Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт даяр болбой, эскилеринин мөөнөтү узартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан жарандын паспорту. Архив
Кыргызстан жарандын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
Мөөнөтү бүткөн 2004-жылкы жана 2006-жылкы үлгүдөгү паспорт Кыргызстандын аймагында жана чет өлкөлөрдө жарактуу деп таанылат.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспорттор (ePassport) өз мөөнөтүндө даяр болбогону үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш берилип, аталган ишке жооптуу орун басары Тилек Батырканов жумуштан алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2021
Бир айда 20 миң адам паспорт алып, жарымы улутун көрсөттүрдү
КР жарандарына чек арадан өтүүдө тоскоолдук жаралбашы үчүн форс-мажордук жагдайдан улам киргизилген убактылуу чараларды маалымдоо тапшырмасы берилди.
"Өткөн жылдын 25-декабрынан тарта жаңы үлгүдөгү ePassport берүү пландалган. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги жаралган көйгөй тууралуу өкмөткө маалымат берген эмес", — деп айтылат маалыматта.
Өкмөт башчы Мамкаттоо төрагасына маселени тез арада чечүү тапшырмасын берип, эгер дагы үзгүлтүккө учураса катуу жаза колдонуларын эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0