Матраимовдун тарапташтары бүгүн сот болбой турганын айтып, тарап кетишти

© Sputnik / Эркин СадыковБиринчи Май райондук соттун алдындагы митнгте турган Райымбек Матраимовдун тарапташтарынын көбү тарап кетти
Биринчи Май райондук соттун алдындагы митнгте турган Райымбек Матраимовдун тарапташтарынын көбү тарап кетти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Буга чейин Райымбек Матраимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сот 48 сааттын ичинде ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карамак.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтарынын көбү тарап кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
© Sputnik / Эркин СадыковБажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтарынын көбү тарап кетти
Митинг сторонников Райыма Матраимова у Первомайского суда в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтарынын көбү тарап кетти
Алар УКМКнын имаратынын жанында митингге чыгып, андан кийин Биринчи май райондук сотуна бет алышкан. Болжолдуу маалыматтар боюнча, Матраимовдун баш коргоо чарасы каралмак.
Тарапташтарынын бири Элнура Алканованын билдиришинче, адвокат сот бүгүн болот деп жаңылып айтып алып, митингчилер чогулган. Азыр алардын көбү тарады.
"Дагы бир адвокат Мадина Низамова УКМКда. Аларга бүгүн же эртең сот болот деп айтпай жатышат. Соттун чечимине карабастан кайрадан митинг жарыялоого даярбыз. Бүгүн Кара-Суу районунда дагы митинг болду. Тарапташтары башка облустарда дагы көбөймөкчү", — деди Алканова.
Ал Матраимов суракка чакыртылган сайын келип, тергөө менен кызматташып жатканын белгиледи.
"Негизи өлкөдөн качып, соттун же тергөөнүн талабын аткарбаган адам камакка алынат", — деген Алканова.
Обращение сома в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2021
Райым Матраимовдун өкүл баласы канча акча төлөп үй камагына чыкканы айтылды
Эске салсак, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кайра кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, 48 сааттын ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карамак
Ал өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан колго түшкөн. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.
Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.
УКМКнын алдында өтуп жаткан Матраимовду колдогондордун митинги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Бишкекте Матраимовду колдогондордун митинги өтүүдө. Сүрөт, видео
11-февралда Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Анын жана жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкүн ээлерине кайтарып берген. Бул окуядан кийин коомчулук арасында нааразычылык жаралып, митингге чыгышкан. Кийин президент Садыр Жапаров сот Матраимовго бир эпизод боюнча гана чечим чыгарганын жана иш уланарын айткан. УКМК дагы Райым Матраимов кытай жараны Айеркен Саймаитинин банктар аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кетишине тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн тергөө иштери улантылып жатканы боюнча маалымат тараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0