана пневмония менен ооругандардын саны өскөнү байкалууда", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мэрия калаада санитардык көзөмөл күчөтүлүп, мобилдик бригадалардын жана чарбалык субъектилердин саны көбөйтүлгөнүн эскертти.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы бардык мектеп, бала бакчалар 1-апрелден тарта толук кандуу иштей баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0