00:33 25 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Коом
Кыскача шилтеме алуу
,
544421

Экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстандын кабарчыларына республиканын саламаттык сактоо тутумундагы кырдаалдан кенен-кесир маек куруп берди.

Башка маселелер менен катар эле Өмүрбекова кызматтан кетүү себебин да айтып берди. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков туурасында пикирин да жашырбай, COVID-19 эпидемиясынын болжолдуу үчүнчү толкунуна өлкөнү кантип даярдоо керектиги тууралуу ойлорунан бөлүштү.

— Алтынай Сейитбековна, 2020-жылдын апрелинде вице-премьерлик кызматтан кетүүңүздү өтүнүштү. Ал убакта эпидемиологиялык кырдаал жаңыдан курчуй баштаган эле. "Бийлик иштеп жатканын, эч жакка жашынып албаганын көрсөтүү керек эле, ал үчүн кимдир бирөөнү жазалоо зарыл болгон" деген жоромолдор бар. Сиз буга эмне дейт элеңиз?

— Кырдаал кыйын экени февралда эле түшүнүктүү болуп калган. Белгисиз пандемия каптап келе жатканынан дүйнө, Кыргызстан да чочулаган.

Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында президент республикалык штабдын ишине жогорку баа берип, бизди мактап, баарыбыз туура иш алып барып жатканыбызды айткан. Эки апта өтпөй маанай кескин өзгөрдү. Премьер-министр саламаттык сактоо министри экөөбүздү "кырдаалды түзөтө албаганыбыз үчүн" кызматтан кетүүбүздү өтүндү.

Балким, бир жагынан сиздер белгилегендей да болгондур, "бийлик үргүлөгөн жок, күнөөлүүлөр жазаланды" деп элге күчүн көрсөтүүнү уюштурууну зарыл көрүшкөндүр. Бирок март айында коронавирустан 90дон ашуун өлкө жабыркап калган.

Кыргызстан Кытай менен чектешип турганын эске алып, январдын аягы, февралдын башынан тарта эле көрүлгөн чаралар убакыттан утууга мүмкүндүк берди. Ошондуктан биринчи учур 18-мартка барып гана катталышын штабдын эмгеги деп эсептейт элем. Айрым учурда кеңири таралбаган чаралар да көрүлдү. Кытай менен болгон чек араны жаптык. Чек арасын жабууга барган кандай гана өлкө болбосун, бул достукка жатпаган кадам катары кабылданат.

Аба каттамын токтоттук, ал эми Япония, Түштүк Корея, Иран, Кытайдын жарандарынын келишине таптакыр тыюу салынды. Толук карантин жарыяладык. Адамдар муну ар кандай кабыл алды, бирок ошондой чараларды көрүүгө тийишпиз деп эсептедик. Акыры баарына тыюу салган токтомду кабыл алдык.

Врачтарды окутуу, Квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында кайра окутуу февралдын алгачкы күндөрүндө эле башталган. Өлкөдө санитардык врачтардын, эпидемиолог, инфекционисттердин тартыштыгы курч экен. Бул кесипти эч ким элес албаган көрүнөт. Эпидемияга тушукканда мындай врачтардын баркын билдик.

— Демек, медиктер кесиптик жактан даярдыктан өткөн экен да?

— Албетте. Ал түгүл 24-январда Саламаттык сактоо министрлиги Коопсуздук кеңешинен буйрук күтпөй өзүнүн ыкчам штабын түзгөн. 27-январда Эпидемия жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиясынын жыйынын өткөрдүм. Анда ооруканаларда орунду көбөйтүү, эпидемиологиялык фондду караштыруу, врачтарды окутуу өңдүү бир топ тапшырмалар берилген. Андай жагдайда аткарылчу иштер жасалган.

Мен иштеп турган маалда республикалык штабдын 33 жыйыны өттү. Күн сайын элге маалымат берип турдук, баарын, блогерлерди да, бизди сындаган кишилерди да чакырдык.

Аларды биригүүгө, чогуу маалымдап турууга үндөдүк, себеби алардын аудиториясы кеңири эле. Анткени баары чочулап турган. Азыр, бир жылдан кийин, жетишерлик тажрыйба топтолгон соң "мындай кылыш керек эле, тигиндей кылуу зарыл болчу..." дегенге оңой. Бүгүнкү тажрыйба жана билимибиз болгондо мүмкүн баары башкача болмоктугун өзүбүз деле түшүнүп турабыз.

— Премьер иштен кетүү боюнча арызыңызды жазууну өтүнгөндө себебин түшүндүргөн жокпу?

— Ал "Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин арыз жазышыңар керектигин түшүнгөн чыгарсыздар" деп гана айтты. Жазбай турганымды, ал мага менин отставкамды негиздеп берүүгө тийиш экенин өтүндүм.

Пандемия күч алып турганда капыстан эле өз каалоом менен жумуштан кеткеним кандай болмок? Бирок ал арыз жазышым керектигине мени ынандырды деп коелу. Балким, ал алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу болгондур. Муну азыр түшүндүм.

— Кантип?

— Жетекчилерди ар кандай кеп ташыгычтар жолдон чыгарат. Мага кийин айтышты. Президентке кирип: "Бул — Бабановдун кишиси, алар шайлоого барышат. Азыр ал пандемия менен пиар жасоодо, улам элге чыгып, популярдуу болууда", — деп шыбырашыптыр. Чынын айтсам, бул — абдан тайыздык.

— Шайлоого катыштыңызбы?

— Ооба, "Республика" партиясынан ат салыштым. Ошондо, менимче, президент чакырып, бизди да тыңдоого тийиш болчу.

— Андай болгон жокпу?

— Анткен жок. Мен иштеп турган эки жыл аралыгында президент эч качан кабыл алган эмес. Негизи премьер-министр турганда бул кадыресе көрүнүш. Биз ага отчет берчүбүз, ал киши өлкө жетекчилигине жеткирчү.

Экс-вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова во время интервью
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: "кийин балдарым жер карабагыдай, апасы качандыр бир жогорку кызматты ээлеп турганда бир нерсе жасап кетиптир дегидей иштөөгө абдан умтулгам"...

— Башкача айтканда, бийликтеги айрым адамдар алдыга карап, вице-премьер өңдүү күчтүү саясий фигура...

— …Балким, ал кандайдыр бир жол менен таасир эте алат дешсе керек. Бирок бул божомол гана, мен өз сезимдеримден улам айтып жатам. Пандемия жаалданып турганда андай маселелер эч кимдин оюна келбеш керек эле.

Мен баары бир ал кадамды алгачкы катачылык деп эсептейм, анткени ошол убакта биз аздыр-көптүр тажрыйба топтоп калган адамдар элек. Эгер биздин колубуздан келбесе, кризис-менеджерлерди, эбегейсиз тажрыйбасы бар адамдарды алып келүү керек болчу...

Бул деле абалды жакшыртууга өбөлгө болуп бербеди. Азыр биз ордубузда калган болсок деп айтуу адепке жатпайт... Жакшыраак же жаман болорун эч ким так биле албайт.

Дүйнө кандай нукта баратса, биз да ошол жолго түштүк. Дүйнө жүзү да эмне кылышты билген эмес, биз башка өлкөлөрдөгү кесиптештерибиз менен улам акылдашып турдук.

Көрсө, Улуу Британиянын премьери февралбы же марттабы, айтор, карантинди абдан эрте киргизүү жаман таасир этерин, адамдар үйдө отургандан жадай түшөрүн, ал эми кырдаал жетер чегине жеткенде, үйдөн чыгарбай кармап туруунун дал кезеги келгенде адамдар чарчаганынан жөн гана сыртка чыгып кетишерин болжогон экен. "Бизде ошондой болгон жокпу?" деген ойлор келет кээде мага. Бишкекте бир дагы учур жок эле го, биз баарын жаптык, ошончо адамды үйдө отурууга мажбурладык.

Көпчүлүгүнүн каржылык запасы жок, ал эми май-июнь айларында, даана үйдө отуруу керек учурда, илдет жуктургандардын саны арта баштаганда баарыбыз сыртка чыктык... Бөлөк өлкөлөрдүн тажрыйбасын дайым эске алган пайдалуу.

— Ошентсе да сиздин дарегиңизге жеке коргонуу каражаттары кымбат баада сатып алыныптыр деген айыптоолор айтылууда.

— Бизге жай убакта, пандемия жокто деле жылына төрт миллиондой бет кап зарыл экен. Адатта аларды врачтар колдонот. Суроо-талап сунушту жаратат, канча сурашса, фармкомпаниялар ошончо алып келишет. Кампалардан жеке коргонуу каражаттары жана бет каптардын калдыгын ала баштаганда кадимки убакка гана эсептелген санда чыкты. 3-февралда биз медициналык буюмдарды сыртка чыгарууга тыюу салдык.

Мындай тыюу салуулар бир катар өлкөлөрдө киргизилди. Кытай таптакыр тынып, ал жакта фабрикалар иштебей калган. Биз абдан кааласак да, сатып ала алмак эмеспиз. Ошондуктан бизге башка мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан жардам келе баштаган. Жеке коргонуу каражаттары дүйнө жүзү боюнча кескин тартыш эле. Марттын экинчи жарымында Кытай акырындап ишке киришти, калган өлкөлөр ага ошол эле жасалма дем алдыруучу аппараттарды, жеке коргонуу каражаттарын, бет каптарга буюртма бере баштады.

Ал эми биз колубуздагы нерседен тигүүгө кириштик. "Мадина" базарында жеке коргонуу каражаттарын даярдоого пайдаланылчу кездемелер сатыларын билдик, анткени алар калың жана көп ирет колдонулат экен.

Ишкерлер элге көмөктөшүп, коргонуу каражаттарын тиге башташты. Чумага каршы костюмдар даярдалды. Кымбат болдубу же арзанбы, муну экспертиза айтат. Бирок, эгер жаңылбасам, борборлоштурулган сатып алуу болгон эмес.

Кийин түшүнсөм, баары сатып алуудан коркушуптур. Борборлоштурулган сатып алуу, менимче, Дүйнөлүк банк тендер жарыялаган тушта, май же июнда гана башталды.

Мартта жалаяк чыгарган бир ишкана ага колдонулчу матадан бет кап тигүүгө өтүп, багытын алмаштырган. Ошто бир компания дакиден, кат-кат, көп ирет колдонулчу бет каптарды тигүүгө киришкен.

Кийин гана биз башка ишканаларга кандай болсо да бет кап тигүүгө уруксат бердик. Кандай таңсыктык болгону эсиңиздердеби? Дүрбөлөңгө түшүп, 50 сомдон сатышкан... Бизде бет кап өндүрүшү таптакыр жок экени билинди.

Ал эми баалар боюнча азыр мен эч нерсе айта албайм, республикалык штаб Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердигине сатып алуулар боюнча кийлигишкен эмес. Биз тапшырма гана бере алчубуз.

Каржы министрлиги акчаны, Милдеттүү камсыздандыруу фонду жана Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетине каралган каражаттарды да өз маалында бөлбөгөнү башка маселе. Бирок буга да түшүндүрмө бар эле, чек аралар жабык, экономика жарым-жартылай туруп калган, балким, кай бир жерде акча түшкөн эместир.

— 2018-жылы вице-премьерлик кызматка баратканыңызда өлкөдө өкмөт тез-тез алмашарын, көп учурда жогорку жетекчилер кылмыш жоопкерчилигине тартыларын түшүнгөн чыгарсыз. Анан күтпөгөн жерден пандемия каптады. Былтыр июлга чейин сиз эч качан сурак берип көргөн эместирсиз?..

— Жок, суракта болгон эмесмин.

Экс-вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова во время интервью
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Алтынай Өмүрбекова коронавирус пандемиясындагы абал тууралуу:"азыр, бир жылдан кийин, жетишерлик тажрыйба топтолгон соң "мындай кылыш керек эле, тигиндей кылуу зарыл болчу..." дегенге оңой. Бүгүнкү тажрыйба жана билимибиз болгондо мүмкүн баары башкача болмоктугун өзүбүз деле түшүнүп турабыз".

— Баары бир сизди да суракка алышарын жана башка нерселер болушу мүмкүн экенин түшүнгөн белеңиз?

— Эң кызыгы, бул жөнүндө көп ойлонгон эмесмин. Азыр андай ишеним азыраак, бирок ошол убакта мага мындай сезилген: эгер адам жакшы иштеп турса... Эми биз ушундай тарбияланганбыз: дайым мыйзам чегинде иш кыл, баарын туура аткар, ошондо эч кандай маселе жаралбайт.

Кийин балдарым жер карабагыдай, апасы качандыр бир жогорку кызматты ээлеп турганда бир нерсе жасап кетиптир дегидей иштөөгө абдан умтулгам...

Азыр ачылган иште күбө катары суралып жатам. Баары талданууда, баары чочулап турат. Менимче, азыр адамдарды жогорку кызматка чакырышса, алар биринчи кезекте: "Мага мунун зарылдыгы барбы? Маянасы анчалык көп эмес, дем берүүчү нерсе деген таптакыр жок", – деп ойлонушат. Мына сен ишиңди жакшы аткарып жатасың дейли, бирок жетекчилердин эч бири: "Азамат! Кел биз сага сый акы жазалы, чин берели", – дебейт. Мамлекеттик кызматта он жылдан ашуун иштедим, эч кандай чин, өкмөт, президент же башкасынан алган грамотам да жок.

Адамдар өздөрү чуркап, жакшы иштеп жатканын жар салып, документ тапшырарын байкадым... Бирок жеке мага мунун баары туура келбейт. Жогорку жактагылар өздөрү көрүп, баалап, сыйлап же чин ыйгарууга тийиш. Андайдын бири болгон эмес, негизи кереги да жок. Кеп башкада, чындап таза ниет жана умтулуусу бар адамдарды жалпы топко кошо айыптаганы ызалантат. Ар бирин жеке териштирүү кажет.

Ал эми COVID-19га каршы күрөш маселелеринде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердигинин майнаптуулугун текшерүү боюнча мекемелер аралык комиссия боюнча айтсам, азырынча анын докладын таба албадым. Брифингден гана үзүндүлөрдү көрдүм...

Эгер катачылыктар боюнча эми аларга жол бербегидей иш жүрө турган болсо, анда бул абдан туура аракет. Бирок менимче, андай нерселерди иш тартибинде, тынч жүргүзүү керек. Анткени пандемиянын жетер чегинен биз али аша элекпиз.

Баары жаңы штаммдан коңгуроо кагууда, коронавирус тынбай мутацияланып жатат. Мартта кырдаал курчушу мүмкүн дешүүдө. Врачтарды коркутуп албагай элек... Кай бир жерде медициналык коомчулукту экиге бөлүп салдык, мунун жыйынтыгы начар болушу ыктымал.

— Кептин төркүнү кайда?

— Комиссиянын корутундуларында врачтардын туура эмес аракеттери айтылат, кыйла белгилүү медиктердин ысымдары, маселен, башкы пульмонолог Талант Сооронбаевдин аты аталды.

Бул врачтар мекемелер аралык комиссиянын бүтүмдөрүнө макул эмес. Алар бул комиссиядагы адамдарга, балким, алардын иш билгилигине ишенишпейт чыгар. Башкача айтканда, булардын баары медициналык коомчулукту экиге бөлүп салышы ыктымал, ал эми азыр — аракеттерди топтоштуруунун убагы. Жыйынтык чыгарууга дагы көп убакыт бар. Жагдай иликтенип, баары жооп берүүгө тийиш экени турулуу иш.

Дегеним, биз баарыбыз — жогорку кызматка барып жаткан адамдар жоопкерчиликти аңдоого тийишпиз, туура белгиледиңиздер. Азыр мен ушундай жакшымын, аппак, айыпсызмын, эч нерсеге жооп бербейм дегеним чекилик болор. Эгер кетирген катачылыгымды көрсөтүшсө, жооп берем. Алар атайын кетирилгенби же атайын эмеспи, кеп ошондо, муну да териштирүү керек.

Канча адам өтүп кетти... Ким качан иштегенине карабай, ошол убактагы ар бир жетекчи, штабдын ар бир мүчөсү кеминде эле моралдык жоопкерчиликти тартат. Бирок муну кийинчерээк ишке ашыруу кажет. Биз ушул тапта кимдир-бирөөнү күнөөлүү деп көрсөтө салбашыбыз керек. Айрыкча врачтарды. Анткени эпидемиянын үчүнчү толкуну каптаса, дарылай турган эч ким калбайт.

Биз алардын дараметин өстүрүүгө тийишпиз. Албетте, биздин врачтардын кай бир жерде квалификациясы жетишсиз болгонун четке какпайм. Буга ким айыптуу?

Мен дагы жоопкерчиликти алам: биз мамлекеттик клиникалардын врачтарын билимин жогорулатууга жөнөттүкпү? Биз алардын өсүшүнө өбөлгө түзө алдыкпы? Алардын билимин өркүндөтүшүнө салым коштукпу? Жок!

Тескерисинче, атам замандагы жабдыктар, начар инфраструктура — мунун баарын биз моюнга алууга тийишпиз. Биздин дарыгерлер бүгүн базалык ставка менен 5 миң сом алып иштешет. Мамлекеттик клиникаларда толук ставкада иштеген врачтар эң көп дегенде 13 миң сом алышат. Алардын маянасын азырынча көбөйтүп бере албадык, баштапкы звенодон гана баштадык. Анан да жаңы жетекчиликтин, менин түшүнгөнүмчө, системаны жок кылууга тырышкандай... Албетте, мекемелер аралык комиссиядагы адамдар калыс болушун каалайсың.

Экс-вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова во время интервью
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Алтынай Өмүрбекова: "алдыда саламаттыкты сактоо тутумун реформалоо боюнча өтө чоң иш турат. Эмнеге аны сиз жүргүзгөн жоксуз деген суроо жаралаттыр. Жакшы адистер иштеп чыккан "2030" деген абдан сонун программа камдалган. Эмнелерди аткарууга аракет кылганыбызды убакытты албаш үчүн азыр айтпай эле коеюн. Эгер пандемия болбогондо, олуттуу өзгөрүүлөр жүрмөк".

— Комиссияга коронавирустан көз жумган адамдардын жакындарын кошуу канчалык туура болгон деп ойлойсуз? Атап айтканда, анын курамында пневмониядан каза болгон депутат Чыныбай Турсунбековдун кызы да бар. Жакындарынан ажыраган адамдардын ызасы бар, бул чоң кайгы. Бирок калыстык жана бейтараптуулук жактан алып караганда аларды иликтөө иштерине аралаштыруу туурабы?

— Мында алар канчалык калыс боло аларын бир өңчөй айта албайсың. Айтыш абдан кыйын. Ар бир комиссия тар чөйрөдөгү адистерден турууга тийиш, биз ага дайым жарандык коомдун да мүчөлөрүн кошуп келебиз. Негизи мындай иштер жасалып жүрөт.

Кеп алар кандай көлөмдө иш аткарганында. Мисалы, көзү өткөндөрдүн туугандарына, кандайдыр бир медициналык билими жок адамдарга клиникалык протоколдорду текшертүү, менимче, туура эмес.

Азыр толук түрдө калыс баа берилбейт, анткени биз кырдаалдан аягына чыга элекпиз. Ортодогу жыйынтыктарды, корутундуларды гана чыгара алабыз. Бирок бул өтө тынч, иш тартибинде, биргелеше аракеттешип жана абалды терең түшүнүп турган жагдайда жүрүүгө тийиш.

— Эч кимди эч ким менен кайраштыруу ниетибиз жок, бирок жакынкы убакка чейин мекемелер аралык комиссияны экс-вице-премьер Эльвира Сурабалдиева жетектеп келди. Президенттин инаугурациясынан кийин сиздер сүйлөшүп турганыңыздарды байкаган элек. Азыр коомдун башын бириктирүү жана үчүнчү толкундун алдын алууга аракет көрүү оң экенин айта алдыңызбы?

— Ал жакта бул туурасында айтуу орунсуз болмок, бирок мен буга чейин кайталап келгенимди азыр да айтам. Кайсы убак болбосун көмөктөшүүгө, билгендеримден бөлүшүүгө даярмын.

— Сизди чакырыштыбы?

— Жок. Мекемелер аралык комиссия мени бул штабдын ишин баштаган киши катары чакырбаганына таң калдым. Жардамдашууга кай кез болбосун даярмын. Аталган комиссия кийинки окуяларга көбүрөөк басым жасап, ошондуктан мени азырынча чакырышпагандыр. Эмнеге өлүм саны мынчалык арта түшкөнүн териштирүү маселеси кабыргасынан коюлган. Аша чаап кетип, натыйжада дарыгерлер садага чабылып калчудай тобокелдик бар. Болгондо да сыймыктуу дарыгерлер. Мисалы, ошол эле Талант Сооронбаев, өзү ооруп жатканда да Skype аркылуу ноокастарга кеңештерин берип турду. Телефонун өчүрүп, өз саламаттыгы менен алышып жатып алса деле жарашмак.

Эсиңиздерде чыгар, ал пульмонологдордун тобун түзгөн. Социалдык медиада өз телефон номерлерин тараткан. Биз баарыбыз аларга чалдык, консультация берип жатышты. Алардын үндөрүнөн чарчоо байкалып турса да оройлонгонун укпадым.

Азыр ошол адамдарды "иш билбейт" деген айыптоолорго абдан капа болуп турам. Биздин клиницист дарыгерлер өз тажрыйбаларына жараша туура иштерди аткарышты. Менимче, алар башка мамлекеттердин протоколдору менен да дайым таанышып турушту. Өзүм билемдик менен бир нерселерди ойлоп табышкан дебес элем.

— Биринчи толкун күч алганда, "каргашалуу июль" деп аталган убак Кыргызстан үчүн абдан кыйын кезең болду. Ошол убакта медиктердин ишине көз салып жатып, өзүңүз үчүн эмнени белгилей алдыңыз?

— Баа берүү канчалык туура экенин билбейм, бирок кайдыгер эмес жаран катары баары бир кадрдык катачылыктар кеткенин айтар элем. Пандемия күч алып турганда саламаттык сактоо боюнча өкмөт аппаратындагы жападан жалгыз экспертти иштен кетиришти. Маалыматты бүт билген, пандемия боюнча башынан бери иштеп келе жаткан, бул протоколдордун баарын жазып, алардын аткарылышына көз салган, тигил же бул маселе кайсы министрлик тарабынан иштелип жатканын так билген кишини эмнегедир кызматтан алышты... Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо башкармалыгынын башчысын алып салышты. Ал тургай азыр да коронавируска каршы күрөшкө киришкендердин арасынан эч кимди иштен албоо зарыл.

— Эмнеге андайга жол берилди?

— Суроону ошол адамдарга берүү оң. Билишимче, Саламаттык сактоо министрлигинин Дарылоо башкармалыгынын башчысынын ордуна сынак августта жарыяланып, октябрда гана жаңы кишини дайындашты. Ошончо убакыт бою министрликтин бүтүндөй бир бөлүмү жетекчисиз турду. Иш тартиби бузулууда. Ошол тушта, менимче, Саламаттык сактоо министрлигинде бирдиктүү иш жүргөн жок. Министр жана анын негизги орун басары ооруп калды. Алдыда жүргөндүктөн алар бейтаптар менен байланышта болгону түшүнүктүү.

Пандемиянын алгачкы баскычында президенттик аппарат бүт эпидемиологго айланып калган. Баары Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине бир нерселерди таңуулоого аракет кылышкан. Балким, бул дагы катачылык болгондур, биз адистердин ордуна саясатчыларга көбүрөөк кулак салдык. Ошондогу министр Космосбек Чолпонбаев келгиле, адистерди тыңдайлы деп кийлигишпөөнү өтүнгөн. Ал убакта баары өздөрүн инфекционист жана эпидемиолог сезип алышкан.

Эгер ошондо күндүзгү стационарларды ачуу туура чечим деп эсептесем, азыр аларды ачуунун кажети жоктугун түшүнүп отурам. Эгер кырдаал кайталанып калса, бир аз башкачараак аракет кылуу керек.

Иш жүзүндө алар бир жагынан инфекцияны таратуучулардан болушту. Элестетиңиз, кай бири такси, айрымдары коомдук транспорт менен ал жакка жетип, кайра үйлөрүнө кетип жатышты. Эгер алар илдет жуктурган болсо, анда инфекцияны жайылтып жүрүштү.

Азыр кайрылуулар боюнча мобилдик бригадаларды түзүү зарыл. Алардын саны көп жана бензин, автотранспорт, тийиштүү бардык нерселер менен толук камсыздалууга тийиш. Бул жеңил формада ооругандар үчүн. Башкысы, вирус сыртка чыкпагыдай иштөө зарыл!

Июнь-июль айларында Курулушчулар ассоциациясы мага: "Биз Мамлекеттик курулуш агенттигине жазганбыз, азырынча жооп ала албадык. Эгер мүмкүнчүлүгүңүз болуп калса, жетекчиликке жеткирип койсоңуз. Биз "Ысык-Көл" мейманканасын өз эсебибизден ремонттоп берүүгө даярбыз. Ал жети кабат. Жабдып, керебеттерди коебуз", – деп кайрылды. Ал имаратка кеминде эле миң киши жата турган госпиталь уюштурууга болот.

Бул туурасында премьер Бороновго жана биринчи вице-премьер Батырбековго да айткам. Алар куруучулар менен байланышарын билдиришкен, бирок кийин антпегендерин түшүндүм.

Киев көчөсүндөгү атайын оорукананы бошотууну сунуштагам, анткени ал жакта жандандыруу бөлүмү бар. Атайын оорукана бейтапканасы менен чогуу COVID-19га кабылган ноокастар үчүн стационарга айлантууга толук даяр.

Экс-вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова во время интервью
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Алтынай Өмүрбекова: "жумушсуз 10 ай отуруп, менде мамлекеттик кызматка тиешеси жок пландар жаралды. Эң башкысы, чарчап калбаш керек. Мен сымал кишилер арбын, адамдар мамлекеттик кызматта чарчап бүтүшөт".

— Айтмакчы, эмнеге аны коронавируска кабылган бейтаптар үчүн ачышкан жок?

— Бул президент жана өкмөттүн иш башкармалыгына берилчү собол, оорукана анын карамагында. Менимче, ал жакка катталган ноокастар бейтапканаларга деле көрүнө алышмак. Аны кайра жабдууга бүгүн деле кеч эмес.

Анын ордуна Улуттук госпиталда COVID-19га кабылгандар үчүн бөлүм ачышты. Башкача айтканда, эки корпус, биринде вируска кабылгандар, экинчисинде калган бейтаптар жатат. Жуктуруп алуу толук мүмкүн. Ошондуктан келечекте тигил же бул саламаттык сактоо уюмун коронавирусту жуктургандарды дарылоо үчүн толугу менен бошотуу абзел.

— Азыр атайын оорукананы курушкандай болушту го...

— Ооба, 100 орундуу. Кокус ал жетпей калсачы? Баса, биз өз ара жоопкерчилик жөнүндө айтышыбыз керек. Адамдар көбүнчө: "Өкмөт кайда карап отурат?" – деп наалышат. Ошол эле убакта биз бет кап тагынбайбыз, жөнөкөй эле сактык чараларын көрбөйбүз. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна төгүм төлөбөйбүз. Баары акысыз болсун деп гана талап кылабыз. Баары жөн эле бекер болгон бир дагы өлкө жок. Жарандар убагында камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт, кийин алар ошого жараша тейленет.

Алдыда саламаттык сактоо тутумун реформалоо боюнча өтө чоң иш турат. Эмнеге аны сиз жүргүзгөн жоксуз деп сурагыңыз келер. Жакшы адистер иштеп чыккан "2030" деген абдан сонун программа камдалган. Эмнелерди аткарууга аракет кылганыбызды убакытты албаш үчүн азыр айтпай эле коеюн. Эгер пандемия болбогондо, олуттуу өзгөрүүлөр жүрмөк.

Өткөн жылга электрондук саламаттык сактоону толук кандуу киргизүү, бейтапканалардын деңгээлинде баштапкы медициналык-санитардык жардамды толук күчтөндүрүү пландалган. Ал эми бүгүн, тескерисинче, ал бейтапканаларды ооруканаларга каратууга (баш ийдирүүгө) ашыгып жатышат...

— "2030" программасын ким демилгелеп чыккан?

— Донорлорду тартуу менен өкмөт, алар эксперттерди тийиштүү министрликтен эле эмес, башка жактардан да жалдашкан. Дагы бир программа бар, анда баштапкы жардам жана алдын алууну күчөтүү туурасында камтылат.

Ал эми бүгүн биз тескерисинче, акчанын баарын экинчи жана үчүнчү жардамга, башкача айтканда, керебеттер жайгашкан деңгээлге сарптоодобуз. Адамдар эбак өтүшүп кеткен оорулардан дарыланууга барышат. Эч кандай алдын алуу, биринчи деңгээлде көрүнүү маданияты жок.

— Этиятсыздыктар медицина коомчулугуна жик саларын айттыңыз жогоруда. Кеп төркүнү эмнеде?

— Баары сүйлөшүүгө чогулушсун, бул көйгөйгө тиешеси бар адамдардын бардыгын топтоого чакырууну сунуштар элем. Муну дайым эле түз эфирде кылуунун кажети жок. Кесипкөйлүк менен талкуулап, ар ким өз көмөчүнө күл тарта бербестен, жалпы жолдорду иштеп чыгуу абзел.

Албетте, бизде өздөрүн тажрыйбалуумун деп санаган айтылуу дарыгерлер бар, ошону менен бирге эле англис тилинде көп адабияттар менен таанышып турган жаш докторлор да жок эмес. Алар анчалык дасыга элек болсо да, теориялык билимге ээ. Бардык аракеттерди бириктирүүнүн мезгили келди.

Мен иштен кетерден мурдараак мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев менен кезиккем. Ал кесиптештери менен илимий-консультативдик кеңеш түзгөн, ага англис тилин билген белгилүү медиктер кирген. Талант Абдуллаевич: "Бул сиздерге жардам. Жөн карап отура албайбыз, бардык адабияттарды, чет элдик клиникалык протоколдорду окуп чыгабыз. Аларды которуп, сиздерге берип турууга аракет кылабыз" – деген.

Биз кызматташуу тууралуу макулдашканбыз, бирок менимче, алар штаб менен иштешкен жок. Бирок аталган уюм макалаларды жарыялап турду.

Европа баарын жабууда. Кийинки толкун бизди кыйгап өтөт дебейм, биз деле чоң дүйнөнүн бөлүгүбүз. Биз да толук даяр турушубуз керек, азыр эч кимди иштен кетиргенге, бирөөлөрдү капа кылганга болбойт. Тилекке каршы, менимче, эбак бирөөлөрдүн көңүлүн чөгөрүп койдук. Мамилени кайра жакшырта аларыбыз күмөн... Бирок али да кеч эмес!

Республикалык штаб тажрыйба топтогондордун баарын чакырып, коомдук башталышта көмөктөшүүгө тийиш.

— Эгер ошол тушта Сооронбай Жээнбековдун ордуна президент болгонуңузда кандай кылмак элеңиз? "Президент кана, эмнеге элге кайрылбайт?" деп суроо салгандар көп болбодубу.

— Же президенттин маалымат кызматы аны ашкере коргой бердиби, же өзүнөн ушундай көрсөтмө болдубу, ким билсин?.. Эсиңиздерде болсо, ал киши элге чыга берүүнү көп жактырчу эмес. Мухаммедкалый Абылгазиевге: "Сингапурдун премьерин караңызчы, күн сайын колуна папкасын алып, элге чыгууда. Мына мен сүйлөп жатам, бирок мен киммин? Болгону вице-премьермин. Адамдар кооптонуп турат, кеминде эле алар премьер-министр же президенттен кырдаал көзөмөлдө экенин, муну-тигини жасап жатабыз деген кабарды уккусу келет... Биз аткарып жаткан иштердин ийне-жибине чейин түшүндүрүүнү күтөт" – дечүмүн.

Иш кайнап турган, күн сайын штабдар, балдар күнү-түнү нөөмөттө, чек араларда санитардык-карантиндик пункттар иштеген, баары аткарылып турган. Бирок аларды элге көрсөтүү керек эле! Ал эми президент негедир бул багытта активдүү болгон жок, чанда гана элге чыкчу.

Премьер-министр да, менимче, президенттен озунуп активдүү болгусу келген жок. Анан мындай ишке биз кызуу киришүүгө аргасыз болдук. Жаңы президенттин аппараты муну эске алып, министрлик жана мекемелердин маалымат кызматтарына таңуулабайт деп ишенем.

Өкмөттүн басма сөз кызматына кимди көрсөтүп, кимди кесип салуу керектигин баары бир жогортон таңуулашкан. Алар (басма сөз кызматы – ред.) президенттин аппараты же дагы башка бирөөлөр менен макулдашып-макулдашпаганын билбейм. Бирок кимге эмне кылышты, кимге эмне айтышты, кимге брифингде чыгып сүйлөө керектиги өңдүү так тапшырмалар берилип турганын байкагам.

— Садыр Нургожоевичтин командасына да андай адамдар келип калсачы? Баарынан кабардар болуп туруу, тизгинди алдырып ийбегидей же эмне кылышты башкалар таңуулабагандай кылып, ишти кантип жөнгө салуу зарыл?

— Бүгүн технологиялар баарынан кабардар болуп турууга мүмкүндүк берет. Акаевдин убагында ага эмнени ылайык деп эсептешсе көрсөтүп, ал эми терс жагдайларды жаап-жашырууга тырышышкан эмеспи... Бул дайым аткаминерлердин көйгөйү болуп келген. Биз аларды капа кылуудан, көңүлүн калтыруудан, жаман жаңылык айтуудан чочулайбыз. Садыр Жапаровдун социалдык медиадагы активдүүлүгүн эске алсак, бул маселеде ал лидер болот деп ойлойм. Албетте, дайым иш көп, бирок ар кандай маалыматтарды окуу, аны сындагандарды көбүрөөк көрүүгө, маалыматтарды текшерүүнү үйрөнүүгө мүмкүндүк бар. Жетекчиге элге жакын болуу, маалыматты өзгөчөлүк (креативдүүлүк) менен жеткирүү өтө маанилүү.

"Терек" платформасы иштеп кетпегени абдан кейитет, биз аны гуманитардык жардамга көз салуу жана каттоо үчүн түзүүгө аракет кылган элек. Бир күнү мага депутат Алтынбек Сулайманов менен ишкер айым Назира Бейшеналиева кайрылды. Алар көмөктөшкүсү келгенин, бирок бизнес өкмөткө анчалык ишене албасын айтышты. "Биз жалпы бир казанга – Финансы министрлигинин алдында ачылган эсепке акча чогулткубуз жок. Сиз бизге кайсы ооруканага эмне керек экенин айтыңыз, биз даректүү жардам көрсөтөбүз" дешти.

Иш столумда жаткан саламаттык сактоо уюмдары жана алардын муктаждыктары тизмектелген чоң плакатты көрүп: "Эмнеге булардын баарын санарип форматта жасоого болбосун?" – деп калышты. Ой ошентип жаралган. Ага Программалык камсыздоо жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттиги кошулду. Программа 11-апрелде даяр болгон. Потенциалдуу демөөрчү кайсы оорукана эмнеге муктаж экенин акысыз көрө алмак. Бирок платформаны алигүнчө эч ким колдонгон жок, болбосо, бул абдан чоң эмгек эле.

— Эгер мамлекеттик аппаратка кайтууңузду суранышса, үчүнчү толкун капташы мүмкүн экенин билип туруп, макул болор белеңиз?

— Жумушсуз 10 ай отуруп, менде мамлекеттик кызматка тиешеси жок пландар жаралды. Эң башкысы, чарчап калбаш керек. Мен сымал кишилер арбын, адамдар мамлекеттик кызматта чарчап бүтүшөт.

Жумушсуз отурган алгачкы айларда жарылчудай болуп тургам, тажрыйбамды кайда катарымды, аны эмне кыларымды билбей кыйналдым. Кайдадыр адамдар айланчыктап турганын, көйгөйдү көрүп турам, бирок эч ким жардам сурабайт.

Эмоционалдык жактан татаал болду, ал тургай депрессияга кабыла баштагам. Албетте, кандайдыр бир таарыныч бар, бирок өзүңө карата калыс болуш кыйын эмеспи.

Бизнеси жок адам катары жакшы маяналуу иш издөөгө кызуу кириштим. Азыр вазийпамды мындайча көрөм: эмне иш менен алектенбейин, бул пайда алып келүүгө тийиш. Ушул тапта мамлекеттик кызматка баруу эң оболу кооптуу болуп калды.

Алтынай Өмүрбекова менен баарлашуубуз абдан кеңири да, маңыздуу да болду, ошондуктан маекти эки бөлүк менен жарыялоону эп көрдүк. Экинчи бөлүк эртең чыгат, акмалап туруңуздар.

Тема боюнча

Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова суракка чакыртылды
Белгилер:
Алтынай Өмүрбекова, өкмөт, кызмат, Сооронбай Жээнбеков, пандемия, дарыгер, комиссия, штаб

ЭҢ МААНИЛҮҮ