Медиктерге компенсация төлөө мыйзамы өзгөрдү. Кошумча акча алуунун жол-жобосу

© REUTERS / STEPHANE MAHEМедициналык кызматкер иш учурунда. Архив
Медициналык кызматкер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызмат учурунда коронавирус жуктурган медиктердин компенсациясынын көлөмү өзгөрүп, мурдагыга салыштырмалуу азайды. Ал эми каза тапкандардын жакындарына төлөнчү каражат көбөйдү. Себебин Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.
2021-жылдын январь айынан тарта кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлери мурдагыдай 200 миң сом эмес, 75 миң сом компенсация алмай болушту. Ал эми оорудан көз жумган ак халатчандардын жакындарына 1 миллион сом эмес, болжол менен 2 миллион 800 миң сом берилет. Бул тууралуу буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирген.
Ал мындай жаңылыкты "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен түшүндүргөн. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган мыйзамды карап, медиктерге кандай жеңилдиктер каралганын билип көрдү.

Компенсациянын мурдагы көлөмү

2020-жылдын жаз айында өкмөт өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып коронавирус жуктуруп алган саламаттык сактоо уюмдарынын медицина жана башка кызматкерлерине 200 000 сом, ал эми каза тапкан медиктердин жакындарына 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү боюнча буйрук чыгарган. Документке ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Федеральный клинический центр высоких медицинских технологий ФМБА в Химках - Sputnik Кыргызстан
Штаб: коронавирустан көз жумган 30 медиктин жакындарына 1 млн. сом төлөндү
Бирок быйыл "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргендиктен, өкмөттүн мурдагы буйругу күчүн жоготту. Андыктан компенсация эми өзгөртүлгөн мыйзамдын негизинде төлөнөт.
Негизи бул мыйзам сегиз жыл мурда, Алмазбек Атамбаев президент болуп турган убакта эле кабыл алынган. Бирок пандемия эл өкүлдөрүн мыйзамга бир катар маанилүү, анын ичинде компенсация төлөөгө байланышкан толуктоолорду киргизүүгө түрткөн. Өзгөртүлгөн мыйзамга 2020-жылдын 29-июнунда ошол учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Андан соң өкмөт тарабынан төлөм тартибин аныктай турган механизм иштелип чыгып, мыйзам 2021-жылы күчүнө кирди.

Өзгөртүлгөн мыйзамда кандай артыкчылыктар бар?

Мыйзамдагы жоболор мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген медиктерге гана тиешелүү. Бирок көрсөтүлгөн жагдайларда ишке жеке клиникалардын медицина кызматкерлери тартылган болсо, анда бул алты пункт аларга да байланыштуу болот.
Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими маалында медиктерге төмөнкү шарттарды түзүп берүү зарыл:
  • үйдөн жумушка жана кайра үйгө чейин транспорт;
  • тийиштүү коргонуу каражаттары (бет кап, көз айнек, костюм, бахила, антисептик жана башкалар) — коопсуз иштөөгө мүмкүндүк берген көлөмдө;
  • талаптагыдай эмгек шарттары менен камсыздоо.

Компенсациянын азыркы көлөмү

Эгер медицина кызматкерлери ӨК же ӨА режими убагында саламаттыгын тобокелге салуу менен кесиптик милдетин аткарса, аларга компенсация кошумча каралат. Аны министрлер кабинети аныктайт, бирок өлчөмү ээлеген кызматына жараша төрт окладдан кем болбоого тийиш.
Саламаттык сактоо министрлигинин юристтеринин айтымында, бул — иштегенине жараша айлык маянага кошулуп төлөнүп берилчү акча.
ӨК же ӨА режими убагында санитардык-карантиндик зонада эмгектенгендерге оор жумуштар, зыяндуу жана оор эмгек шарттары менен иштөө режими белгиленип, медиктерге ээлеген кызматына жараша 10 окладдан кем эмес өлчөмдө компенсация каралат. Алардын өлчөмүн да өкмөт аныктайт.

Бир жолу төлөнө турчу компенсация

Эгер медицина кызматкери ӨК же ӨА убагында кызматтык милдеттерин аткарып жүрүп ооруп калса же жаракат алса, бирок майып болбосо, анда ээлеген кызматына жараша 15 окладдан кем эмес бир жолку жөлөк пул төлөнөт.
Саламаттык сактоо министрлигинин юристтери түшүндүргөндөй, мыйзам боюнча кызмат учурунда оору жуктуруп же жаракат алгандардын айлык маянасы эмес оклады эсептелет. Ошол себептен алар болжол менен 5000 сом окладды алып, аны 15ке көбөйтүшкөн. Жыйынтыгында 75 миң сом чыккан. Белгилей кетсек, бул болжолдуу эсептөө. Кенже медперсоналдардын алчу акчасы мындан аз болуп калышы ыктымал.
Эгер медик ӨА жана ӨК режиминде өз милдетин аткаруу убагында кабылган илдеттен көз жумса, анда анын үй-бүлөсүнө маркумдун жыйырма жылдык орточо маянасынан аз эмес өлчөмдө бир жолку жөлөк пул төлөнөт.
Медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноябрда коронавирус менен күрөшкөн медиктердин саны жана компенсациянын суммасы
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон медиктердин жакындарына өзгөртүлгөн мыйзам боюнча болжол менен 2 миллион 800 миң сом төлөнөрүн кабарлаган.
Бул сумма кандай эсептелгенин министрликтин юристтери түшүндүрүп берди. Алар мында оклад эмес, каза болгон медиктин жыйырма жылдык айлык маянасы эсептеле турганын белгилеп кетишти. Юристтер финансисттер менен акылдашып, болжол менен 12 миң сомду алышкан. Анткени бул сумманын ичине оклад, иштөө коэффициенти (КТУ) жана башка төлөмдөр кошулат. 12 миңди 12 айга көбөйтүп, андан соң 20 жылга көбөйткөндө 2 миллион 800 миң сом чыккан. Юристтер бул болжолдуу гана эсептөө экенин эскертишти.
Эгер ӨА же ӨК шарттарында кесиптик милдетин аткаруу убагында медик ооруга кабылып, анын айынан таптакыр же белгиленген жагдайларда бир жыл өткөнчө иштей албай турган болсо, анда бир жолку жөлөк пул төлөнүп берилет.
  • I топтогу майыпка — жабыр тартуучунун 10 жылдык орточо маянасынан кем эмес;
  • II топтогу майыпка — жабыр тартуучунун 8 жылдык орточо маянасынан кем эмес;
  • III топтогу майыпка — жабыр тартуучунун 5 жылдык орточо маянасынан кем эмес.
Бир жолку төлөм Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен берилет.
Балдар кардиологиясы бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты Самидин Шабыралиев - Sputnik Кыргызстан
Хирург Шабыралиев: операцияга кезек жетпей чарчап калган бөбөктөр бар, шарт начар
Мындан тышкары, медкызматкерлерди эмдөөгө, иш убагында кабылган дартынан дарыланууга кеткен чыгымдары мамлекеттик жана муниципалдык медициналык уюмдардын өз эсебинен төлөнүп берилет. Ушул эле пунктуга милдеттүү медициналык кароолор да тиешелүү. Буга чейин медиктерге мындай жеңилдиктер жок болчу.
Белгилей кетсек, бул компенсациялар бир гана коронавирус жуктуруп алуу учуруна гана байланыштуу эмес. Бул өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда иштеген медиктерге тиешелүү. Ошондой эле аскердик же ИИМде иштеген медиктерге мыйзамдагы бул толуктоолор таптакыр тиешеси жок экенин юристтер эскертти.
Компенсациялар дароо ак халатчандардын колуна тийбей турганын да белгилеп кетүү зарыл. Сөзсүз комиссия карап чыгып, андан кийин берилет. Ишти мурдагыдай Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия текшербейт, ар бир саламаттык сактоо мекемесинде түзүлгөн комиссия иликтеп, текшерип анан каражат бериле турганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0